Кыргызстан Кытай менен кызматташтыкты күчөтүүдө

311
0

Кыргызстан Кытай менен кызматташтыкты күчөтүүдө

         17-майда президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга барды. Президент сапардын алкагында Кытайдын лидери Си Цзинпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки өлкөнүн кызматташтыгын арттыруу боюнча маселени талкуулады. Cүйлөшүүнүн жыйынтыгында 20дан ашык документке кол коюлду.

         Анын ичинде эки өлкө ортосунда соода-алаканы өнүктүрүү, айыл-чарба, энергетика тармагында кызматташуу боюнча келишимдер бар. О.э Кыргызстанда жаңы энергия булактарын (электромобилдерди) пайдалануу менен автомобилдерди жыйноочу завод куруу боюнча тараптардын ортосунда келишим түзүлдү. Кол коюлган документтердин көпчүлүгү Кытайдын өлкөдөгү сакофий таасирин күчөтүүгө багытталган.

         Мындан тышкары, Кытай Кыргызстанга бир катар артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга грант бөлүп бермекчи. Жапаров кытайлык ишкерлер менен болгон жолугушууда ГЭС куруу боюнча ири долбоорлорго катышууга чакырды. Анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууда кызматташуу боюнча сунуштар да айтылды. Жапаров өз сөзүндө ишкерлер үчүн виза инвестициянын көлөмүнө жараша 5-10 жылдык виза бериле турганын кошумчалады.

         Буга чейин Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы визаны жокко чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.          Мындан тышкары, Бишкекте Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борбору ачылган.  Бул борбор ШКУнун сунуштарын ишке ашыруу алкагында аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, терроризм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана транс чек аралык уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү максатын көздөйт.

         Белгилүү болгондой, кудайсыз кытай өкмөтү намаз окууну, орозо кармоону, эркектердин сакалы менен аялдардын хижабын да терроризм жана экстремизмдин белгиси деп эсептейт. Кыргыз өкмөтү менен боло турган кызматташтыкта да, ошол исламий баалуулуктар жайылышынын алдын алууну о.э. Кытайга каршы маанай жаратууда негизги орунду ээлеген исламий жамааттар менен активдүү мусулмандарга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылары анык. Булар экстремизм жана сепаратизм шылтоолору астында алып барылат.

         Түпкүлүгүндө, Кытайдын аймактагы таасири артышы мусулмандардын кызыкчылыгына каршы келерин унутпашыбыз керек. Айрым инфраструктураны жакшырткан долбоорлорго алданбашыбыз зарыл. Анткени, бул долбоорлор Кытайга көз карандылыгыбызды дагы да күчөтөт. Буга кошумча, Кытайдан алынган кредиттер кайра эле өз компанияларына жумшалат. Бишкек ЖЭБин оңдогон, жол курган компаниялар буга ачык мисал.

         Жогорудан маалым болгондой, Кыргызстан Кытай менен болгон кызматташтыгын мындан ары күчөтүшү күтүлөт. Тагыраагы, Кытайдын Кыргызстандагы саясий, экономикалык, аскерий жана сакофий таасири артмакчы. Муну жогорудагы келишимдер жана пландалып жаткан долбоорлор да күбөлөп турат. Анын максатын тездетишине Орусиянын эл аралык майдандагы позициясынын алсырашы жана экономикалык чабал абалы түрткү берүүдө.

         Кыргыз өкмөтүнүн Орусия чеңгелинен кутулуу жолунда Кытай тарапка жүздөнүшү бул “жамгырдан качып, добулга тутулуу” сыяктуу иш болуп эсептелет. Бул нерсе мамлекеттин келечеги жана мусулман калктын  ыйман-ишеними үчүн олуттуу коркунуч. Бирок, расмий өкмөт Кытай бере турган грант жана карыздардын акысына кытайлык компанияларга мамлекеттин эшиктерин кеңири ачып берүүдө. Азыр Чыгыш Түркстандагы мусулман боордошторубуздун башына түшүп жаткан зулумдар көпчүлүк үчүн жомок сыяктуу сезилүүдө. Турмуш чындыгында Кытайдын баскынчылыгы активдүү түрдө кирип келе жатат. Анын Кыргызстандагы “Коопсуз шаар” долбоору же атайын келишим аркылуу орнотуп жаткан камералары эч кандай жол коопсуздугу же жарандар коопсуздугу үчүн киргизилген эмес. Эгер чындап коопсуздугубуз көздөлсө, аны мамлекет өзү да ишке ашыра алмак. Ал тургай, буга чейин бир нече шаарларда, а түгүл кичи райондордо мындай коопсуздук долбоорлору ийгиликтүү ишке ашырылган.

         Демек, бийлик ээлери бул долбоорлор аркылуу кытайлыктардын биздеги маалыматтарды алып чыгып кетишине жол ачып берүүдө. Бул болсо, учурунда Кытайдын баскынчылык саясатына кызмат кылат. Эгер Кыргызстан Кытайдын атеисттик сакофий колониясына айланса, мусулман уйгурларды арак ичүүгө мажбурлап, аларга рамазанда чочко этин жедирип, Куран окушуна тыюу салган, миллиондогон бейкүнөө мусулманды атайын лагерлерге мыйзамсыз камап, көпчүлүгүн жок кылган жылма саясаты бул аймакта да колдонулбашына эч ким кепилдик бере албайт. Анткени, Кытай Чыгыш Түркстандагы репрессиясын баштоонун алдында ондогон жылдар жарандарын сакофий колония кылуу менен убара болду. Себеби, калктын пикири өтө күчтүү курал болуп эсептелет. Эгерде ал бийликтин пикири менен бириксе, улуу жана кудуреттүү курал жана калканга айланат. Андыктан, биз мусулмандар буга окшогон үммөттүн кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге жана динсиз Кытайдын аймактагы баскынчылык саясатына каршы турушубуз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here