Кафир Батыш мамлекеттеринин өлкөлөрүбүздөгү камдардагы мурункудай туруктуу эмес

567
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Кафир Батыш мамлекеттеринин өлкөлөрүбүздөгү камдардагы мурункудай туруктуу эмес

Уммат өзүнүн оор абалын дагы да жакшы түшүнүп барууда. Ал зарыл өзгөрүүнү ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген пикирий жана саясий аң-сезимге ээ болду. Ал эми, кафир Батыш мамлекеттеринин кадамдары өлкөлөрүбүздө мурункудай бекем эмес. Тескерисиче, Умматтын аң-сезими өскөндүктөн Батыш титиреп, тең салмактуулугун жоготууда, ар дайыма жаңылышып, пландары тескерисине натыйжа берип жатат. Ал тургай, кафир Батыш бардык окторун атып түгөттү десек да болот. Калыс аракет кылып жаткан адамдардын аң-сезиминин натыйжасында жана оболу Аллах Тааланын фазилети менен Батыштын октору өз малайларына тийип өлтүрдү жана айла-амалдарын жокко чыгарды.

Бул улуу Умматка – анын катарындагы жөндөмдүү, өз убадасында турган жана татыктуу адамдарга – Роббиси тарабынан нусрат жана үстөмдүк убада кылынган. Аллах Таала айтат:

﴿وَعَدَ اللهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئاً وَمَن كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُوْلَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ﴾

«Аллах силерден ыйман келтиргендерге жана жакшы амалдарды кылгандарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушундан кийин куфрону (ниъмат) кылса, анда, алар фасыктар»                                                                        [24:55]

Бүгүн Умматтын иш-аракети дагы эле күчөп барууда. Уммат өз жашоо таризин Роббисинин өкүмдөрү менен тартиптештирди, багытын өзүнүн каны менен сызды, бул жолдо жанын жана бир боорлорун курман кылды. Тарых Ханса жөнүндө риваят кылган. Шам аялдарынын бардыгы хансаларга айланды. Тарых жетекчи жигиттер жөнүндө айткан. Бүгүнкү жигиттерибиздин бардыгы өздөрүнүн эсепсиз курмандыктары жана кайраты менен ушундай жетекчилер болууга ылайык болушту… Анткени, алар Аллахка жүздөнүп, Анын буйруктарына амал кылышты, бул жолдо алардын айрымдары өз убадасын аткарышты т.а. шейит болушту, айрымдары болсо шейит болууга ынтызар. Алар мунафыктарга окшоп Аллахка берген убада-шерттерин өзгөртүшкөн жок.

 Роя гезити, №441, 2023-жыл, 3-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here