АКШ борбодук командачылыгынын командачысы яхудий аскерий командачылары менен бешинчи ирет жолугушту

523
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

АКШ борбодук командачылыгынын командачысы яхудий аскерий командачылары менен бешинчи ирет жолугушту

АКШ борбордук командачылыгынын (CENTCOM) командачысы генерал Майкл Курилла яхудий вужудунун аскерий командачылары менен жолугушуу үчүн 2023-жылы 26-апрелде басып алынган Фалестинге келди. Яхудий армиясынын Твиттердеги баракчасында «генерал Курилла (израиль) армиясынын башкы штаб башчысы генерал-майор Херци Ха-Левинин сунушу менен (израилге) келгендиги, 27-апрелде (израиль) армиясынын базаларына барып, жогору кызматтагы АКШ расмийлери менен жолугушуу өткөрүлүшү» айтылды. Курилланын сапар мөөнөтү белгиленбеген. Анын яхудий вужудуна сапары 2022-жылы апрелде кызматка дайындалгандан бери бешинчи ирет болууда. Акыркы сапары өткөн жылы ноябрь айында болгон.

Роя:

Америка Ислам Умматынын ойгонушун, биригишин жана Халифалыкты тикеленишин алдын алуу үчүн Умматка каршы күрөштө яхудий вужуду региондогу биринчи фронт деп билет. Ошондуктан, Умматты яхудий вужуду менен алек кылып, бул вужудду региондо мокочо кылып көрсөтүүдө жана ал ар кандай чабуулдарды жасашына уруксат берүүдө. Бирок, муну менен бирге, Америка яхудий вужудуна өз аймагынан тышкарыга чыгышына уруксат бербейт. Мисалы, Америка 1982-жылы яхудий вужудун Ливанга киргизди, андан кийин ал жерден чыгарды. Себеби, Америка яхудий вужуду таасирге ээ болуп, регионду бир өзү көзөмөлдөшүн каалабайт. Тескерисинче, яхудий вужуду Американы артынан ээрчип, анын буйругу менен аракет кылышын каалайт. Учурда, Америка Кытай маселеси жана Россия-Украина согушу менен алек болгондуктан яхудийлердин Иранга чабуул жасашына уруксат бербей жатат.

 Роя гезити, №441, 2023-жыл, 3-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here