Иран президенти яхудий вужуду ушул күнгө чейин жооп кайтарууга ылайык каталарга жол берди деп эсептебей жатабы?!

1229
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Иран президенти яхудий вужуду ушул күнгө чейин жооп кайтарууга ылайык каталарга жол берди деп эсептебей жатабы?!

Шейшемби күнү Иран президенти Иброхим Раисий эгер яхудий вужуду бирер ката кылса, Хайфа жана Тель-Авивди «ойрон кылуу» менен коркутту. Раисий муну Иран армиясы күнү сүйлөгөн сөзүндө айтты. Бул жалган билдирүүгө жөнүндө Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндин маалымат бөлүмү түшүндүрмө жарыялап, ушул суроолорду ортого салды: «Иран режими эмне үчүн ушунча коркутууларын иш жүзүндө көрсөтпөйт же ал яхудий вужуду Иран армиясын аракетке келтирүүгө ылайыктуу эч бир катага жол бербеди деп эсептеп жатабы?! Сирия калкы Иран режими өзүнүн мазхабпарас согушкерлерин жөнөтүп, аларды кыргын кылышына ылайыктуу каталарды жасадыбы?! Ал эми, яхудий вужуду Иран режиминин бир дана ок атышына себеп болгон каталардын бирин да жасабадыбы?! Расулуллах ﷺдын Исро жери басып алынышы армияны сапарбар кылууга арзыгыдай ката болуп эсептелбейби?! Мусулмандардын өлтүрүлүшү, күн сайын репрессия кылынышы жана Акса мечитине чабуул кылынышы Ислам Умматына душмандык менен суугарылган Иран режиминин мүнөзү боюнча Иран армиясын аракеттендирүү үчүн зарыл ката болуп эсептелбейби?!»

Түшүндүрмөдө ушулар кошумчаланган: «Ирандагы мазхабчыл режим бул сыяктуу жалган билдирүүлөрү менен Ислам Умматына каршы өз кылмыштарын эч качан жашыра албайт. О.э. Америкага Афганистан жана Иракты басып алышына, ыдыратышына жана кыргын кылышына жардам бергенин актай албайт.

Бул кылмышкер Иран режими мубарек жер үчүн эч кандай жардам кылган жок, тескерисинче, яхудий вужудун бекемдеди. Ошондуктан, Уммат саткындыгы алда качан ачыкталган мындай батышчыл режимдерди кулатышы шарт».

 Роя гезити, №440, 2023-жыл, 26-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here