Фалестинди азат кылуу – яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштырып жаткандар эч качан жүзөгө чыгара албай турган сыймык

683
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Фалестинди азат кылуу – яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштырып жаткандар эч качан жүзөгө чыгара албай турган сыймык

Бүгүнкү күндө Ислам Умматы яхудий вужудунун турушу жана өз кубаты менен мактанышы куру кыялдан башка нерсе эместигине, эгер ал Фалестин режими жана айланасындагы араб мамлекеттери тарабынан күч жана мүмкүнчүлүктөр менен камасыздалбаса, тирүү калбастыгына анык ишенген Умматка айланды. Бул вужуддун тирүү калышына жана ачыктан-ачык душмандык менен кекирейишине бул мамлекеттер аны менен экономикалык, аскерий, коопсуздук келишимдери аркылуу мамилелерди нормалдаштырууну өз мойнуна алышканы себеп болууда. Анткени, яхудий вужуду Ислам Умматы менен чыныгы согушка т.а. келген жайына кууп, күлүн көккө сапыра турган согушка кирбегенин, көз каранды режимдер менен тил бириктирип жасалма согуштарга киргенин, бул режимдер яхудийлерге каршы согушпай жатышканын адамдар алдында актоо үчүн яхудий вужудун «дөө» кылып көрсөтүп жатышканын абдан жакшы билет.

Анткени, тастыкталган фактылардын бири ушул: качан яхудийлер менен реалдуу согуштук кагылышуу болсо, мусулман кошуундары жана согушкер жамааттар ар дайым жеңип чыгышкан. Мусулмандар яхудий күчтөрүн кууп чыгарып, оор жоготууларга кептеген. Айрыкча, согушту токтотууга тил бириктирген режимдер жок кездерде, маселен, Карма согушу, яхудийлер Ливандын түштүгүнөн жана Газа секторунан чыгып кетиши, Рамазан согушунда – бул согуш алардын пайдасына бүткөн болсо да – үлкөн жоготуулар көрүшү жана Фалестин администрациясы келишинен мурун басып алынган жерлерде өзүн курман кылуу амалияттары болгондугу, бул нерселер баскынчы вужуддун күчсүз экенин четке каккыс далилдер.

Оо, мусулмандар!

Аллах жолунда жихад кылынмайынча бул жийиркеничтүү вужуд таптакыр жок болбойт. Анткени, Фалестин маселесин чечүүнүн жана Аксаны кылмышкер баскынчылардан куткаруунун шаръий өкүмү – жихад. Яхудийлердин мынчалык текебердигин жана чектен чыгуусун Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык саясындагы исламий кошуундар гана тыйып коё алат. Мусулман халифанын командачылыгы астындагы кошуун, Хиттин күнүндө Салахиддин кылгандай, Фалестин жана Аксаны азат кылат. Бул азаттык-куткаруу ушундай бир улуу сыймык, яхудий вужуду алдында кудуретсиз турган жана аны менен мамилелерди нормалдаштырып, тил бириктирип жаткандар эч качан ал нерсеге жетишпейт.

 Роя гезити, №439, 2023-жыл, 19-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here