Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү балдардын укугу жөнүндөгү мыйзамдын кооп-коркунучтарын ачыктоо үчүн Газа секторунда иш-чара өткөрүштү

822
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү балдардын укугу жөнүндөгү мыйзамдын кооп-коркунучтарын ачыктоо үчүн Газа секторунда иш-чара өткөрүштү

Белгилүү болгондой, Хизб-ут-Тахрир мубарек Фалестин жеринде CEDAW конвенциясынын жана «Балдардын укугу» мыйзамынын кооптуулугу тууралуу кампания баштаган. Газа секторунда Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү да бул кампаниянын алкагында Нусайрат шаарынин бийлиги жана таалим мүдүрлүгү менен жолугушту.

Бул зыяраттарда Хизб мүчөлөрү балдардын укугу жөнүндөгү мыйзамдын жана ага негиз болгон конвенциянын кооп-коркунучун түшүндүрүп беришти. Бул кооп-коркунучтар: окуучуларды өз атасына жана мугалимдерине каршы коюу, ата-энени Аллах буюргандай урматтап, кадырлоонун ордуна, аларга жөн гана багып чоңойтуучулар катары мамиле кылууну үйрөтүү, жада калса бул мыйзамдар балага өз атасы үстүнөн расмий органдарга арыздануу мүмкүнчүлүгүн берип, бул нерсе атанын камакка алынышына алып келет.

О.э. Хизб мүчөлөрү Фалестин администрациясынын бул эл аралык мыйзамдарга кол коюу менен аларды өлкөдөгү мыйзамдардан да жогору коюу милдетин мойнуна алганын, муну менен колонизаторлорго бүтүндөй итааткөй болуп эсептелинишин ачыктап беришти.

Таалим тармагынын башчыларынын жоопкерчилигине перзенттерибиздин динин жана баалуулуктарын асыроо, жогорудагы оору алар аркылуу окуучуларга кирип келишине жол бербөө аманатын жүктөштү.

О.э. Хизб мүчөлөрү Нусайрат шаарынын акими менен да жолугушуп, аны да бул маселе жөнүндө кабардар кылышты жана мектептерибиз бул сыяктуу конвенциялар аркылуу душмандарга бута болуп жатканын баса белгилешти.

Жолугушууларда жигиттер «Балдардын укугун коргоо конвенциясы – жакындашып келе жаткан кооп-коркунуч, Фалестин администрациясы аны аткарышы – Исламга каршы согуш» деп аталган китепче тартуу кылышты.

 

Роя гезити, №438, 2023-жыл, 12-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here