Евробиримдик Казакстан менен Өзбекстанга санкция салышы мүмкүн

1549
0

Евробиримдик Казакстан менен Өзбекстанга санкция салышы мүмкүн

         Евробиримдик айрым товарлар санкцияларды айланып өтүп, Орусияга ташылып жатышын токтотуу үчүн Казакстан, Өзбекстан, Кытай жана Түркияга санкция салышы мүмкүн. Бул тууралуу Politico сайты жазды.    Маалыматка ылайык, Евробиримдик мындай чараны Орусияга каршы санкциялардын 11-топтомуна киргизиши ыктымал. Буга чейин санкциялар Орусиянын өзүнө гана киргизилип келген. Санкциялардын кезектеги айлампасы жакынкы күндөрү кабыл алынат. Ага Орусиянын дагы 72 жараны менен 31 компаниясы кирет.

         Буга чейин Европа менен АКШнын атайын өкүлдөрү Борбор Азия өлкөлөрүнө келип, Орусияга салынган санкцияларды кыйгап өтүү жолдорун токтотууга байланыштуу жолугушууларды өткөргөн. Маселен, март айынын аягында Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан биримдиктеги өлкөлөрдөн Борбор Азия аркылуу Орусияга товарларды сатуу 300%га чейин өскөнүн айткан.

         Белгилүү болгондой, өткөн жылы Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода алмашуу мурунку жылга салыштырмалуу 15% өсүп, 40 млрд $дан ашканн. Анын ичинде, Казакстан менен болгон соода алмашуусу 10 пайыз жогорулап, 26 млрд долларга жеткен. Бул өлкө менен болгон соодасы 2021-жылы 30% өскөн. Өзбекстан менен болгон товар алмашуусу 23% өсүп, 9,28 млрд долларга жеткен. Кыргызстан   менен болгон соода 30 пайызга өсүп, 3 миллиард долларды түзгөн. Тажикстан менен болгон товар алмашуу 18 пайыз өсүп, 1,5 млрд доллардан ашкан. Ал эми, Түркмөнстан менен Орусиянын соодасы 1 млрд долларды түздү. Албетте, бул сандар расмий катталган товарлардын көрсөткүчү болуп эсептелет. Ал эми, санкциялык товарлардын негизги бөлүгү жашыруун жана башка товарлардын аты менен өткөрүлөт.

         Демек, Украина кризисинин артынан таасир талашуу аймагы Борбор Азияга көчүп жатканы жашыруун эмес. Буга акыркы кездеги саясий окуялар жана Борбор Азия лидерлери менен ири мамлекеттердин ортосундагы алакалар да ишара кылууда. Айрыкча, С5+1 саммиттеринин шылтоосу менен ар бир колонизатор аймакты өз таасири астында кармап калууга аракет кылууда. Демек, санкциялар да мына ушул саясий кызыкчылыктардын алкагында кабыл алынат. Башкача айтканда, Борбор Азия өлкөлөрү Орусияга жакындоосу күчөсө санкциялар салынат. Ал эми, тескерисинче Орусиядан алыстай турган кадамдар жасалса, бул коркутуулар сөз жүзүндө калып кетмекчи.

         Биз мусулмандар пайдага негизделген, зулумдук үстүнө курулган капиталисттик системадан баш тартып, өз Исламыбызга жүздөнгөнгө чейин колонизаторлордун биздин үстүбүздөгү өкүмзордугу улана бермекчи. Андыктан, Борбор Азияны эле эмес, бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарды бул кордуктан куткара турган Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу үстүбүздөгү зулумдукту токтотууга аракет кылышыбыз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here