Садыр Жапаров расмий сапар менен Россияга барды

845
0

Садыр Жапаров расмий сапар менен Россияга барды

 Кабар: Президент Садыр Жапаров 7-май күнү расмий ташриф менен Россияга учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

 Кабарда: “Сапардын жүрүшүндө Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр күтүлүүдө. Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат. Ошондой эле, расмий сапардын алкагында Садыр Жапаровдун башка расмий адамдар менен жолугушуусу пландалган”, – деп айтылат.

Комментарий: Кыргызстанда дагы бир жолу кириллица алафавитинен латын алфавитине өтүү маселеси көтөрүлөрү менен Россельхознадзор 20-апрелде Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктарын Россияга алып кирүүгө тыюу салды. Кийинчерээк ушундай эле чектөө балык продукцияларына да киргизилди.

 Садыр Жапаров 21-апрелде Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевди кабыл алуу учурунда депутаттардын сунушун сындады. О.э. Улуттук комиссиянын төрагасын тил саясаты т.а. кыргыз тилин латын алфавитине өткөрүү жөнүндө аңдабай айтылган сөздөрдөн карманууга чакырып:

 “Кыргыз тилинин латиницага өтүүсү тууралуу сөз кылууга азырынча эрте. Кириллицадагы мамлекеттик тилди талаптагыдай, сабаттуу деңгээлде билүүсүн камсыз кылмайынча, латын алфавитине өтүү тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Азыр бул боюнча маселе жок, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү кириллицада улантуу керек”, – деди.

 Ошондон кийин, Россельхознадзордун башчысы Сергей Данкверт 24-апрелде Москвада Кыргызстандын айыл-чарба министри Самат Насирдинов жана Кыргызстандын Россиядагы элчиси Эрмек Өмүралиев менен жолугушуу учурунда Кыргызстандын сүт жана балык продукциялары Россельхознадзордун текшерүүлөрү аркылуу кайрадан импорттоло турганын билдирди.

 Дүйнөнүн бир да мамлекет башчысы катышпай турган “Жеңиш” парадына катышуу үчүн Москвага баруудан мурда Жапаров Россияга жана орус тилине берилгендигин далилдөө үчүн 4-майда Бишкек шаарындагы №77-мектепке барып, 9-класстын окуучулары үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагына катышты жана орус тили улууланган “Нам дан во владение самый богатый, меткий, могучий и поистине волшебный русский язык” деген жазуунун алдында сүрөткө түшүп, бул аркылуу Путинге канчалык ишенимдүү экендигин далилдемекчи болду.

 Өкүнүчтүүсү, биздин мамлекет башчылар дагы деле кулдук психологиядан арыла албай келишет. Алардын жүрөгүнөн Россиядан коркуу сезими чыга элек. Ошол себептен да бул жетекчилер бийлигин сактап калуу үмүтүндө Россияга кошомат кылып, жагынууга аракет кылышат. Алар чөгүп бара жаткан орус кемесинен кутулуунун ордуна, кайра  ага көбүрөөк жабышып, ортодогу алака-мамилелерди жаңы баскычка алып чыгууга аракет кылып жатышат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here