Улуттук мамлекеттин ыпластыгы. Халифалык мамлекетинин шексиз кайтышы

637
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Улуттук мамлекеттин ыпластыгы.

Халифалык мамлекетинин шексиз кайтышы

 Устаз Салих Абдурахим

Оболу, Батыш мусулман өлкөлөрүндөгү улуттук мамлекетке негиз кылган «муътадил ислам» түшүнүгү менен таанышып чыгышыбыз керек. Ошондо бул түшүнүк менен улуттук мамлекет түшүнүгү Халифалыктын ойрон кылынган кырсыкка канчалык байланыштуу экени ачыкталат. Даъватта, Ислам Умматынын вакиъсин жана бардык иштерин текшерүүдө орточо чечим принцибин келтирип чыгарган ушул муътадил ислам түшүнүгү болуп, аны дыкат үйрөнгөн киши ушуларга күбө болот: муътадил ислам түшүнүгү өз булагына, назариятчыларына жана аалымдарына ээ болгондой, өзүнүн белгилүү бир негиздерине жана максаттарына, максаттарынын чечим алчу булактарына жана мекемелерине ээ болгон бир бүтүн пикирий система. Бул система адатта батыштыктардын ишеним жана жашоо таризин айгинелеген динди мамлекеттен бөлгөн илманийлик менен шайкеш келет. Ал бардык мусулмандардын башын бир кылган Халифалык мамлекетинин ордуна курулган эл аралык саясий абалга өтө-өтө ылайык келет. Буга далил катары муътадил ислам түшүнүгүнүн тарапкерлерин мисал кылуу мүмкүн. Бул системанын тарапкерлери адамдар болобу, коомдор, партиялар, өкмөттөр, ал тургай, экономикалык институттар, идеологиялык жана сакафий борборлор о.э. массалык маалымат каражаттары көрүнүшүндө болобу, алар Халифалык мамлекетинин ордун ээлеген улуттук илманий мамлекеттин система жана аппараттарынын курамына кирет. Чындык ушул – муътадил ислам Ислам атына жамынган илманий пикирлердин дал өзү. Ал өткөн кылымдын башында Халифалык мамлекетинин кулашы себептүү мусулман калктарга жеткен «соккуларды жеңилдетүү» ролун ойноп берди. Дагы бир чындык ушул – муътадил ислам долбоору он тогузунчу кылымда Исламий мамлекетти оболу пикирий жана сакафий жактан кулатууга даярдык көрүп, ошол кезде биринчи мамлекет болгон Британия тарабынан долбоорлоштурулган. Бул болсо, бардык исламий өлкөлөрдө муфаккир жана саясатчылар жардамында о.э. институттар жана басылмалар жардамында муътадил ислам түшүнүгүн «чыныгы ислам мына ушул» деп кеңири үгүттөө менен ишке ашырылды. О.э. Британия Умматтын саясий вужуду кулатылышынын амалий акыбеттерин, мусулман өлкөлөрүндө жүзөгө келе турган жаңы абалды жана кооптуу абалды алдын алып, бул долбоорду иштеп чыкты. Башкача айтканда, Халифалык кулатылышы себептүү келип чыгышы мүмкүн болгон пикирий-саясий боштукту толтуруу максатында жана 13 кылымдан ашуун Ислам Умматынын геосаясий борбору болуп келген жалгыз мамлекеттин кулатылгандан кийин түзүлгөн улуттук мамлекеттерге саясий булак болушу үчүн иштелип чыкты. Бул Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин жыйырманчы кылымдын башында болду.

Ошондуктан, муътадил ислам мусулман өлкөлөрүндө пайда болгондон тартып анын маанилүү касиеттеринин биринчиси андагы үч негизги пикирлер болуп келүүдө. Алардын биринчиси – Халифалыкты четке кагуу. Себеби, Халифалыкка альтернатива катары тикеленген бул улуттук мамлекет өз тарапкерлеринин назарында коргоо зарыл болгон чоң ийгилик т.а. колонизатор мамлекеттен азат болуу кадамы болуп эсептелет. Бирок, аң-сезимдүү мабдаий көз караштан караганда бул таптакыр ийгилик эмес, тескерисинче, колонизаторлук башкаруунун уландысы экени белгилүү болот. Т.а. ал кезектеги колонизаторлук долбооору болуп, өнүгүүгө  тоскоолдук кылат. Себеби, улуттук мамлекет Батыштын өкүмдарлыгын улантып, биримдик жана азаттыкка жол бербейт. Ошондуктан, аны пикирий жана саясий жактан кулатуу жана анын ордуна исламий өлкөлөрдө мусулмандардын Халифалык мамлекетин табигый түрдө тикелөө керек.

Муътадил исламдын экинчи касиет абалга ылайыкташуу т.а. абалды өзгөртпөй, аны кандай болсо ошондой сактап калуу. Зыянкеч мамлекеттердин бийлигине кошулуу о.э. даъватта жана шариятты колдонууда, жалпысынан бардык иште даражама-даражалыкка амал кылуу сыяктуу куру кыялдар да ушуларга кирет! Мунун көзгө көрүнгөн акыбеттеринин бири – Умматтын ар ирет козголоң аркылуу өз абалын өзгөртүүгө аракет кылганда Умматтын башкарууга даяр эместиги. Анын башкарууга даяр эместигине даъваттын саясаттан бөлүнүшү натыйжасында мамлекет жетекчилери даярдалбаганы жана саясий иш-аракеттеги тажрыйбанын жетишпестиги себеп. О.э. бийликти колго алуунун мааниси жана олуттуулугу жөнүндө эч кандай түшүнүккө ээ болбогон, бийликтин жоопкерчиликтерин, талаптарын, проблемаларын түшүнбөгөн батыштыктар муътадил деп атаган агымдардын Батыш тарабынан колдоп-кубатталышы жана козголоң токтогонго чейин алга алып чыгылышы да мунун себептеринин бири. Ошондуктан, ар ирет адамдар бузгунчу шартка каршы көтөрүлүшсө, өзгөрүү жасоо үмүттөрү жокко чыга берет. Булардын артынан Умматта үмүтсүздүк жана ийгиликсиздер келгени эч кимге сыр эмес. Уммат бул нерсени ондогон жылдар бою өткөрүп келди.

Муътадил исламдын үчүнчү касиети – саясий малайларды тартууда душман ар дайыма даяр туруп, муну иш жүзүндө аткарып жатканы. Анткени, эң чоң балээ да мына ушунда.

Мусулман өлкөлөрүндөгү улуттук мамлекеттин тарыхынын кыскача мазмуну ушундай. Ал Батыш-Европа каалоосу менен пайда болгон т.а. фикирий жана сакафий согуш башталышы менен, андан кийин аскерий баскынчылык, географиялык негизде бөлүштүрүү, тектик негизде ыдыратуу, Ислам Умматынын курамдык бөлүгүндө улуттук, тектик, тилдик, ал тургай, географиялык чыр-чатактарды пайда кылуу жана исламий өлкөлөрдү бири-бири менен уруштуруу сыяктуу иштердин башталышы менен пайда болгон. Булар каргаша Сайкс-Пико келишиминен кыйла мурун болгон. Андан кийин улуттук мамлекет саясий жактан үч жасалма негиз менен бекемделди: географиялык бөлүнүү, муътадил ислам жана илманийлик. Андан кийин улуттук мамлекеттин система жана чегаралары Ислам Умматынын өздүгүнө тескери Батыш лабораторияларында жасалган жаңы саясий жана пикирий негизде орнотулду. Булар мусулмандардын баскынчылык зулумга каршы куралдуу козголоңдор көрүнүшүндөгү аскерий жана саясий реакцияларынын тушунда болду. Мусулмандар өз аракетинин багытын бүтүндөй жоготуп коюшкан. Себеби, Уммат байлыктары, мал-мүлкү жана перзенттери туурасында берилген курмандыктар көп абалдарда ошол өздөрү мекен кылып алган чегара негизинде болду. Акыры жасалма эгемендүүлүк жана шарттуу кыялдагы суверендүү бийлик аркылуу малайлар жана саткындардын башкаруусу келди. Ушул бийликтер өз элине зомбулук, элдин душманына болсо итаат кылышты. Көптөгөн мамлекеттерде мусулмандардагы азаттыкка чексиз умтулуу менен алардын өлкөлөрү үстүндө болуп жаткан эл аралык күрөш аралашып кетти. Аларда азаттыкка умтулуу болсо да, бирок, Батыш маданиятынан уулануу жана анын таасири натыйжасында талап кылынган ураандар Ислам менен эркиндик, жасалма демократия жана жалган жарандык ортосунда аралашып кетти. Эң кооптуу, эң маанилүүсү болгон фикирий даражага келсек, жогоруда айтканыбыздай, улуттук мамлекеттин үч жасалма негиздери т.а. географиялык бөлүнүү, муътадил ислам жана динди мамлекеттен бөлүүдөн турган ыпластык Исламды башкаруудан жана мусулмандардын жашоосунан бөлүү натыйжасында жүзөгө келген боштукту толтурууга даяр эле. Бул жийиркеничтүү үчтүк Халифалык мамлекетини таяныч ордун т.а. эч кандай кошумчалар кошулбаган, экстремизм жана муътадилдик да болбогон Ислам ордун ээлеп алган альтернатива саясий идеологияга окшоп калды. Бул үч нерсе мусулмандарды болуп көрбөгөн алсыздык, кордук жана көз карандылык баскычына о.э. жетимдик, кыйроо жана сынуунун караңгы дооруна кулатты, мусулмандарды эл аралык күрөш майданынан бүтүндөй чыгарып салды. Негизи, Ислам Умматынын бардык тармактагы проблемаларынын чечими – бул улуттук мамлекет баткагынан тартып ала турган Халифалык мамлекетин кайра тикелөө эле.

Батыштыктар ондогон жылдык баскынчылык артынан о.э. малай өкүмдалардын башкаруусу аркылуу мусулман өлкөлөрүндө улуттук мамлекетти бекемдешти, көпчүлүктүн назарында муътадил исламды чыныгы Исламга айлантууга жетишти, кала берсе, урпак-муунду уламалар жана малай өкүмдарлар аркылуу тарбиялап бүтүштү. Ошондуктан, Халифалык жашоодо, ал тургай, көпчүлүктүн акылында музейлердеги экспонатка айланып калган соң, “мусулмандар Халифалык мамлекетин кантип тикелешет?” деген суроо берилиши мүмкүн. Анын жообу: Батыш хазараты жана анын жашоо таризине азгырылгандардын назарында ошондой. Ал эми, бүгүн мусулмандар тигилердин назариясына жана кызыкчылыгына ылайык эмес, пайгамбарлар саййиди Мухаммад ﷺга түшкөндөй Исламга кайтуунун убагы келди.

Биз дагы кайра-кайра баса белгилейбиз: Исламдагы мамлекеттин формасы – Халифалык. Ал Ислам тарыхынын эмес, шариятынын эң үлкөн өкүмдөрүнүн бири. Умматты зомбулук жана зулумдан азат кылуу үчүн Халифалыкка кайтуудан башка чара жок. Ошол эле убакта, биз ушуну да жакшы билебиз, бул жол оор жана кыйын, душмандардын фитнасы себептүү Умматтын көптөгөн перзенттери бул жолдон алысташкан. Расулуллах ﷺ айтат:

«أَلَا إِنَّ كُلَّ رِباً مِنْ رِبَا الْجَاهِلِيَّةِ مَوْضُوعٌ»

«Билип койгула, жахилияттан калган ар бир сүткордук батыл».

«أَلَا إِنَّ كُلَّ شَيْءٍ مِنْ أَمْرِ الْجَاهِلِيَّةِ تَحْتَ قَدَمَيَّ مَوْضُوعٌ»

«Билип койгула, жахилияттан калган ар бир иш буттарым астында батыл». Ошондуктан, Умматтын англистер жана башка душмандары исламий өлкөлөрдө пайда кылган ар бир иш жийиркеничтүү жаңылык болуп, идеология, назария жана ишеним даражасында уу нерсе. Улуттук мамлекет куруу динди мамлекеттен жана саясаттан бөлүү болуп эсептелип, муътадилдик жана ушулардан келип чыккан бардык бидъаттар да кудум ушундай. Батыш Исламдан деп үгүттөп жаткан ар кандай түшүнүк Исламдан эмес.

 

Роя гезити, №433, 2023-жыл, 8март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here