Кумаркана ачууга лицензия берилди
Кабар: Кыргызстанда казино ишмердигине уруксат берилгенден бери алгачкы жолу казино ачууга лицензия тапшырылды. Бул тууралуу 2-майда Мамлекеттик каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын сайтында кабарланды.
Маалыматка караганда, лицензияны “Гранд Казино” жабык акционердик коому алган. Бул казинонун ишмердүүлүгүнө уруксат берүү менен мамлекеттик бюджетке 84 млн сом түшкөн.
Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, аталган ЖЧК 2022-жылы 14-ноябрда Бишкек шаарындагы 12-кичи райондо жеке менчик түрүндө катталган.
Комментарий: Кыргызстан калкынын көпчүлүгү кумарканаларды ачууга каршы чыгышты, бирок өкмөт – элдин пикири менен эсептешип отурбастан жана мусулман калктын туйгуларына кыпындай да көңүл бурбастан – арам болгон кумарканаларды ачуу маселесинде катуу туруп алды. Өкмөт сунуштаган кумарканалар жөнүндөгү мыйзам парламентте катуу талаш-тартыштарга себеп болду. Айрым депутаттар мыйзам долбооруна каршы добуш беришти жана кээ бир саясатчылар да кумарканаларды ачууга каршы позицияда туруп алышты. Ошондон кийин УКМК төрагасы каршы добуш берген депутат жана саясатчыларды алардын ар бир кыңыр ишинен кабардар экенин айтып коркутууга чейин жетип барды.
Министрлер кабинетинин демилгеси менен сунушталган “Оюн ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору 2022-жылдын 11-майында Жогорку Кеңештин бардык тийиштүү комитеттеринде каралып, ошол эле күнү парламенттин кезексиз отурумунун күн тартибине киргизилген. Негизи, бул мыйзамды кароо парламенттин күн тартибинде жок эле. Натыйжада, бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи окууда кабыл алынды. 2022-жылдын 30-июнунда Садыр Жапаров Кыргызстанда казино ишмердүүлүгүнө уруксат берген мыйзамга кол койду. Жапаров кол койгон мыйзамды “инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен мамлекеттик бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү” деп актамакчы болду. Эми болсо кумарканалар салыктарды азайтууга аракет кылып жатышат.
“Кумарканаларды ачуу туристтерди тартуу же бюджетти толтуруу, калктын жашоо шартын оңдоо, мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысын көтөрүү үчүн” деген сөздөр адамдарды чалгытуу үчүн ойлоп табылган бир жомок эле. Мындан тышкары, арам нерседе эч качан береке болбойт.
Аллах таала айтат:
ياأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنَّمَا الْخَمْرُ وَالْمَيْسِرُ وَالْأَنصَابُ وَالْأَزْلَامُ رِجْسٌ مِنْ عَمَلِ الشَّيْطَانِ فَاجْتَنِبُوهُ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ
“Эй момундар, арак (мас кыла турган ичкилик ичүү), кумар (ойноо), буттар (аларга сыйынуу) жана таякчалар (таякчалар менен палчылык кылуу) шайтандын амалынан болгон арам иштер. Демек, (тозоктон) кутулушуңар үчүн алардын ар биринен ыраак болгула! Ичкилик, кумар себептүү шайтан араңарга жек көрүү, душмандык салууну ошондой эле силерди Аллахты эске алуудан жана намаз окуудан тосууну гана каалайт! Эми токтоорсуңар?!” [5:90-91]
Абдурахман Адилов