Орусия эл аралык майданда өгөйлөнүп барууда

2409
0

Орусия эл аралык майданда өгөйлөнүп барууда

         БУУнун Башкы ассамблеясында Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган резолюцияны буга чейин “калыс” добуш берип келген бир катар мамлекет “колдоп” добуш берди. Бул тууралуу бир катар расмий маалымат каражаттары жазып чыкты.

         Маалыматка ылайык, “БУУ менен Европа Кеңешинин өнөктөштүгү” резолюциясын 122 мамлекет колдоду. Алардын арасында буга чейин Орусиянын турумун колдоо максатында “калыс” добуш берип келген Кытай, Казакстан, Армения өлкөлөрү да бар. Бул ирет добуш берүүдө 18 мамлекет калыс калды. Алардын арасында Борбор Азиядагы Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан да бар. Ал эми, каршы добушту Орусия менен катар Беларус, Түндүк Корея, Никарагуа жана Сирия берди. Резолюцияда “Орусиянын Украинага басып кириши”, “Грузияга мурдагы агрессиясы”, “Орусиянын жапа чеккендерге компенсация төлөп берүү милдети” өңдүү маселелер камтылган.

         Белгилүү болгондой, Украина согушу башталган чакта, мамлекеттер Орусия бул өлкөнү көз ачып жумганча басып алаарына ишенген эле. А бирок, турмуш чындыгында Орусиянын аскердик кубаты айтылгандан алда канча алсыз экендиги ачыкталып калды. Мындан улам, Америка башында турган Батыш дүйнөсү болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап, Украинаны курал-жарак жана акча-каражаттары менен колдой баштады. Буга утурлай Орусиянын ансыз да алсыз экономикасын сындыруу үчүн санкцияларды күчөттү. Натыйжада, Орусиянын Украинадагы максаттары ишке ашуунун ордуна, убакыт анын зыянына иштей турган болуп калды.

         Согуш башталганына бир жыл өтүп, Кытай Украина маселесиндеги позициясын өзгөртүп, ортомчулук демилгесин көтөрүп чыкты. Бул демилгесинде Орусияны назарда тутуу менен мамлекеттердин аймактык бүтүндүгү, эгемендиги кепилденишине, айрым өлкөлөрдүн коопсуздугуна олуттуу мамиле жасоого чакырды. О.э өзөктүк курал колдонуудан баш тартуу зарылдыгын билдирди. Кытайдын бул чакырыктары Украина согушу башталган учурда Россиянын жанындагы ордунан алыстаганын ачык көрсөттү. Тагыраагы, Россиянын согушта алсырап баруусу, Кытайды артка кадам таштоого жана Батыштын талаптарына ылайык позицияны карманууга мажбур кылды. Буга Американын Кытайга каршы Тайвань маселесин козутуусу себеп болду. АКШ муну менен эле чектелбей, Кытайдын айланасындагы мамлекеттерди колдоо менен ага басым өткөрүүдө. Маселен, дүйнөнүн үчүнчү экономикасы болгон Японияны кайрадан куралдануусуна шык берип жатат. Жакынкы жылдары эң көп калктуу мамлекетке айланышы күтүлүп жаткан Индияны колдоо менен Кытай чек араларында жаңжалдарды тутантууда. О.э Австралия жана Канада менен союз түзүү аркылуу аларды да Кытайга каршы багыттоого аракет кылып жатат. Буга кошумча, Кытайдын стратегиясы экономикалык кызыкчылыкка негизделгендиктен, Батыш менен алакасын бузбоого аракет кылууда. Анткени, Кытай менен АКШнын соода жүгүртүүсү 1,6 трлн долларды түзсө, Европа Биримдиги менен соода алмашуусу 780млрд долларды түзөт. Ал эми Орусия менен болгон соодасы 190млрд долларга жетет. Демек, мындай үлкөн айырмачылык Кытайды Батышка жакындатуучу, позициясына таасирин тийгизүүчү фактор болуп эсептелет.

        Ал эми, Казакстандын позициясына келсек, ал да Украина сценарийинин кезеги өзүнө жетип келерин жакшы билет. Анткени, Казакстан да Орусия менен чектеш жайгашып, чек ара аймактарында орус тектүү калктар отурукташкан. Бул абал Орусиянын Казакстанга да аскердик кол салуусуна жол ачып бериши мүмкүн. Мындан улам, Казакстан келечектин камын көрүп өз позициясын Батышка ылайыкташтырып жатат десек жаңылышпайбыз.

         Армения болсо Азербайжан менен болгон акыркы чыр-чатактарында ЖККУ жана Орусиянын колдоосуна ээ боло албады. Натыйжада бир катар позицияларда Азербайжанга чегинүүгө мажбур болду. Мындан улам, чек ара маселесин АКШ ортомчулугу астында чечүү максатында ушул күндөрү эки тараптын делегациясы Вашингтондо сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат. Буга кошумча, АКШ Арменияда таасирин кеңейтүү үчүн үлкөн финансылык жардамдарды убада кылууда. Мына ушул жагдайлар Армениянын позициясын өзгөртүүгө себеп болууда.

         Жыйынтыктап айтканда, Украина маселеси Орусияны туңгуюкка кептеп, эл аралык майданда өгөйлөнүп барууда. Батыш убакыт Орусиянын зыянына иштеп жатканын көрүп тургандыктан, мындан ары да аны алсыратуу үстүндө иш алып баруусу талашсыз. А түгүл, федерация курамындагы республикаларды көз карандысыздыкка тукуруусу күтүлөт. Муну Ингушетиянын көз карандысыз армиясынын түзүлүүсү да күбөлөп турат. Мындан тышкары, саясий чөйрөдөгү Путин режимине каршы саясатчыларды колдоосун да улантышмакчы.

         Албетте, пайдага жана өкүмзордукка негизделген бүгүнкү капиталисттик системадан мындан башка абалды күтүү да мүмкүн эмес! Бул системада токой мыйзамы, тагыраагы, алсызга күчтүү өкүмдарлык кылган мыйзам гана иштейт. Андыктан, мусулмандар эл аралык саясатта адилеттикти кепилдеп бере турган Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылышы керек. Ансыз, дүйнө калкы колонизаторлордун курмандыгына айланып, согуш жана зулумдук астында эзилип кала бермекчи…!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here