Жеңилүү жана көз карандылыкта өтүп жаткан бул Рамазан акыркысы болсун

195
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Жеңилүү жана көз карандылыкта өтүп жаткан бул Рамазан акыркысы болсун

 Устаз Асъад Мансур

Мына, Халифалык жана халифасыз жашаган о.э. колонизатор мамлекеттерге жеңилүү жана көз карандылык астында өткөн бир жүз эки жылдан кийин дагы Рамазан айы кирип келди. Ко-ош, адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Умматка эмне болду?! Илманийлик жана демократияны жамынган жөнөкөй бир жаңы кресттүүлүк чабуулду да кайтара албай турган даражада саны зайып же алсыздаштыбы?! Душманды кайтарууга, карамүртөз күчтөрдү кыйратууга, кол салуучуларды жеңип, исламий өлкөлөрдү кресттүү капитализмдин таштандыларынан тазалоого кудуреттүү эмеспи?! Умматтын мамлекетин кулаткан, биримдигин талкалаган, перзенттерин кыргын кылып, байлыктарын талап-тоногон душманына ушинтип жеңилип жана көз каранды болуп калышынын себеби эмнеде?!

Уммат ушундай оор мусибатка учурап, бул мусибатты мусулмандардын баары сезип, бирок, дабасын таппай жатканда курч пикирлеген ар бир адам Умматтын артта калуусунун себебин издей баштайт о.э. Умматтын тарыхына жана мурасына сереп салып, Уммат оболу кандай болгон, учурда кандай абалга түшүп калганын үйрөнөт. Ал ири мамлекет, улуу хазарат, терең сакафат жана жаркын идеологияга ээ улуу Уммат болгонун, 1300 жыл үч континентте өкүмдарлык кылганын көрүп, Умматтын ойгонуу сырын, мүдүрүлүшү же кулашынын себептерин издейт. Ошентип, Умматтын мабдасына жетип барат. Ошондо Умматтын фикратын бүдөмүк чулгап алганын, парда тосуп калганын аныктайт жана аны тазалап, тунукташтырып, мурунку таза абалына кайтарат. Умматтын тарыйкатын да издеп, аны туура абалда табат о.э. фикрат менен тарыйкатты бири-биринен ажырабай турган таризде бекем байлоо канчалык маанилүү экенин түшүнүп жетет. Мына ошондо мабдаий хизбий уюм калыптанат. Ал өсүп, өнүгүп, кеңейип, акыры жетик азаттык кыймылына аланат. Бул уюм – Аллахтын уруксаты менен Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкка даъват кылып жаткан жана эч кимден жашырынбаган уюм. Кимде-ким Аллахка чынчыл жана калыс болуп, Ислам Умматын куткарууну кааласа, анда, ушул уюмга жетип, кошулушу жана аны колдоп-кубатташы керек. Себеби, мойнунда суздук жана байъатсыз өлүмдүн күнөөсү болбошу о.э. жахилият өлүмү менен өлбөшү керек.

﴿شَهرُ رَمَضَانَ الَّذِى أُنزِلَ فِيهِ القُرآنُ هُدًى لِّلنَّاسِ وَبَيِّناتٍ مِّنَ الهُدَى وَالفُرقَانِ فَمَن شَهِدَ مِنكُمُ الشَّهرَ فَليَـصُمهُ

«Рамазан айы, бул айда адамдар үчүн туура жол болуп жана хидаят менен фуркандын (акыйкат менен жалганды айырмалоочунун) ачык аяттары болуп Куръан түшүрүлгөн. Демек, силерден ким бул айга күбө болсо, орозо кармасын»                                                    [2:185]

Аллах Рамазанда Куръанды түшүрүү менен бул айды берекелүү ай кылды. Адамдарды хидаят кылган Куръанды түшүргөндүктөн Аллах Таалага шүгүр кылышыбыз үчүн Рамазан орозосу фарз кылынгандай. Ошондуктан, Куръанга ыйман келтирген ар бир адам адамдарды адашуудан куткарып, Аллахтын уруксаты менен, аларды караңгылыктан нурга чыгаруу үчүн Куръанды бардык адамдарга жеткириши керек. Ушул себептен улам, орозо кармоо менен чектелип, Куръанды адамдарга жеткирбөө о.э. аны Расулуллах ﷺга түшүрүлгөн таризде колдонууга даъват кылбоо жаиз эмес. Чынында, ал Куръанды бардык адамдарга жеткирди, Куръан мамлекетин тикелеп, анын акыйкат менен батылды айырмалап берген өкүмдөрүн колдонду. Анын бул амалдары бүткүл адамзатка үлгү болуп калды. Демек, адам кантип Куръандан болбогон өкүмдөрдүн колдонулушун жана Куръандан болбогон мыйзамдардын иштелип чыгышын кабыл алышы мүмкүн?! Кантип, калк суверендиги-кожоюндугу туурасындагы иллюзияга ыраазы болушу жана орозо, намаз, зекет, хаж сыяктуу фарз болгон шарият суверендигин четке кагышы мүмкүн?!

Рамазан – жихаддар, фатхтар жана нусраттар айы! Рамазанды ушундай айлардан кылалы. Аллах Субханаху ва Таала мусулмандардын алгачкы согушу орозодо болушун каалап, хижраттын экинчи жылында орозону да, улуу Бадр согушун да фарз кылгандай. Себеби, мусулмандар орозо менен жихад бири-биринен ажырабашына көңүл бурушсун. Анткени, орозо жеп-ичүүдөн сактануу гана эмас, орозого чоң ибадатты т.а. Аллахтын жолундагы жихадды кошуу керек. Чынында, мусулмандар муну түшүнүп, Рамазанда жихадды, улуу фатх жана нусраттарга жетинүү токтотушкан жок. Рамазанда Бадр согушу, Мекке фатхы, Кадисия согушу, Андалус фатхы, Залаака, Айн-Жалут, Хиттин согуштары болуп өттү. Байтул Макдистин азат кылынышы, Умурия фатхы жана Анкара фатхы да Рамазанда болгон. Демек, бул ай уктоо, ифтарлыкка жана саарлыкка тамак даярдоо, сериал жана фильмдерди көрүү айы эмес. А балким, ал – күндүзү орозо кармап, жихад кылуу, түндөрү кыямда болуп, Куръан окуу айы.

Куръан, сахих хадистер, Расулуллах ﷺдын сийраты жана сахабалар ижмасы Ислам Умматынан башка бир да умматта болбогон шаръий булактар болуп, аларда келген катъий шаръий буйруктар, аны менен бирге Умматтын узун тарыхындагы акыйкаттар Халифалыкты тикелеп, Исламды колдонуу үчүн аракет кылуу важибдигин баян кылат. Мабданын маңызы да мабда ээсине мабданы ичинде сактабоону, бардык агым жана пикирлерге каршы күрөшүүнү буюрат. О.э. башка мабда жана түзүмдөрдүн өкүмдар болушуна жол бербөөнү, башка түзүмдү колдонбоону жана башка булактан келип чыккан мыйзамдарга моюн сунбоону фарз кылат.

﴿فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤمِنُونَ حَتَّى يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَينَهُم

«Жок, Роббиңе ант, алар өз ортолорунда чыккан келишпестиктерде сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча эч качан момун боло алышпайт»                                                          [4:65]

Мусулмандардын азыркы абалы Халифалыкты тикелөөгө аракет кылууну талап кылууда. Себеби, Халифалыксыз азаттык да, өнүгүү да жок. О.э. мусулмандардын абалы ар бир соо жүрөк ээси болгон жана чын жүрөктөн кулак салган кишиге Умматты куткаруу үчүн аракетке келүүнү эске салууда. Мындан башка жол жок. Ушул себептн улам, залим капитализмден азап тартып бардык адамзатты куткаруу үчүн аракетке келүү мусулмандарга фарз. Себеби, Уммат бүткүл дүйнөнү куфр, зулум, адашуу, адамдардын кулчулугу, мүлк эркиндигине жамынып бирөөнүн мал-мүлкүн тартып алуу, адам эркиндиги, демократия жана адам укуктары астында адамдарды адашуу баткагына батыруу сыяктуу бардык ыпластыктардан куткаруу аманатын өз мойнуна алган.

﴿وَكَذلِكَ جَعَلناكُم أُمَّةً وَّسَطاً لِّتَکُونُوا شُهَدَاءَ عَلَى النَّاسِ

«Ушул сыяктуу силерди башка адамдар үстүндө күбө болушуңар үчүн орто (эң жакшы) уммат кылдык»                                                                                                            [2:143]

Рамазан айы ыйман чөйрөсү менен бөлөнгөн. Ошондуктан, Рамазанда таква жана рухий байланыштар өкүмдарлык кылып, мусулман Роббиси менен болгон алакасын бекемдейт.. Анткени, орозонун хикматы да ушул:

﴿كُتِبَ عَلَيکُمُ الصِّيَامُ کَمَا كُتِبَ عَلَى الَّذِينَ مِن قَبلِکُم لَعَلَّكُم تَتَّقُونَ

«Силерден мурунку өткөндөргө фарз кылынгандай, силерге да таква болушуңар үчүн саналуу күндөрдө орозо кармоо фарз кылынды»                                                                        [2:183]

Бул чөйрө мусулманды салих амалдарды кылууга үндөйт жана иш-аракетти биринчи даражадагыларынан баштоого чакырат. Халифалыкты тикелөө – биринчи орундагы вазыйпалардын бири. Себеби, өкүмдөрдүн колдонулушу Халифалыкка байланыштуу болуп, аны менен бардык важибаттар аткарылат, мал-мүлк, намыс жана өлкөнүн коргоосу да Халифалык тарабынан камсыздалат. Биз мусулмандарга биринчи даражалуу башкы вазыйпаларды эч оор албастан, эринбестен эстетишибиз керек. Чындыгында, жакшылык кылууну, башкалардан жоопкер болууну, муктажга жардам берип, максаттарга жетүү үчүн курмандык кылууну жакшы көрүү мусулмандардын табиятына мөөрлөнгөн. Эгер, мусулмандардын башкаруусун калыс-аң-сезимдүү жетекчилик колго алса, мусулмандар муъжизаларды жаратууну башташат.

Ислам Умматы – таза, берешен калк. Ал канчалык ачкачылык, азап-кыйынчылык жана зомбулукка туш болбосун, кайра бутка туруп, арстан сыяктуу өкүрөт жана бороонго айланат. Мисалы, кресттүүлөр жана монголдор доорунда Умматтын башына кандай гана мусибаттар түшпөдү дейсиң. Бирок, Уммат кайра бутка туруп, кайра улуу мамлекетке айланды. Учурда да башына канча мусибаттар түшпөсүн, бирок өлгөн жок. Уммат согуш майдандарында ири мамлекеттерди жеңди. Бүгүн болсо, малай режимдерге каршы козголоң аркылуу Америка жана Батыш мамлекеттерин дээрлик кулатты. Чындыгында, Умматтын аң-сезими өстү, толук аң-сезимге ээ боло элек болсо да, бирок, албетте ээ болот. Себеби, ал адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Уммат. Себеби, ал эң туура мабда ээси болгон жана эң аң-сезимдүү Хизбди өстүрүп даярдаган Уммат. Ал Аллахтын уруксаты менен албетте нусратка жетет.

 

Роя гезити, №435, 2023-жыл, 22-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here