Яхудийлердин Африкадагы ач көздүгүн Халифалык мамлекетинен башкасы токтото албайт!

147
0

 بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Яхудийлердин Африкадагы ач көздүгүн Халифалык мамлекетинен башкасы токтото албайт!

(Экинчи бөлүк)

 Устаз Абдулхалик Ибдун Али

Хизб-ут-Тахрир–Судан

вилаятынын маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

«Albawabhnews» веб-сайты 2021-жылы 19-октябрда «i24news»ка шилтеме кылып жарыялаган кабарга ылайык, Тель-Авив Африкадагы 54 мамлекеттин 46сы менен алака орноткон, алардын 11инде Тель-Авивдин элчиканасы бар. Алар: Руанда, Түштүк Африка Республикасы, Кения, Нигерия, Камерун, Ангола, Эфиопия, Эритрея, Гана, Кот-д’Ивуар жана Сенегал. О.э. Африка мамлекеттеринин 15инин Тель-Авивде элчиканалары бар.

Ибраний маалымат каражаттары кабарлашынча, яхудий армиясынын командачылары учурда ушул мамлекеттер, айрыкча, Эфиопия, Замбия жана Кот-д’Ивуарга армияларына аскерий билим бөлүү үчүн беймарал барып келүүдө. Маалымат каражаттары алардын аскерий кызматташтыгын «аскерий дипломатия» деп түшүндүрүштү. Учурда бул кызматташтык Африка мамлекеттеринде туруктуу яхудий аскерий атташелерин дайындоону да өз ичине камтууда. Мындан тышкары, Африка мамлекеттеринин, айрыкча, жарандык согуштар жана кыргын көп болуп жаткан Руанда, Түштүк Судан жана Конго армияларынын көпчүлүк куралдары яхудий вужудунун куралдары түзөт. Ибраний тилде чыккан «Гаарец» гезитинин кабарына ылайык, яхудий вужуду Африкага 170 миллион долларлык курал-жарак саткан  жана бул көрсөткүч жыл сайын 2.5 пайызга көбөйүүдө.

Яхудий вужудунун тышкы иштер министрлиги 2021-жылы 22-июлда Европа Союзундагы элчиси Адмас Алалиге Африка Союзунун байкоочу мүчөсү катары ишеним жарлыгын тапшырганын жарыялады. Эфиопия жөнүндө сөз кылсак, яхудий вужудун бул мамлекеттеги аракеттери ал жерде Нахза (Хидасэ) суу сактагычына о.э. Нил сууларын көзөмөлгө алууга каратылганын баса белгилемекчибиз. Себеби, турак-жайларды суу менен камсыздоо маселеси яхудий вужуду үчүн негизги муктаждык болуп эсептелет. О.э. ондогон жылдар өткөрүлгөн изилдөөлөр яхудий вужуду суу ресурстары боюнча кризисти башынан өткөрүп жатканын көрсөтүүдө. Яхудий адистери өтө кооптуу деп айткан бул кризис яхудийлердин экономикасына болуп көрбөгөн даражада коркунуч жаратууда.

Яхудий маалымат каражаттары баса белгилегендей, Фалестиндин басып алынган жерлериндеги көлдөр, дарыя, суулар жана жер астындагы суулар акыркы 100 жыл ичинде болуп көрбөгөн даражага төмөндөп кеткен о.э. Тверия көлү кооптуу түрдө «кызыл сызыкка» жакындашып калган. Бул, суу азайып, башка шаарларга көл сууларын жеткирүүчү насостор тартчу чектен да төмөн түшүп кеткенин түшүндүрөт.

Яхудий вужудунун изилдөөлөрү көрсөткөндөй, жашоо деңгээлин жакшыртуу жана турак-жайларды куруу сууну жыл сайын 600 миллион кубометрге көбөйтүүнү талап кылат. Эгер, бул ишке ашпаса, анда, анын үчтөн бир бөлүгүн айыл-чарба долбоорлорунун эсебинен камсыздоо керек болот, бул болсо, «калкты бөлүштүрүү» программасынан келип чыккан зыяндарга кошумча, экономикалык кризиске алып келет.

Ушул факторлор яхудий вужудун Нил дарыясындагы Нахза суу сактагычы маселесине катышууга тикелей мажбур кылууда. Себеби, яхудий вужуду өзүн саясий жана коопсуздук жактан бекемдеши керек, аны бекемдөө менен кийинки баскычтагы долбоорлорду т.а. Нил сууларын турак-жайларга жеткирүү планын жандантууга жетишет. Яхудий вужудунун кеңейтүү жана келгинди яхудийлерди көбүрөөк алып келүү каалоосу күчөп жатканда суу коопсуздугуна байланыштуу проблемалар олуттуу экенин түшүнүп жатат.

Ушул орунда баса белгилөө зарыл, Нил сууларын басып алынган Фалестинге жеткирүү 1992-жылы Венада өткөрүлгөн көп тараптуу сүйлөшүүлөрдө ортого салынган эң маанилүү долбоорлордун бири болуп эсептелет. Ал кеде яхудий сүйлөшүүчүлөрү бул максаттан баш тартпоодо бекем туруп, алар муну «мамлекетинин» келечекте сууга, Нил сууларына муктаж экендиги менен шылтоолошкон. Бул жөнүндө Дэн Салазевски деген бир яхудий: «Кимдин максаты тынчтык болсо, суу маселесинде биз менен тартышпасын», – деп ачык айткан.

Яхудий вужудунун Нахза суу сактагычы маселесиндеги геосаясий көлөмү 60-жылдарга барып такалган максаттын келип чыгышына байланыштуу. Мисир Жамал Абдуннасир башчылыгында Асван Аалий суу сактагычынын курулушуна жетекчилик кылган, бирок ошол жылдарда эле АКШ администрациясы бул суу сактагычтын курулушуна яхудийлер пайдасы үчүн тыюу салган. Ошол убакта АКШ айыл чарбасынын мелиорация кылуу бюросу 1954-1956-жылдары Эфиопияда суу сактагыч куруу үчүн бир нече изилдөөлөрдү өткөрүп, 26 жайды белгиледи жана алардан эң маанилүүсү негизги Көк Нилдеги төрт суу сактагыч болду: Карадуби суу сактагычы, Мабил суу сактагычы, Мандая суу сактагычы жана Буандари (Нахза) суу сактагычы. Изилдөөдө суу сактагыч куруудан кийин айыл чарба жерлерин кайра жандандыруу да үйрөнүлүп чыккан. Американын бул изилдөөлөрү 1957-жылы Вашингтон менен Аддис-Абеба ортосунда түзүлгөн расмий келишимдин артынан башталды, кийин бул жаатта Жамал Абдуннасир Нил дарыясы мамлекеттери ортосунда биргелешкен техникалык адистер комитетин түзүү сунушун киргизги, бирок, Эфиопия аны четке какты.

Яхудий вужуду Эфиопияны Африкага кирүү жайы жана стратегиялык өтмөк кылып алмакчы. Бул өтмөк ага Африка мүйүзүндө саясий, коопсуздук жана аскерий каналдарды ачууга мүмкүнчүлүк берет. Өз кезегинде, Эфиопия, Эритрея жана Жибути мамлекеттери менен кызматташуу аркылуу Жакынкы Чыгышта алып барып жаткан күрөшү үчүн шылтоо болот. Яхудий вужудунун бул максаты Кызыл деңиз регионундагы, өзгөчө Ямандагы өзгөрүүлөр аркылуу дагы да бекемделди.

Яхудий премьер-министри Нетаньяху 2016-жылы июлда Эфиопия жасаган сапарында Эфиопия парламентинде сүйлөгөн сөзүндө: «Биз Эфиопияны суу ресурстарынан пайдаланышы үчүн технология менен колдоп-кубаттайбыз», – деди. Анын бул билдирүүсү Нахза суу сактагычы маселесинде Мисир менен болуп жаткан талашта Эфиопияны ачык колдоп-кубаттоо катары бааланды. Айрыкча, анын ушул Эфиопия сапары ошол айда Эфиопия Нахза суу сактагычын Көк Нил суулары менен биринчи баскычта толтурууну ишке ашырган учурга туура келди. Яхудий вужудунун Эфиопияны колдогон билдирүүлөрү уланды. Мисалы, 2019-жылы декабрь айында яхудий вужудунун тышкы иштер министринин Африка маселелери боюнча башкы директорунун орун басары Эйнат Шелин Тель-Авив «сууну башкаруу боюнча өзүнүн үлкөн тажрыйбасын Аддис-Абеба менен бөлүшүүгө» даяр экенин билдирди. Андан мурун яхудийлердин Эфиопиядагы элчиси Рафаэль Морав яхудий вужуду Эфиопияда заманбап суугаруу системсын колдонуу үстүндө иштеп жатканын билдирген.

Саясий колдоого кошумча, 2019-жылы июлда ибраний Дебка веб-сайты яхудий вужуду Эфиопиядагы Нахза суу сактагычынын жанына «Spyder-MR» ракета системасын жайгаштыруу иштерин бүтүргөнү туурасында кабар тараткан. Яхудий вужуду бул маалыматты четке каккан болсо да, бирок, Эфиопиянын (израилдеги) мурунку элчиси Йосеф Хилави яхудийлердин колунда Эфиопиядагы ГЭСтерди, Нахза суу сактагычын башкаруу боюнча келишимдер бар экенин айтты. Ал баса белгилеп мындай дейт: «Эфиопияда суугаруу, электр жана суу тармактарында яхудий вужудунун 240 инвестору иштеп жатат. О.э. суу сактагычтын курулушу бүткөндөн кийин бул вужуд Эфиопия суулары аркылуу үлкөн суугаруу долбоорлорун ишке ашыруу менен бирге суугаруу системаларын өнүктүрүү үчүн 200 миллион доллар каражат бөлгөн».

Көптөгөн маалыматтар ушуну көрсөтүп жатат – яхудий вужудунун тышкы иштер министрлигиндеги сүйлөшүүчүлөр тобу Эфиопиянын Мисир менен жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөрү үчүн механизм иштеп чыгып берген жана топто мурунку тышкы иштер министри Шаул Мофаз, «Моссад»дын мурунку разведкачысы Давид Кимхи сыяктуулар болгон. Андан тышкары, яхудий өкмөтү Борбордук банкта Нахза суу сактагычына кызмат көрсөтүү үчүн облигациялар жана векселдерди камтыган кайрымдуулук фондун ачкан. Өз кезегинде, Эфиопия өкмөтү да эксперименталдык баскычтарда иштөө үчүн яхудий эксперттерин жана техниктерин тартты. Ошол эле учурда, Судан ирригация министрлигинин мурунку кеңешчиси Хайдар Юсуф Эфиопия суу министрлигинде яхудий суу адистеринин атайын бөлүмү бар экенин ачыктады.

Яхудий вужудунун Судандагы ач көздүгүнө келсек, муну эки тараптын расмийлеринин тынымсыз визиттеринен ачык көрүү мүмкүн. Алардын акыркысы яхудий тышкы иштер министри Эли Коэндин Суданга келиши болду. Аны Судан суверендүү кеңешинин төрагасы тосуп алып, анын Фалестин калкынын канына бөлөнгөн колун кармап учурашты. (Уландысы бар).

 Роя гезити, №435, 2023-жыл, 22-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here