Орозо да, халифа да – калкан

903
7

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Орозо да, халифа да – калкан

 Устаз Насир Риза Мухаммадусман

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын

борбордук алакалар комитетинин төрагасы

Аллах Таала орозону мусулмандарга бир максатта, ал да болсо, таквалардан болушу үчүн фарз кылды. Аллах Таала айтат:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا كُتِبَ عَلَيْكُمُ الصِّيَامُ كَمَا كُتِبَ عَلَى الَّذِينَ مِنْ قَبْلِكُمْ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ﴾

«Эй, момундар, силерден мурунку өткөндөргө фарз кылынгандай, силерге да таква болушуңар үчүн саналуу күндөрдө орозо кармоо фарз кылынды»                                 [2:183]

Ошондуктан, Рамазан айы Куръан айы делгендей, таква айы деп да аталды.

Орозо – эң улуу ибадаттардан. Орозо кармаган адам жашыруун да, ашкере да өзүн күзөтүп турат. Бул болсо, Рамазандын өзгөчө касиети жана башка ибадаттар алдындагы фазилаты болуп эсептелет. Ыйман менен жана сооб үмүтүндө орозо туткан пенде үчүн Аллах Таалага калыс кылган ибадаттары ичинде орозонун орду башка. Чындыгында, пенделерге орозо кармоодо Аллах Өзү жардам берет. Ибн Маажа жана Ибн Хиббан Абу Хурайрадан Расулуллах ﷺдын мындай дегенин риваят кылат:

«إِذَا كَانَ أَوَّلُ لَيْلَةٍ مِنْ رَمَضَانَ صُفِّدَتِ الشَّيَاطِينُ، وَمَرَدَةُ الْجِنِّ، وَغُلِّقَتْ أَبْوَابُ النَّارِ، فَلَمْ يُفْتَحْ مِنْهَا بَابٌ، وَفُتِحَتْ أَبْوَابُ الْجِنَانِ فَلَمْ يُغْلَقْ مِنْهَا بَابٌ، وَنَادَى مُنَادٍ يَا بَاغِيَ الْخَيْرِ أَقْبِلْ، وَيَا بَاغِيَ الشَّرِّ أَقْصِرْ، وَلِلَّهِ عُتَقَاءُ مِنَ النَّارِ»

«Рамазан айынын биринчи кечеси болгондо шайтандар жана бузгунчу жиндер чынжырлар менен байланат. Тозок эшиктери жабылып, бирөөсү да ачылбайт. Бейиш эшиктери ачылып, бирөөсү да жабылбайт. Бирөө: «Эй, жакшылыкты каалоочу, кел, эй жамандыкты каалоочу, токто», – деп айтат. Аллахтын тозоктон азат кыла турган пенделери болот».

Бул хадистен көрүнүп тургандай, Аллах шайтандан жана бузгунчу жиндерди чынжыр менен байлоо менен пенделерине ушул улуу ибадатты аткарууларына жардам берди, момундарды Анын буйруктарына моюн сунуп, кайтарууларынан кайтууга үндөдү. Ушул жосунда Рамазанды бейиш дарбазалары ачылып, тозок дарбазалары жабыла турган итаат мезгилине айлантты. Мусулмандардан кимде-ким буларды кылса, Аллах амалына карап анын ажырын көбөйтө берет. Хадиси кудсийде мындай делет:

«كُلُّ عَمَلِ ابْنِ آدَمَ لَهُ إِلَّا الصِّيَامَ فَإِنَّهُ لِي وَأَنَا أَجْزِي بِهِ، وَالصِّيَامُ جُنَّةٌ، وَإِذَا كَانَ يَوْمُ صَوْمِ أَحَدِكُمْ فَلَا يَرْفُثْ وَلَا يَصْخَبْ، فَإِنْ سَابَّهُ أَحَدٌ أَوْ قَاتَلَهُ فَلْيَقُلْ إِنِّي امْرُؤٌ صَائِمٌ»

«Адам баласынын ар бир кылган амалы өзү үчүн. Орозо гана андан тышкары. Себеби, ал Мен үчүн жана анын сыйлыгын Мен Өзүм берем. Кимде-ким орозо кармаган болсо, аялына жакындык кылбасын жана бакырып-кыйкырбасын. Аны бирөө тилдесе же урушса, мен орозомун, деп айтсын».

Ал тургай, момун пенде бирөөлөр менен жаңдалдашуудан жана уятсыз сөздөрдү сүйлөөдөн алыс болуу менен кудум периште абалында болот. Анткени, ушул хадисте келгендей, кармаган орозосу ал үчүн калкан болот. Табароний «Муъжамул авсат»та Абу Хурайра розияллаху анхудан Расулуллах ﷺдын мындай дегенин риваят кылган:

«الصِّيَامُ جُنَّةٌ مَا لَمْ يَخْرِقْهُ. قِيلَ: وَبِمَ يَخْرِقُهُ؟ قَالَ: بِكَذِبٍ، أَوْ غِيبَةٍ»

«Орозо – калкан, эгер аны өрттөп жибербесе». «Эмне менен өрттөп жиберет?», – деп сурашты. «Жалган жана гыйбат менен», – деди». Ким анын кармаган орозосу Аллахка итаат кылууга жана Ага калыс ибадат кылууга үндөгөн ыйман менен кармалган орозо боушуна о.э. кожо көрсүн же ат чыгаруу эмес, ажр-сообу эсеп күнүнө запас болот деген үмүт менен гана кармалган орозо болушуна катуу аракет кылса, ал сыйлыкка жетет жана анын мурунку күнөөлөрү кечирилет.

«مَنْ صَامَ رَمَضَانَ إِيمَاناً وَاحْتِسَاباً غُفِرَ لَهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِهِ»

«Ким Рамазанда ыйман менен жана соопту үмүт кылып орозо кармаса, мурунку күнөөлөрү кечирилет». Аллахтын мээримдүүлүгүн карагыла, Рамазан орозосун кармай албаган үзүрдүү кишилерде да ыйман менен, ажр-соопту үмүт кылып орозо кармаган кишилердин сообун берет жана мурунку күнөөлөрүн кечирет.

Муаз ибн Жабалдан риваят кылынган хадисте ал мындай дейт: «Мен Набий ﷺ менен сапарда элем, жолдо бара жатып ага жакындашып калдым. Ошондо: «Я Расулуллах, мени бейишке жеткире турган жана тозоктон сактай турган сөздү үйрөтүңүз», – дедим. Ал айтты:

«لَقَدْ سَأَلْتَنِي عَنْ عَظِيمٍ وَإِنَّهُ لَيَسِيرٌ عَلَى مَنْ يَسَّرَهُ اللَّهُ عَلَيْهِ؛ تَعْبُدُ اللَّهَ وَلَا تُشْرِكْ بِهِ شَيْئاً، وَتُقِيمُ الصَّلَاةَ، وَتُؤْتِي الزَّكَاةَ، وَتَصُومُ رَمَضَانَ، وَتَحُجُّ الْبَيْتَ، ثُمَّ قَالَ: أَلَا أَدُلُّكَ عَلَى أَبْوَابِ الْخَيْرِ؟ الصَّوْمُ جُنَّةٌ، وَالصَّدَقَةُ تُطْفِئُ الْخَطِيئَةَ كَمَا يُطْفِئُ الْمَاءُ النَّارَ»

«Улуу нерсе туурасында сурадың. Бирок, ал Аллах жеңил кылган киши үчүн жеңил: Аллахка ибадат кылып, Ага эч нерсени шерик кылба, намазды оку, зекет бер, Рамазан орозосун карма, Байтуллахты хаж кыл. Кийин дагы айтты: Сага жакшылык дарбазаларын көрсөтөйүнбү? Орозо – калкан. Ал эми, садака кудум суу отту өчүргөндөй, күнөөлөрдү өчүрөт». Демек, кимде-ким орозо кармаса, анын мүчөлөрү да орозо кармаса, көздөрү харамга кароодон орозо тоссо, кулактары жаман, уятсыз жана маанисиз сөздөрдү угуудан орозо кармаса, тили да Аллахты зикринен жана акыйкат сөздөн башка нерселерди айтуудан орозо кармаса, колу харам кесип кылуудан орозо кармаса, буту харам же батылга басуудан орозо кармаса, анда, анын орозосу чынында калкан жана коргоо болот. Бул таква-муттакиндердин амалы, алар Аллахтан коркушат жана халал кылган нерсесин халал, харам кылган нерсесин харам деп билишет, Аллахтын Китеби менен өкүм жүргүзүп, Пайгамбары ﷺдын Сүннөтүнө амал кылышат. Ал Умматтын коргоосу жана ишинин тууралыгы жөнүндө айтат:

«إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»

«Имам-халифа – анын артында туруп согуш кылына турган жана аны менен коргонула турган калкан». Демек, орозо пенде үчүн калкан жана коргоо болгондой, артында туруп согуш кылына турган, аны менен коргонула турган халифанын болушу да Уммат үчүн калкан жана коргоо болуп эсептелет.

Бул хадисте Аллах түшүргөн өкүмдөрдөн башка мыйзамдар менен өкүм жүргүзгөн, кафирлердин «сүннөт» жана «шариятын» ээрчип, Расулуллах ﷺ алып келген акыйкат сөздү четке таштаган бүгүнкү күндөгү өкүмдарларды эмес, аманатты аткара турган жана Умматка насаат кыла турган өкүмдардын болушу керектигине ачык чакырык камтылган. Аллах Таала айтат:

﴿إِنَّ اللَّهَ يَأْمُرُكُمْ أَنْ تُؤَدُّوا الْأَمَانَاتِ إِلَى أَهْلِهَا وَإِذَا حَكَمْتُمْ بَيْنَ النَّاسِ أَنْ تَحْكُمُوا بِالْعَدْلِ إِنَّ اللَّهَ نِعِمَّا يَعِظُكُمْ بِهِ إِنَّ اللَّهَ كَانَ سَمِيعاً بَصِيراً﴾

«Албетте, Аллах силерди аманаттарды өз ээлерине тапшырууга жана адамдар арасында өкүм кылганыңарда адилет өкүм кылууга буюрат. Албетте, Аллах силерге эң жакшы насыяттарды кылат. Албетте, Аллах угуучу, көрүүчү»                                               [4:58]

Демек, ар бир муслим жана муслима Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылып жаткандар менен биргеликте ушул калкан имам-халифаны тикелөө үчүн аракет кылышы керек. Уммат перзенттери, өзгөчө кошуундары олуттуу амал менен Аллахка итаат кылып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылып жаткандарга нусрат-жардам бериши о.э. мурунку кайдыгерликтери үчүн Аллах Азза ва Жаллага тообо кылышы кажет. Аллах Таала айтат:

﴿إِنَّ الَّذِينَ اتَّقَواْ إِذَا مَسَّهُمْ طَائِفٌ مِنَ الشَّيْطَانِ تَذَكَّرُواْ فَإِذَا هُم مُّبْصِرُونَ﴾

«Такваларды шайтан тарабынан бирер азгырык кармаса, (Аллахты) эстешет, анан (туура жолду) көрө башташат»                                                                                             [7:201]

 

Роя гезити, №437, 2023-жыл, 5-апрель.

7 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here