بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
﴿وَقَدْ مَكَرُواْ مَكْرَهُمْ وَعِندَ اللَّهِ مَكْرُهُمْ وَإِن كَانَ مَكْرُهُمْ لِتَزُولَ مِنْهُ الْجِبَالُ﴾
«Чынында эле, алар өздөрүнүн айлакерликтерин кылышты. (Бирок) эгер алардын айла-амалдары себептүү тоолор жемирилип кете турган болсо да, алардын (бул) айла-амалдары Аллах алдында (маалым)»
Ислам Умматы жашоого Ислам кайтып, Ислам өкүмдөрү Умматты башкара турган жана залим башкаруу заманына чекит коё турган күнгө умтулууда. Бул жабыр көрсөтүүчү залим башкаруу заманында Ислам бийликтен четтетилип, башкаруу аркандары үзүлдү, Ислам турмуш жана мамлекеттен ажыратылып, мусулман өлкөлөрүндө илманийлик бүтүндөй өкүмдар болду. Илманийлер Умматтын акыйдасы, мурасы жана узун тарыхы ордуна Батыштын идеологиясын эгүү үчүн өз иттерин Умматтын мээсин жеш үчүн коё беришти. Бирок, алар бир кылымдан ашуун жумшаган ушунча аракети абага күлдөй сапырылганын көргөн соң, эмне кылууну билбей калышты… Уммат Исламды бийликке кайтаруу жана материяны рухка, саясатты Аллахтын өкүмдөрүнө байлоодо о.э. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин кайра тикелөөдө канчалык бекем турганын көрүп эс-акылдарын жоготушту. Бул болсо, алар Умматты, анын акыйдасын, мурасын, уламаларын жана даъватты көтөрүп чыккандарды жек көрүүлөрүн ачык айтууга мажбур кылууда. Бирок, алардын айла-амалдары албетте өздөрүнө кайтарылат жана Аллах Субханаху ва Таала Умматка кайрадан нусрат берип, күч-кубатына жана Өзү каалагандай, адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Уммат макамына кайра көтөрөт.
Роя гезити, №437, 2023-жыл, 5-апрель.