«Алар “Ал качан болот?” деп (сурашат). “Балким, жакында болоор” деп айткын!»

751
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

﴿وَيَقُولُونَ مَتَى هُوَ قُلْ عَسَى أَنْ يَكُونَ قَرِيباً﴾

«Алар “Ал качан болот?” деп (сурашат). “Балким, жакында болоор” деп айткын!»

Региондогу яхудий вужуду кудум бир жара сыяктуу. Бирок, региондогу мусулман өкүмдарлары арасында бул вужудду түп-тамырынан жок кылууга же тыйып коюуга аракет кылганы жок, тескерисинче, алардын баары бул вужуд менен мамилелерди нормалдаштырууга шашылышууда! Ошондуктан, бул вужуд кеңейүүнү жана ага коркунуч салган ар кандай коркунучту жок кылууну ойлоп жатат. Ал ушул коркунучту бир өзү эмес, ушул мусулман өкүмдарлары менен шериктештикте жана алардын унчукпоосу менен жок кылууга урунуп жатат! Ислам топурагы болгон мубарек Фаластин жерин басып алган бул вужудга согуш абалындагы мамиле кылынышы керек. Себеби, аны менен кадыресе мамиле кылуу чоң күнөө болуп эсептелет:

﴿إِنَّمَا يَنْهَاكُمُ اللَّهُ عَنِ الَّذِينَ قَاتَلُوكُمْ فِي الدِّينِ وَأَخْرَجُوكُمْ مِنْ دِيَارِكُمْ وَظَاهَرُوا عَلَى إِخْرَاجِكُمْ أَنْ تَوَلَّوْهُمْ وَمَنْ يَتَوَلَّهُمْ فَأُولَئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ﴾

«Аллах силерди жалгыз диниңер туурасында силер менен согушкан, силерди өз журтуңардан кууп чыгарган жана силерди кууп чыгарууда бири-бирине жардамдашкан кимселер менен достошууңардан кайтарат. Кимде-ким алар менен достошсо, дал ошолор залимдердин өзү»                                                                                                                                       [60:9]

Бул аткарылыш фарз болгон шаръий өкүм. Мусулман өлкөлөрүндөгү өкүмдарлар аны аткарууну каалашпаса да же алардын колонизатор кожоюндары буга уруксат беришпесе да, айырмасыз, Ислам Умматы тирүү. Ал бул акаараттарга көпкө сүкүт сактабайт. Тынч турганы болсо да кудум олжосуна чабуул кылууга даяр турган арстандын тынч турганы жана Аллахтын уруксаты менен, жакында секирип, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелеп, исламий жашоону кайрадан баштайт. Халифа Умматы бириктирип бүткүл Ислам кошуунуна командачылык кылуу менен мурун яхудийлерди кор кылгандай дагы кор кылат о.э. мурун Аксага кирип баргандай дагы кирип барат жана аны тебелеп-тепсеген яхудийлерди жер менен жексен кылат.

﴿وَيَقُولُونَ مَتَى هُوَ قُلْ عَسَى أَنْ يَكُونَ قَرِيباً﴾

«Алар: “Ал качан болот?” деп (сурашат). “Балким, жакында болоор” деп айткын!» [17:51]

 

Роя гезити, №437, 2023-жыл, 5-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here