Россия Финляндиянын НАТОго кошулуусуна жооп кайтарууга убада берди
Кабар: РФ Тышкы иштер министрлиги Финляндиянын НАТОго кошулушуна жооп кайтарат. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министринин орунбасары Александр Грушко билдирди.
Ал “Риа Новости” агенттигине берген билдирүүсүндө: “Чаралардын бир бөлүгү алда качан эле жарыяланган. Биз батыш жана түндүк-батыш багытында аскердик потенциалыбызды бекемдейбиз. Эгерде НАТОнун башка мүчөлөрүнө таандык аскердик күчтөр жана унаалар Финляндияга жайгаштырылса, Россиянын аскердик коопсуздугун бекем түрдө камсыз кылуу үчүн кошумча кадамдарды таштайбыз», – деди.
3-апрель күнү НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Финляндия 4-апрелде НАТОнун 31-мүчөсү катары жарыялана турганын жана анын желеги НАТОнун штаб-квартирасында илине турганын билдирген.
Комментарий: Россия Украинага баскынчылык согушун НАТОнун чыгышка карай кеңейишинин алдын алуу жана кошуна Украинада НАТОнун таасирин күчөтпөө максатында баштаган эле. А бирок, Россия согушта көздөгөн максатына жете албады, бирок, согуштун Россия үчүн терс акыбеттери көрүнө баштады. Россиянын кол салуусунан кийин көптөгөн жылдар бейтараптык позицияны карманып келген Финляндия менен Швеция шашылыш түрдө НАТОго мүчө болууга арыз жазышты. Көпчүлүк саясатчылар Финландиянын альянска мүчө болушу жай мезгилине туура келерин божомолдоп жатышкан. А бирок, АКШ бул ишти кечиктирип отурбай аны тездик менен альянска кошуу тууралуу чечим кабыл алды. Финландия НАТОго мүчө болгондон кийин ал альянстын бардык мүчөлөрү арасынан Россия менен эң узун чек арасы бар мамлекетке айланат. Эки өлкө чек арасынын узундугу 1340 километр болуп, чек ара сызыгы Санкт-Петербургдан болгону 200 километр аралыктан өтөт. Түркия азырынча Швециянын альянска мүчө болушуна тоскоолдук кылып жатканы менен, Эрдоган өзүнүн максаттарына жеткенден кийин т.а. НАТОго мүчө мамлекттерден экономикалык жана аскердик жардам алуу о.э. Түркия-Сирия чек арасында күрттөрдүн куралдуу топторунан таза буфердик аймак түзүү максаттарына жеткенден кийин Швециянын да альянска кошулушуна ыраазы болот.
Азырынча Финляндия НАТОго мүчө болуп жатат. Жакынкы келечекте Швеция да мүчө болоруна шек-күмөн жок. Эгер аталган эки мамлекет альянска кошула турган болсо, НАТО Балтика деңизинде кеңири масштабдуу жана ийгиликтүү аракеттерди алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мындай абалда Балтика деңизине чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон Россиядан башка бардык мамлекеттер НАТОнун мүчөсүнө айланып, Россиянын Балтика деңизиндеги стратегиялык туруму алсырайт жана Балтика деңизи НАТОнун көзөмөлүндөгү деңизге айланат. Бул болсо, Россия үчүн Украина согушунун эң бир олуттуу саясий акыбеттеринин бири болуп, Путиндин империалисттик амбицияларына олуттуу саясий сокку болот. Путин буга жол бербестик үмүтүндө АКШ жана НАТО мамлекеттерин стратегиялык куралдар менен коркутууга аракет кылып келет. А бирок, Путин режиминин бул коркутуулары “тиши жок жолборстун күркүрөшүнөн” башка нерсе эмес.
Абдурахман Адилов