Садыр Жапаров Синьцзяндын Компартиясынын катчысы менен жолугушту
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий Бюросунун мүчөсү, КЭРдин Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуяны Бишкек шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында кабыл алды.
Жолугушууда Жапаров биргелешкен транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана товар жүгүртүүнүн көлөмүн андан ары жогорулатуу үчүн соодада өз ара пайдалуу шарттарды түзүү келишимдерине өзгөчө көңүл бурду.
Товар жүгүртүү жөнүндө айтып жатып, Синжуй Кыргызстан СУАРДЫН эң ири өнөктөшү болгонун жана өз ара сооданын көлөмү 1 млрд АКШ долларына жеткенин баса белгиледи.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун маанисин белгилеп, Ма Синжуй анын экономика үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.
СУАРдын ККП катчысы ошондой эле Кыргызстан менен энергетика, медицина, маданият жана туризм тармагында өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сунуштарын айтты, ошондой эле КРдин студенттерин КЭРдин ЖОЖдорунда окутууга квоталарды көбөйтүүнү сунуштады.
Комментарий:
Чындыгында, Кытай менен болгон экономикалык долбоорлордун өсүп жатышы Жапаровду мусулмандардын өз динин тутунушуна байланыштуу маселелерге унчукпай коюуга мажбур кылууда. Кытай өкмөтү менен келишилип жаткан пайдалуу долбоорлор бул кудайсыз бутапарстардын мусулмандарды эзүүсу боюнча көз карандысыз иликтөөлөрдүн отчетторунун одоно фактыларын көрмөксөнгө салууга түртүп жатканына күбөбүз. Ал эми Кытайдан качып келген этникалык Борбор Азия элдеринин калын катмарга айтып берген окуяларын айтпай эле коелу.
Рамазан айынын башталышы менен Кытай, андагы мусулмандарга орозо кармоого тыюу салуусун күчөтүп, көзөмөл жүргүзүп, атүгүл камакка алышты. Орозонун бүткүл мезгилинде бийлик 1811 айылдан [Синьцзяндагы] уйгур үй-бүлөлөрүнүн үйлөрүн текшерүү менен кошо күнү-түнү байкоо жүргүзүү тутумун киргизүүдө.
Түндүк-Батыш Синьцзян аймагындагы уйгурлардын балдарына орозо кармабоосу керектиги жөнүндө расмий эмес буйрук берилген, жана ата-энеси орозо кармайбы же жокпу бул тууралуу балдарды суракка алуусу тууралуу маалымат жергиликтүү аткаминерлердин жана укук коргоо уюмдарынын маалыматынан улам белгилүү болду.
Уйгурлардан тышкары, Кытайда хуэй сыяктуу башка мусулман элдери жашайт, алардын саны 11,4 миллионго жакын, алар Коммунисттик партиянын динге каршы темирдей эрежелеринен улам толугу менен жок болуу коркунучунда турат.
Си Цзинь Пиндин Исламга каршы багытталган исламофобиялык риторикасы глобалдык ислам менен күрөшүү дискурсуна шайкеш келет. Андыктан, бул жердеги мусулмандар Синьцзяндагы “антитеррордук” кампаниянын бутасына айланышты, ал жерде 100 000ден ашык хуэй калкы уйгурлар менен бирге “кайра тарбиялоо” лагерлерине жөнөтүлгөн. Ал эми уйгурлардын саны расмий түрдө 2 миллионго жеткен жана иш жүзүндө эселеп көп.
Ошондой эле Кытай өкмөтү башка мусулман элдеринин өкүлдөрүнө да зомубулук көрсөтүшүп, “кайра тарбиялоо” лагерлерине жиберип жана мажбурлап ишке тартуу, системалуу зордуктоо, сексуалдык зомбулук жана мажбурлап боюнан алдырууларды ишке ашырып келишет, ошондой эле көптөгөн кыйноолордон каза болгондор да арбын экени айтылууда.
Рамазан айында билим берүү тармагындагы адамдарга, айрыкча мугалимдерге, студенттерге жана өкмөттө иштеген бардык чоңдорго орозо кармоого тыюу салынганы белгилүү болду.
Мындай катастрофалык кырдаалдын фонунда, Ыйык Рамазан айында, бир дагы Борбордук Азиянын мусулман башкаруучуларынын ичинен өз динин тутунууда мусулмандарга тилектештик билдирип жана аларды басынтуусуна каршы бир аз болсо да талаптарды, жада калса бул маселе боюнча кыйытма эскертүүлөрдү да укпайбыз, бул болсо, ыймансыз Кытайга мусулмандарды эзүүнү улантууга мүмкүндүк берет.
Экономикалык өнөктөштүк жөнүндө гана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мусулмандарга карата ачыктан ачык чыккынчылык жана кемсинтүү, Кытайдын мусулмандарга карата душмандык саясатын моюнга албоо.
Латыфуль Расых