Болуп жаткан окуялар Фалестин администрациясынын жана мусулман режимдеринин саткындыгын ажайып түрдө ачып таштоодо

688
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Болуп жаткан окуялар Фалестин администрациясынын жана мусулман режимдеринин саткындыгын ажайып түрдө ачып таштоодо

Фалестин администрациясы АКШ демөөрчүлүгү астында, кылмышкер Иордания жана Мисир режимдеринин катышуусунда яхудийлердин кылмышкер расмийлери менен Акаба саммитинде жолугушканы туурасында Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестин вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Бул жолугушуу яхудий вужуду Наблус жана Жанин сыяктуу жерлерде мусулмандардын канына колдорун малып жатканда болуп өткөндүгү Фалестин калкына каршы кылмыштуулук, кыянаттык, тил бириктирүү жана маскаралоо чокусуна жеткенин көрсөтүүдө…

Шексиз, яхудий вужудунун келишимдерге амал кылышына ишенүү саясий сокурлук гана эмес, малайлыктын дал өзү. Жолугушууда Фалестин администрациясы абалды солгундатуу жана зомбулукту алдын алууга таянып жаткандыгы туурасындагы сөздөрү да бир маанини т.а. мужахиддерди куугунтуктоо жана камоону, яхудийлер эч кимдин каршылыгысыз беймарал кылмыштарды жасап жатышканда фалестиндиктерди куугунтуктоодо яхудийлер менен коопсуздук келишимин бекемдөөнү түшүндүрөт. Буга Хавара шаарында болгон окуя ачык-айкын далил. Келишимде айтылган тарыхий ыйык жайларды коргоо деген сөз яхудийлердин Акса мечитине бастырып кирип, намазкөйлөргө басым өткөрүүлөрүнө чекит коюуну түшүндүрбөйт. Себеби, бул келишим аркылуу яхудий вужуду кылмыш жана душмандыгын улантышы үчүн Иордания жана Мисир тарабынан жашыл чырак жандырылды.

Эки тарап ортосунда байланыш каналдарын ачуу жана кызматташтыкты бекемдөө жөнүндөгү сөздөр Фалестин администрациясы яхудий вужудуна дагы да «чоң» коопсуздук кызматтарын көрсөтөрүн түшүндүрөт».

Билдирүүнүн акырында мубарек жердин калкына мындай делди: «Бул окуялар Фалестин администрациясынын жана мусулман режимдеринин саткындыгын ажайып түрдө ачып таштады. Бүгүн алардын өз айыптарын жашыра турган эч нерсеси калбады. Алар силерге кыянаттык кылууну жана силерге каршы күнү-түнү согушуп жаткандар менен кызматташтык орнотууну уят деп билбей жатышат. Демек, алардан жана алардын саясаттарынан алыс тургула. Кайрылууңарды Ислам Умматы арасындагы тирүү күчтөргө багыттагыла, кайрылууңар Муътасимбиллах жана Айюбий сыяктуу чыныгы эр кишилердин кулагына жетип, алар яхудий вужудун жана анын куйруктарын түп-тамыры менен кулатуу менен алардын жырткычтыгынан Умматты куткарышса ажеп эмес. Бул Аллахтын уруксаты менен албетте ишке ашат».

 Роя гезити, №433, 2023-жыл, 8-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here