Акылбек Жапаров: Орус тилине зыян тийгизбеш керек

930
0

Акылбек Жапаров: Орус тилине зыян тийгизбеш керек

 Кабар: Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров орус тилине зыян тийгизбестен кыргыз тилди өнүктүрүү керектигин билдирди. Бул тууралуу Акылбек Жапаров “Мир” телеканалына берген интервьюсунда айтты.

 Акылбек Жапаров: “Маалыматтык инфраструктура Советтер союзу доорундагыдай сакталып келүүдө. Бүгүнкү күндө биз “Алиса”нын  кыргызча сүйлөшүн ойлоп жатабыз. Биз мамлекеттик тилди орус тилине зыян тийгизбестен өнүктүрүшүбүз керек”, – деди.

 Жапаровдун айтымында, Кыргызстандын билим берүү тармагы кыргыз, орус, англис тилдерин жана компьтер тилин үйрөтүүгө багытталган. О.э. ал кыргыз тилин билүү керектигин, айрыкча чиновниктер билиши керектигин кошумчалады.

 Буга чейин президент Садыр Жапаров да орус тили өлкөдө расмий тил бойдон каларын, себеби Россиясыз Кыргызстанга “оор болорун” айткан эле.

Комментарий: Сакафат – акыйда, тил, адабият, тарых жана мыйзамдар топтомунан турат. Сакафат адамдагы дүйнө карашты калыптандыруучу фактор болуп эсептелет. Адамдардагы дүйнө караштын калыптанышы мына ушул адамдарга берилип жаткан сакафаттын кайсы ишенимге же кандай түшүнүктөргө негизделишине байланыштуу болот.

 Ошол себептен да колонизатор мамлекеттер кайсы жерди басып алышына карабастан, биринчи кезекте жергиликтүү элдин акыйдасын бузууга, аларды тарыхы жана адабиятынан алыстатууга, өз тилин өкүмдар тилге айландырууга көңүл бурушат. Тарых жана адабияттан ажыратуунун эң оңой жолу – жергиликтүү элдин алфавитин өзгөртүү. Биздин жерлерди колония кылып алган баскынчы коммунисттер да алгач ушул жактарга көңүл бурду. Бизди тарыхыбыз менен байланыштырып турган араб алфавитин жокко чыгарып, анын ордуна алгач латын, кийинчерээк кирилл алфавитин киргизди. Натыйжада калк өз тарыхы жана адабиятынан ажыраган сабатсыздарга айланды. Кудайсыз коммунисттер бизди тарыхыбыздан ажыраткан соң, өздөрүн биз өрнөк ала турган адамдарга айландырышты. Биз Маркс, Энгельс, Ленин, Сталин жана башкаларды көсөм жол башчылар, ал эми коммунисттерди мазлум элдерди куткаруучулар катары ардактап, өлкөнүн эгемендүүлүгү жана азаттыгы жолунда күрөшкөн ата-бабаларыбызды “басмасчылар” деп жаман көрдүк…

 Бүгүнкү күндө сакафат жаюунун эң ыңгайлуу жолу ЖМКлар – гезит, журнал, телевидение жана кино тармагы болуп калды. Кудайсыз коммунисттер мамлекети кулап, анын акыйдасын көтөрүп чыгуучу мамлекет калбаган болсо да, өзүн анын мураскору деп эсептеген Россия дагы деле үстүбүздөгү таасирин сактап калууга олуттуу көңүл буруп келет. Акимдерибиз да Россияны ыраазы кылуу үмүтүндө өз калкынын каалоосуна каршы барышууда. Бүгүн өкмөттөрүбүз элдин салыктары эсебинен орус каналдарына акча төлөп, орустун үгүт машинасы активдүү иштешине шарт түзүп келет. Натыйжада, бүгүнкү күнгө чейин “биз Россиясыз эч нерсе кыла албайбыз”, “Россия болбосо биз жок болуп кетебиз” деген манкурттар Россиянын ар кандай карамүртөздүгүн колдоп жатышат.

 Сакафат ушундай бир кубатка ээ болуп, аскерий, экономикалык жана саясий кубат анын ордун баса албайт. Бүгүнкү күндө күбө болуп жатканыбыздай, Россиянын Украинага баскынчылык согушунда да сакафат негизги орунду ээлеп турат. Украин калкы орус сакафатынан кутулуп – батыл болсо да – батыш сакафаты менен сугарылып жетишкени себептүү карапайым калк да орус баскынчыларына каршы чыгууда. Себеби, кулдуктан эң алгач пикирий жактан кутулат. Эгер калкынын зээнинде азыркыга чейин орус сакафатынын таасири болгондо, анда Путин арзуу кылгандай, Киевди үч күндө ээлеп, жергиликтүү калк орус армиясын гүл менен тосуп алмак. Украин армиясы жана калкы бүт дүйнөгө орус армиясынын аскерий кубаты көбүртүп көрсөтүлгөн нерсе экендигин далилдеп койду. Россия Украинаны толук басып алган күндө да, жеңилип бүттү. Себеби, элдин зээнинде оруска карата душмандык калыптанып болду. Бизде болсо мунун тескериси. Россиянын аскерий же башка жол менен бастырып келишине зарылдык жок. Себеби, биздин жетекчи жана чиновниктерибиз Россияга көз карандылыктан кутулушпаган.

 Чыныгы көзкарандысыздыкка эл кабыл алган акыйда жана ушул акыйдадан келип чыккан мыйзамдарды жашоодо колдонуучу Халифалык мамлекети аркылуу гана жетүүгө болот. Бул мамлекетте мусулмандар исламий сакафат менен сугарылып, чыныгы көсөм ким экендигин, кимден өрнөк алып, кимди ээрчүү керектигин түшүнүп жетишет жана жашоодон көздөлгөн максатын белгилеп алышат. Мына ошондо пайгамбарыбыз Мухаммад соллаллоху алайхи ва саллам сийратында болгону сыяктуу, дарактардын жалбырактарын жешке туура келсе да, өз максат жана жолунан кайтышпайт, кулдук кишендерин моюнга алууга ыраазы болушпайт.

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here