بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Нетаньяхунун Амманга сапарынын негизги себеби
Устаз Ахмад Хутваний
Яхудий вужудунун премьер-министри Биньямин Нетаньяху 2023-жылы 24-январда Иордания борбору Амманга сапар кылды. Биньямин Нетаньяху өлкө королу Абдуллах II менен кеңири көлөмдүү сүйлөшүү жүргүздү. Сүйлөшүүгө Иордания жана яхудий вужудунун коопсуздук кызматынын жетекчилери да катышышты.
Жолугушууда Иордания королу «1967-жылдан берки тарыхий жана укуктук абалды урматтарын» билдирип, Акса мечитин башкарууга бирден-бир жоопкер Иордания вакф администрациясы экенин баса белгиледи. Абдуллах II яхудий вужудунун өкмөтү бул мечитке аралашуу укугуна ээ эместигин айтып, тынчтык жараянын тикелөө үчүн жаңы саясий баракты ачуу үчүн басып алынган аймактардагы зомбулуктарды токтотууну талап кылды… О.э. тынчтык жана «эки мамлекет» чечимине аткаруу мүмкүнчүлүктөрүнө зыян жеткире турган ар кандай чараларды токтотуу зарыл экендигин кошумчалады.
Бул билдирүүлөр Иордания массалык маалымат каражаттары тарабынан таратылып, расмий араб массалык маалымат каражаттарында кайра-кайра айтылып жаткан тамтыгы чыккан пластинка болуп эсептелет.
Нетаньяхуга келсек, ал король Абдуллахтын билдирүүсүн макулдаган бир да билдирүүсү берген жок. Нетаньяхудан кыйыр түрдө жана кыскача берилген кабарда ал «Акса мечитиндеги учурдагы укуктук макамды сактап калуу милдетин өз мойнуна алгандыгы» гана айтылды. Бул так ачыкталбаган сөз, «укуктук макам» деген сөздү ар түрдүү чечмелесе болот. Муну яхудий вужудунун тынымсыз провокациялык иш-аракеттери тастыктап турат. Бул болсо, Иорданиянын Акса мечити карата опекундугунун ар кандай маанисин жокко чыгарат.
Ал эми, Иордания массалык маалымат каражаттары Нетаньяхунун сапары жөнүндө ачыктабаган окуялар иброний массалык маалымат каражаттарында ачык айтылды. Алардын айтымында, жолугушууда эки тарап стратегиялык, коопсуздук жана экономикалык маселелерди талкуулаган, башка маселелерге өтпөгөн. Анткени, Иордания массалык маалымат каражаттарынын кабарларынын тескерисин Фалестиндеги окуялар көрсөтүүдө. Себеби, яхудий вужуду Нетаньяхунун сапарынан мурун да, кийин да Фалестин калкын камакка алуу, кол салуу жана чабуул уюштуруу, Акса мечитине бастырып кирүү, үй-жай куруу иштерин кеңейтүү о.э. Фалестин калкын өз жеринде жашоо укугунан куру калтыруу сыяктуу кылмыштарды жасап, дагы да күчөтүп келүүдө. Ал тургай, Иорданиянын яхудий вужудундагы элчиси Гассан Мажалийдин акааратталганы үчүн баскынчылардын өкмөтү кечирим сураган жок. Акыйкатта болсо, бул кимсе дипломатиялык мамилелердин эң жогору формасын билдирген өкүл болуп эсептелет. Тескерисинче, яхудий вужудунун маданият жана спорт министри Мики Заар Нетаньяхунун Амманга жасаган сапарынан кийин мындай билдирүү берди: «Король (Абдуллах) билип койсун, (израилде) анын эч кандай опекундугу жок. Акса мечити – яхудийлердин эң ыйык жери. Король биздин (израилге) кайтканыбызга көнүшү керек».
Жолугушууга катышкан жана ибраний радиосуна интервью берген бир булактын ушул билдирүүсү Абдуллах менен Нетаньяхунун жолугушуусу Акса мечитине да, Иорданиянын опекундугуна да байланышы жок экенин, тескерисинче, эки мамлекет ортосундагы коопсуздук жана стратегиялык кызматташтыкты бекемдөөгө байланыштуу экенин көрсөтүп жатат. Билдирүүдө мындай делет: «Жолугушуу жакшы чөйрөдө өттү жана бул бири-бирин көптөн бери жакшы тааныган эки жетекчинин жогорку даражадагы мамилелерин көрсөткөн эң жакшы жолугушуулардын бири болду».
Бул жолугушуудан эки апта мурун яхудий вужудунун коргоо министри Йоав Галант Нетаньяхунун сапарына даярдык көрүү үчүн Иорданияга жашыруун сапар кылган. «Ванит» ибраний веб-сайтынын кабарына ылайык, Йоавдын сапары эки тараптын ортосунда коопсуздук тармагында кызматташтыкты бекемдөөнү камтыган.
Демек, Нетаньяхунун сапарынан көздөлгөн негизги бирден-бир максат эки мамлекет ортосундагы жаңы эки тараптуу долбоорлорго жол бербей жаткан тоскоолдуктарды жоюу жана экономикалык тармактагы кызматташтыкты тездетүү болгон. Ал эми, королдун Акса мечитинин тарыхий жана укуктук абалы туурасындагы билдирүүсүнүн эч кандай мааниси жок. Себеби, маселе эки мамлекет ортосундагы коопсуздук, экономикалык жана стратегиялык кызматташтыкты бекемдөө болгон, король айткандай Иорданиянын Акса мечитине өкүлдүгү да, тынчтык жолдорун издөө да, «эки мамлекет» чечимин аткаруу да болбогон.
Иордания режими менен яхудий вужудунун мамилелерин бул даражада бекемдөө Фалестин маселесине каршы кезектеги тил бириктирүү саналып, мусулмандарга, Иордания жана Фалестин калкына каршы фитна болуп эсептелет. О.э. яхудий вужудунун коопсуздугун коргоо милдетин Иордания мамлекетине, анын армиясына жүктөө, өлкөнүн потенциалдарын иорданиялыктарды, фалестиндиктерди жана мусулмандарды четке сүрүп, яхудийлердин коопсуздук жана экономикалык талаптарына жумшоо болуп саналат. Мындан улам, король жана анын режими бир өрөөндө болсо, Ислам Умматы башка өрөөндө. Бул режим Иордания калкынын желкесине минген абалда тура берсе, бул эр жүрөк калк өз укуктарын эч качан колго ала албайт, тескерисинче, анын абалы ар бир тармакта дагы да оорлошо берет.
Иордания калкынан мындай малай режимди түп-тамыры менен кулатуу талап кылынат. Муну менен, бүткүл Фалестинди яхудий мамлекетинин баскынчылыгынан азат кылуу үчүн Умматтын активдүү күчтөрү алдында мүмкүнчүлүк жолдору ачылышы керек.
Роя гезити, №428, 2023-жыл, 1-февраль.