Маккарти менен Нетаньяхунун демократия куру кыялдары

741
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Маккарти менен Нетаньяхунун демократия куру кыялдары

Устаз Абу Муътазбиллах Ашкар

Республикачылар партиясынын он беш раунддуу ийгиликсиздигинен кийин Республикачылардан болгон Маккарти Демократтар партиясынан болгон Пелосинин ордуна спикерликти ээледи. Спикерлик үчүн мындай он беш раунддуу кайра шайлоо бир жүз алтымыш жылдан бери болбогону айтылат. Бул окуя яхудий вужудунда түзүлгөн коалиция өкмөтүн эстке салат. Т.а. Нетаньяху жетектеген Ликудду бириктирген күчсүз союз болбогондо бул коалициялык өкмөт да түзүлмөк эмес. Нетаньяху өкмөт түзүү үчүн төрт диний партия менен келишүүгө мажбур болду, акыбетте, аларга чоң жан берүүлөргө барды.

Маанилүүсү, АКШдагы абал менен яхудий вужудундагы абалдын окшоштугу – бул экөөсүндөгү чоң жан берүүлөр. Маккарти спикерликке шайлануу үчүн Республикачылар партиясындагы катуу позицияда тургандарга жан берген болсо, Нетаньяху өкмөт түзүү үчүн төрт партияга жан берди. Америкадагы абалда Маккарти Өкүлдөр палатасындагы талкууну чечүү максатында добуштарды сатып алуу үчүн жан берүүгө мажбур болду. Негизи, абалды күзөткөндөр палатадагы Республикачылар көпчүлүккө ээ болсо да, алардын иш-аракеттери күчсүздөнүшүн божомолдоп жатышкан. Мындай божомолго себеп – Республикачылар партиясындагы өз ара келишпестиктер. Маккарти сунуштаган жан берүүлөрдүн дагы бири – ал өз партиясындагы катуу поизицияда турган оңчулдарга Өкүлдөр палатасынын Таасирдүү эрежелер комитетиндеги орундарды берди. Негизи, палатанын эрежелерин иштеп чыга турган да, кайсы мыйзам долбоору добушка коюлушу, канча мөөнөт талкууланышы, кабыл алынышы үчүн зарыл болгон добуштардын саны жана ал аркылуу алга сүрүлүшү мүмкүн болгон өзгөртүүлөр туурасында чечим бере турган да мына ушул комитет болот. Бул жан берүү себептүү эми Республикачыл катуу позицияда турган оңчулдар бардык маселелерде өкүмдарлык кыла турган болот. Мындан тышкары, бул абзелдиктер аларга келечекте мамлекеттин ар кандай каражаттарын же мамлекет объектисине колдонула турган каражаттарды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берет. Коргонуу программалары жана программалар үчүн керектүү каражаттар да алардын көзөмөлүндө болот.

Булар Маккарти өз партиясындагы катуу позицияда тургандар үчүн сунуш кылган укуктардын айрымдары. Бул Нетаньяху өзүнүн нажас өкмөтүн бириктирүү үчүн жасаган аракетине өтө окшоп жатат. Өз кезегинде, бул нерсе эки мамлекетти тең бөлүнүүлөр өз баткагына тартып жатканынан жана мунун албетте акыбеттери болушунан кабар берет. Негизи, бөлүнүүлөр бул эки мамлекетте бир аз мурун пайда болгон. Мисалы, Америкада бөлүнүү алты жыл мурун т.а. Трамп бийликте турганда байкалды. Трамптын тарапкерлери Конгресс имаратына бастырып кирип жана АКШ мамлекетине өлкө ичинде коркунуч бар экенин эскерткен ураандардын айтылып бөлүнүү айсбергинин чокусу көрүндү. Бөлүнүүлөр дагы да чоңоюуда. Тагырак айтканда, бөлүнүү коомдо тек жана түс формасында көрүнүүдө, ири компаниялар даражасында кеңейүүдө. Ири компаниялар деп, бир тарапта Республикачыларды колдогон нефть жана курал-жарак компанияларын, экинчи тарапта Демократтарды колдогон технологиялык компанияларды назарга алып жатабыз.

Ар кандай мамлекетте бөлүнүү бийлик азчылыктын колуна өтсө гана башталат. Айрыкча, жетекчилери көпчүлүктүн каалоосу менен өкүм жүргүзүп жатышканын айткан режимдерде ушундай болот. Учурда үстүртөн күзөтүү жана мониторинг ушуну көрсөтүп жатат – ким көпчүлүккө ээ болсо, ал кимди ыраазы кылышы же АКШ жана яхудий вужудунда болуп жаткандай кимге жан бериши шарт болбойт. Ким көпчүлүккө ээ болсо, өз токтомун баарына өткөрө алат. Ыраазы болгон ыраазы болуп, ачууланган ачууланып кала берет. Эгер, бул эки мамлекеттеги демократиялык түзүм өз идея жана принцибине бекем турганда, жан берүүгө каршы добуштарды алуу демократияга тескери экенин жана анын пайдубалына сокку беришин айтмак.

Демократия көпчүлүктүн өкүмдарлыгы деген жомок эч качан турмуш чындыгына туура келбеген же акылды канааттандырбаган. Анын айып-кемчилиги эч ким четке кага албай турган даражада анык көрүнүп турат. Батыш бул демократияны бүткүл дүйнөгө зордоп таңуулап, теңдеши жок товар деп билет, ошон үчүн, аны кабыл алууга баарын мажбурлап жатат. Акыйкатта болсо, турмуш чындыгында эгер Батыш исламчылардын көпчүлүк добушу менен бийликке келгенин көрүп калса, заматта аларга каршы төңкөрүш уюштурат. Алжир жана Мисирде болгон окуялар буга ачык далил.

Өкүлдөр палатасынын спикерлигин ээлөө үчүн Маккарти сунуштоого мажбур болгон жан берүүлөр да, яхудий вужудунун премьер-министрлигин алуу үчүн улутчул оңчул партияларга Нетаньяху сунуштаган жан берүүлөр да адамдардын демократия туурасындагы пикирлерин жана Батыш көпчүлүктүн пикирине кызыкдар деген түшүнүктөрдү талкалайт. Демек, бүткүл дүйнө Ислам Умматы ээ болгон пикир жана акыйдага моюн сунуп колун көтөрүшүнүн убагы келди. О.э. аалам, адам жана тирүүлүктүн жаратуучусу жиберген Ислам пикирлери гана акылды канааттандырып, Аллах жараткан инсаний табиятка ылайык келет, ал эми, Ижтимаий келишим да, Аристотель жана Афлатун демократиясы да, Адам Смит мамлекети да бүтүндөй туура келбейт деген акыйкатты моюнга алуунун да убагы келди. Демократия жана башкалардын мындай туура эмес пикирлери Батышта сөздө гана амал кылынат… Негизи, Батышка муну моюнга алуу жана ачык айтуу өтө оор болууда. Ал башкаруу түзүмү деп жаткан көпчүлүктүн пикири эбак тарыхка айланды, эскирди. Анткени, кабарга караганда текшерүү аныгыраак. Эгер, Маккарти жана Нетаньяху жан беришпегенде жаңжалды токтото алышпас эле, жогоруда айтканыбыздай, бул жан берүүлөрдүн кийинчерээк акыбеттери шексиз болот.

Кыскасы, Батыш экстремист диний оңчулдар делген тарапты ыраазы кылууга мажбур болуп жаткандыгы Америка жана яхудий вужудунда гана болуп жаткан абал эмес. Тескерисинче, мындай абал жакында бардык Батыш мамлекеттеринде кеңири жайылып, азчылыкты ыраазы кылбоо башкаруунун туруктуулугуна көлөкө сала баштайт. Оңчул кыймылдар экстремисттик диний фундаменталисттик көз караштагы популизмди шылтоолоп бийликке келип жаткандыгы бул мамлекеттерде мусулмандар үчүн боло турган ар түрдүү каршылык, чабуулдардан кабар берет. Батыш, Аллах Субханаху Өзүнүн азиз Китебинде кабарлагандай, убадага да, милдетке да турбайт:

﴿كَيْفَ وَإِن يَظْهَرُوا عَلَيْكُمْ لَا يَرْقُبُوا فِيكُمْ إِلّاً وَلَا ذِمَّةً﴾

«(Алар үчүн) кандай (убада-шерт) болсун. Ошол эле учурда эгер алар силерди жеңген болсо, силер тууралуу убадага да, милдетке да карашпайт»                                                     [9:8]

Ыктымал, келечекте бул нерседе жакшылык жазылган болсо ажеп эмес. Батыш дагы эле «Ислам кылыч менен жайылган, Ислам мамлекети адамдарды дининен чыгарган» деген үгүттү улантууда. Түпкүлүгүндө болсо, Батыш Уммат жана Ислам мамлекетинин тарыхынан Биринчи дүйнөлүк согушта армяндардын массалык кыргын кылынганы туурасындагы жалгандардан башка нерсени таппаган. Анткени, Аллах Таала зиммийлерди өтө чырайлуу ысым менен атады, Ислам мамлекетинде аларга жакшы мамиле жасалды жана буга далил алардын Ислам мамлекетинде мусулмандардын бийлиги кулатылгандан кийин да жашап жатышканы. Эмне үчүн андай? Себеби, Ислам жана мусулмандардан адилеттик гана көрүшүүдө. Аллахтын уруксаты менен, жакында Ислам башкаруусу кайтат жана анын адилети бүткүл дүйнөнү камтыйт.

 Роя гезити, №428, 2022-жыл, 1-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here