Камак… карцер… алсыздык!

752
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Камак… карцералсыздык!

2023-жылы 2-февраль күнү Шурук Бадан деген фалестиндик 27 жаштагы туткун аял он төрт айга созулган административдик камактан кийин «Даман» камагынан эркиндикке чыкты. Шурук биринчи ирет 2019-жылы 15-июлда камалган жана бир жылга эркинен ажыратылган… 2020-жылы сентябрда кайра камакка алынып, дагы сегиз ай отурган жана 2021-жылы май айында эркиндикке чыккан. 2021-жылы сентябрда дагы камакка алынган. Камактан чыккан Шурук эркиндик деген нерсени көрбөгөн, кайгыда болуп, ал тургай коштошууга да жол бербеген зынданда калган курбулары үчүн кооптонуп жатканын айтты. Туткун аялдар шейит Алкам рахимахуллахтын басып алынган Куддустагы каарман операциясын белгилегендиктери үчүн Даман камагынын администрациясы жаза катары кезектеги репрессиячыл чабуулун баштады. Бул операцияда келгинди яхудийлердин 7сү өлүп, бир нечеси оор жараат алган. Баскынчы күчтөр туткун аялдардын камераларын сууга толтурушуп, кийин бастырып кирип, бардыгын таякташкан, кийин электр таяк колдонуп, аларды сүйрөп чыгышкан жана карцерге ташташкан.

Бул жөнүндө Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнү аялдар жааты жарыялаган билдирүүдө мындай делет: «Биз «Фалестин туткун аялдар коомунан» алган маалыматыбызга ылайык, баскынчылар өткөн жылы 172 фалестиндик аялды камакка алган, бүгүнкү күндө туткун аялдар 28ге жетет, алардын үчөөсү бойго жетпеген кыздар. Туткун аялдардын арасында алтоосу жараат алган, алар камакка алуу убагында жарадар болушкан. Исра Жаабис деген туткун аялдын абалы оор экени айтылууда. Ал 2015-жылдагы камакка алуу окуясында өрт натыйжасында денесинде пайда болгон оор деформациялардан азап тартууда».

Билдирүүдө ушулар айтылды: «Даман камагы басып алынган Далиятул Кармил шаарында жайгашкан. Бир бөлүгү туткун аялдар үчүн белгиленген Даман камагынын курулушу Британия мандатынын заманына барып такалат. Ал тамеки сактоо склады катары курулган. Кийинчерээк ал эркек жана аял туткундар үчүн баскынчылардын эң катаал камактарынын бирине айланды.

Акыркы беш жылда туткун аялдарга карата күч зомбулугу мурунку жылдарга салыштырмалуу эки эсеге көбөйдү. Туткун аялдар Даман камагында карцерде ар күнү зулум астында жашашууда, камак администрациясы аларды жазалоо үчүн ар кандай шылтоо таап, туруктуу түрдө ушул карцерлерден пайдаланууда. Туткун аял карцерге ташталса, жалпы ашканадан жана камактын майданында сейилдөөдөн, кийимдерин алмаштыруудан куру калат. Аларга ыплас жамынчы беришет, ар бир карцердин алдына сакчы коюлат… Т.а. туткун аял тышкы жашоодон бүтүндөй үзүлөт. Башка туткун аялдар менен мамиле кылышына да, жактоочусу, жакындары менен да жолугушуусуна уруксат берилбейт… Камакка орнотулган күзөтүү камералары жөнүндө айтпаса да болот т.а. алар туткун аялдардын жеке жашоолоруна чейин байкоо жүргүзөт. Хад-ха-Шарон шаарындагы камакта туткун аялдар камералардын орнотулушуна каршы нааразылык демонстрациясын өткөрүшкөн».

Билдирүүдө ушуларга көңүл бурулду: «Туткун аялдар үй-бүлөсү, жолдошу жана перзенттеринен алыста өтө оор абалда өмүрүн өткөрүүдө. Аялдардын, алардын өмүрүн, намысын жана укуктарын коргойбуз деген уюм жана феминисттик коомдор бул туткун аялдардын оорун жеңил кылган да жок, укуктарын коргогон да жок. Тескерисинче, бул коомдор жана институттардын айыбы жана ыплас ниеттеринин бети ачылган. Алардын аялдардын акы-укугу жана теңдиги деген сөздөрү маскадан башка нерсе эмес. Түпкүлүгүндө, алар ушул аркылуу муслима аялга жалаң гана зыян жеткирүү аракетинде болуп, аны өз үй-бүлөсүнөн көчөгө алып чыгуу жана урмат-сыйын жок кылуу аркылуу Батыш аялына айлантышмакчы».

Билдирүүнүн акырында фалестиндик туткундарды жана бүткүл дүйнөдөгү муслима туткундарды бир мамлекет азат кылышы, ал да болсо, мубарек Фалестин жеринин жана анын ар-намыстарынын куткаруучусу болгон Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети экендиги баса белгиленди.

 

Роя гезити, №430, 2023-жыл, 15-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here