Исламий өлкөлөрдөгү рувайбиза башчылар жана Шам калкын баскычма-баскыч алдоо

743
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Исламий өлкөлөрдөгү рувайбиза башчылар жана Шам калкын баскычма-баскыч алдоо

Сириядагы канкор режим Шам козголоңу башталганда эле Сириядагы окуялардын артында Бандар ибн Султан менен Эрдаган турганын билдирген. Асад режими козголоңду ушул эки фигурага багыттоону көздөгөн. Себеби, алар да ал сыяктуу өз кожоюну Америкага байланган. Ошентип, адамдар ушул эки фигурага багытталышты о.э. максаттарын уурдоо, Халаб жана башка региондорду тапшыруу, козголоң фронтторун жабуу жана мындай кыянатка каршы чыккан мужахиддерди камакка алуу сыяктуу эки фигура тарабынан баскычма-баскыч коюлган тузактарга кабылышты. Тузакка түшүрүү үчүн түрк режими адамдарды колдоп-кубаттады, «кучагына» алды… Кийин өкмөттөр, салыктар, төлөмдөр жана үндөрдү өчүрүү аракеттери менен аларга басым өткөрдү. Андан соң,түрк режими Асад режими менен жарашуу үчүн коркутуу аркылуу басым кылды. Мына бүгүн Түркия жана Саудия режимдери канкор Асад режими менен мамилелерди нормалдаштырууга аракет кылып жатышканын билдиришти. Түпкүлүгүндө, ортодогу мамилелер үзүлбөгөн эле. Ал тургай, бул режимдер ортосунда байланыш үзүлгөндөй болуп көрсөтүлсө да, бирок, Сирия улуттук коопсуздук кызматынын директору Алий Мамлук бир нече ирет Түркия менен Саудияга сапар кылган. Бирок, бул алакалар, жолугушуулар жана жарашууга болгон чакыруулар эми болуп жаткандыгынын себеби – муну менен козголоңго жана аны колдогон калкка «эч кандай таяныч жок, моюн сунуу жана жарашууга баруудан башка чара калбады» деп басым өткөрүлүүдө.

Алар баскычма-баскыч аракет кылып жаткан, козголоңду колдоп-кубаттаган калкка басым өткөрүп жаткан о.э. Шам козголоңун жок кылуу пландарын ишке ашыруу үчүн билдирбей аракет кылып жатышкан саясий чечим мына ушул. Он жылдан бери өткөрүлгөн конференция жана сүйлөшүүлөр козголоңду айла-амал жана алдоо үчүн убакыттан утууга каратылган.

Демек, Шам калкы козголоңду кайра колго алып, максаттарын кайтарып алууга, кара мүртөз ниеттеги колдорду кесип, кеч боло электе ааламдар Роббисине таянууга шашышпайбы?!

Аллахым, Шам алкынын иштерин Өзүң оңдо.

 

Роя гезити, №430, 2023-жыл, 15-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here