Судан өкүмдарлары яхудийлердин Фалестин калкына каршы кылмыш жана душмандыктарына шерик

675
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Судан өкүмдарлары яхудийлердин Фалестин калкына каршы кылмыш жана душмандыктарына шерик

Яхудий вужудунун тышкы иштер министри Суданга келип, өткөөл кеңештин төрагасы Абдулфаттах Бурхан менен жолугушкандан кийин мындай деди: «Биз Хартумдан кайтып жатып, үч нерсе үчүн «ооба» деген жоопко жетиштик: тынчтык, сүйлөшүүлөр жана «израилди» таануу үчүн».

Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестин маалымат бөлүмү өз веб-сайтында жарыялаган билдирүүдө ушуларды баса белгиледи: «Судан өкүмдарлары мамилелерди нормалдаштыруу баткагына малынды, ошол эле учурда, яхудий вужуду Фалестин калкын руку жана сажда кылып жаткан абалында өлтүрүүдө, үй-жайларын жашоочулары менен кыйратууда, Пайгамбар алайхиссаламдын Исра жайын ээлеп алып, күнү-түнү тепсеп-тебелешүүдө… Өкүмдарлардын ушундай учурда яхудийлер менен нормалдаштырууга киришкени – Фалестин калкына каршы бардык мусулман өкүмдарлары, режимдери тил бириктирип, фитна уюштурушуп, ал тургай, яхудий вужудунун мусулмандарга каршы душмандыгына шерик болуп жатышканын дагы бир ирет ачык көрсөтүп турат.

Иордания жана Мисир өкүмдарлары да кылмышта Судан өкүмдарларынан калышпайт. Экөөсү тең яхудий вужудуна кандайдыр бир азар жетсе, аны тынчтандыруу жана көңүлүн көтөрүүгө шашылышат. Алар Фалестин калкын куткаруу же фалестиндиктердин «оо, мусулмандар» деген кайрылууларына кулак салуу жөнүндө ойлоп да коюшкан жок!».

Билдирүүнүн акырында мындай делет: «Ислам Умматы үчүн бул режимдерге каршы арстан сыяктуу өкүрүп, аларды кыйратуунун убагы эбак келди. Халифалыктын кулатылганына бир кылымдан ашуун убакыт болду, бул учурда ушул режимдер Умматтын жаркын тарыхын кара кылышты, уятка калтырып, арабыздан коркок адамдарды чыгарышты, ал тургай, каныбызды дайра кылып төгүштү. Ошондуктан, бүгүнкү күн – Уммат үчүн аларды кулатып, урандылары үстүнө Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөө күнү. Халифалык гана Аксаны азат кылып, яхудий вужудунун күлүн сапырат, Умматты өз күч-кубатына кайтарып, бүткүл адамзатты кризистерден куткарат».

 

Роя гезити, №429, 2022-жыл, 8-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here