Президент жол эрежесин бузгандарга карата айып пулдардын жогорулашын колдоду

3153
0

Президент жол эрежесин бузгандарга карата айып пулдардын жогорулашын колдоду

         Президент Садыр Жапаров жол эрежесин бузгандарга карата айып пулдардын жогорулашын колдоорун билдирди. Бул тууралуу “Кабар” мамлекеттик агенттигине 3-мартта берген маегинде айтты.

         Жапаровдун айтымында, жол кырсыктарынын катталышына соңку 30 жылда айдоочулук күбөлүктөр сатылып, белек катары берилип келгени себеп болууда. “Үч жолу эреже бузгандар кайра экзамен тапшырат” дегенди толук колдоо керек.

         Белгилүү болгондой, Кыргызстанда 8-марттан тартып айрым жол эрежесин бузгандарга жазалар күчөтүлдү. Ички иштер министрлиги билдиргендей, мас абалында рулга отургандар бир жылдан үч жылга чейин айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат. Айдоочулук күбөлүгү жок машина айдагандар жети күнгө камалып, бир жылга рулга отуруу укугунан ажыратылат. Бир катар жол эрежесин үч жолу кайталап бузган айдоочулар кайрадан сынак тапшырууга жөнөтүлөт. Ал эми, буга чейинки айыппулдардын көпчүлүгү эки эсе жогорулаган:

Айдоочу жол чырактын кызыл түсүнөн өтсө же тротуар менен жүрсө — мурдагы 3 000 сом, 5 500 сомго;

Унаа башкарууга укугу жок жаран рулга отурса — мурдагы 5500 сом, эми 15 000 сомго;

Белгиленген нормадагы ылдамдыктан 40-60 чакырым/сааттан ашса — мурдагы 5 500 сом, эми 7 500 сомго;

Белгиленген нормадагы ылдамдыктан 60 чакырым/сааттан ашса — мурдагы 7 500 сом, эми 15 000 сомго;

Каршы тилкеге чыгып айдаса — мурдагы 5500 сом, эми 15 000 сомго;

Унаа бейбаштыгы үчүн — мурдагы 7 500 сом, 15 000 сомго жогорулайт.

Мурда айдоочу 10 миң сомго чейин төлөнбөгөн айып пул менен жүрө берсе, эми 3000 сомдон ашык айып пул үчүн унаа айып короого токтотулат.

         Буга кошумча, жол салыгын салуу да сунушталып жатат. Ага ылайык, айдоочу автоунаасынын жүргөн жолунун узундугуна жараша акы төлөйт. Башкача айтканда, күйүүчү майдын ар бир литрине кошулуп алынат. Мындан тышкары, автоунаанын дөңгөлөктөрүн жок кылууга жана керектен чыккан автоунааларды, автоунаа майларын жок кылууга төлөмдөр алынмакчы.

         Ал эми, калктын жонунан кайыш тилип алган каражаттарды болсо аткаминерлер өздөрү каалагандай сарптап келет. Маселен, жергиликтүү бийликтин жетекчилери үчүн Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү 90 автоунаа сатып алынды. Өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун коңшу Казакстанга барып-келген жеке учакка эле бир миллиондон ашык каражат сарптаган. Ал эми, карапайым калктын пенсия, жөлөк пулдарын мыйзамга ылайык камсыздай албай “өлүп кетелиби” деп жооп бергени баарыбызга маалым. А түгүл, Башмыйзамга ылайык, пенсия жашоо минимумунан жогору берилиши керек. Бул төлөмдөр аткарылбай жаткандыктан, министрлер кабинети Конституциялык сотко да кайрылган. Учурда өлкөдө минималдуу пенсия, жашоо минимумунан беш эсе аз берилет.

         Булардан белгилүү болгондой, өкмөт айрым тармактарда айлык акыны популисттик менен көтөрүп алган. Түпкүлүгүндө, карыз менен бюджетти толтуруу жана өндүрүштү жолго койбой туруп айлык акыны көтөрүү өлкөдөгү инфляцияны дагы да күчөтөт. Башкача айтканда, баалар менен кызмат акылар эселеп өсөт. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, тогуз айда күнүмдүк азык-түлүктүн баасы менен тарифтер былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо 10,6% өскөн. Ал эми, айрым товарлар эселеп өскөнү маалым. Мына ушундайча кыргыз бийлиги өткөн жылы берген убадаларын аткара албай бюджеттин тешигин бүтөгөнгө аракет кылууда. Салыктардан тышкары, мурдагы бийликтердин жолун улап чет элдик сүткор каржы уюмдарынан бюджетти толтуруу үчүн карыз жана кредиттерди алууда. 2022-жылы кыргыз бийлиги бюджетти колдоо үчүн эл аралык каржы уюмдардан 30 млрд сомдон ашык каражат алаары белгилүү болгон. Ал эми, Дүйнөлүк банк алдыңкы беш жылда Кыргызстанга 600 млн доллар бөлөөрүн билдирген.

         Түпкүлүгүндө, бул көйгөйлөрдүн баары пайда негизине курулган капиталисттик системасы колдонулуп жаткандыгына байланыштуу. Анткени, капиталисттик мамлекеттерде бюджет негизинен салыктардын эсебинен толтурулат. АКШда 90%дан ашса, Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө 100%га жетет. Ал эми Кыргызстанда салыктар бюджеттин 75%ын түзөт. Калган кирешени, гранттар, чет элдик мамлекет жана уюмдардан алган карыз, кредиттер, дивидендден, мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар түзөт.

         Мунун каршысында Ислам байлыктын бир ууч капиталисттердин, монополисттердин колуна топтолуп калышына да, карапайым калктын салык төлөп калышына да уруксат бербейт. Тескерисинче, байлардан алып муктаждарга бөлүштүрүү менен коомдогу бакубат жашоону, тең салмактуулукту камсыздап берет! Бул тең салмактуулукту зекет жана үшүр о.э. мурас сыяктуу өкүмдөр толук камсыздап берет. Анткени, булар алсыз адамдын акылынан чыккан эмес, күч-кудурет ээси болгон Аллах Тааланын пенделери үчүн берген мыйзамдары!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here