Кыргызстандын мамлекеттик карызы 431 миллион долларга өстү

2564
0

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 431 миллион долларга өстү

 Кабар: Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард 578 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Финансы министрлигинин 2022-жылдын жыйынтыгы тууралуу жаңы маалыматында айтылды.

 Мунун 4,5 миллиард доллары тышкы карыз, 1 миллиард доллардан ашыгыраагы ички карыз.

 2021-жылдын жыйынтыгында Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард 147 миллион доллар болчу. Башкача айтканда, мамлекеттик карыз бир жылда 431 миллион долларга өскөн.

 Комментарий: Расмий өкмөт 2020-2023-жылдарда мамлекеттик карызды натыйжалуу башкаруу максатында стратегия иштеп чыккан эле. А бирок, стратегия кабыл алганына, өкмөттүн мамлекеттик карызды төлөө боюнча бардык чараларды көрүп жатканына, ал тургай ушул максатта салык жана айып пулдарды көбөйтүп жатканына карабастан, мамлекеттин карызы өсуп жатат. Бул абал анын ички башкаруу системасына тиешелүүбү? Албетте, жок. Кыргызстандын карызга батып барышына негизинен колонизатор мамлекеттер тарабынан түзүлгөн эл аралык башкаруу түзүмү себепкер. Бул жараянда Кыргызстандагы саясий чөйрөнүн ролу коррупцияга батып калышында. Бул коррупциялык схемага да тышкы колонизатор мамлекеттер шыктандырып турушат. Аларга Кыргызстан көбүрөөк карызга батып калышы үчүн, берилген карыздардын бир бөлүгүн өздөштүрүп алуу жөнүндө ойлоно турган коррупционер чиновниктер керек. Эл аралык саясат өкүлдөрү мына ушул арам тамак саясий топтон пайдаланат. Кыргызстандагы мурунку жана учурдагы жетекчилер мамлекет үчүн карыз алып жатканда бир жолу болсо да “оор өнөржайды өнүктүрүү үчүн, же болбосо, буга чейин сатып жок кылынган ири ишканаларды калыбына келтирүү үчүн” деп карыз алышкан эмес.

 Эл аралык система ушундай бир көрүнүштө түзүлгөн дейсиң, анда ири жана жетекчи мамлекеттер дүйнөнүн бардык жериндеги табигый байлактардан пайдалана алышат. Алсыз мамлекеттер болсо, өзүнүн аймагында турган табигый байлыктардан да өз алдынча пайдалана алышпайт. Себеби, бул дүйнөлүк компаниялардын артында эл аралык капиталисттик система турат. Алар өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн эл аралык сот системасын түзүп алышкан. Эл аралык мыйзамдарды кабыл алышып, өздөрүнүн бардык аракеттерине ыңгайлуу шарттарды мыйзамдаштырып алышкан. Мамлекеттик карыз маселесинде да кудум ушундай. Эгер мамлекет бирер эл аралык финансылык уюмдан карыз ала турган болсо ал карыздар узак мөөнөткө жана белгилүү бир үстөк пайыз менен берилет. Карыз алган мамлекет ошол мөөнөттүн ири бөлүгүндө карыздын үстөгүн гана төлөп барат. Качан гана белгиленген убакыт келгенде үстөгүнө кошуп, алынган карыздын өзүн да төлөй баштайт. Мамлекет алган карызын мөөнөтүнөн мурда төлөөгө кудуреттүү болгон күндө да эл аралык каржы уюмдары карызды мөөнөтүнөн мурда кайтарып алууну каалашпайт же карыздын үстөгүн бир нече эсеге көтөрүүнү талап кылышат. Негизи, карыз алынып жаткан учурда ушундай шарттар коюлат жана карыз алып жаткан мамлекет ушул шарттарды аткарууга мажбурланат. Мисалы, 25-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан тышкы карызын азыр төлөп коюуга даяр экенин билдирди. Бирок бийлик эмне себептен андай кылбай жатканын, «эрте төлөсө, үстөгү көбөйүп кетээри» менен түшүндүрдү.

 Кыргызстандын проблемасы эл аралык капиталисттик система үстүбүздө турганында жана ушул система түзгөн эл аралык саясатта. Материалдык пайдадан башкасын эсепке албай турган капиталисттик түзүм үстүбүздө турган соң, Кыргызстан эч качан карыз жүгүнөн кутула албайт.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here