Сирия качкындарынын мажбурий кайтарылышы түрк режими да Шам козголоңуна каршы согушка шерик экенин ачыктоодо

749
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Сирия качкындарынын мажбурий кайтарылышы түрк режими да Шам козголоңуна каршы согушка шерик экенин ачыктоодо

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын радиосунун 2023-жылы 28-январдагы кабарында Түркиянын Газиантеп шаарындагы адвокаттар уюмунун качкындар жана миграция укуктары комитети билдирүү жарыялаганы айтылат. Билдирүүдө Огузели аймагындагы депортация борборунда сириялык качкындарга жаман мамиле жасалып, күч колдонулганы жана алар «ыктыярдуу» кайтуу бланкасына кол коюуга мажбурланганы айтылат.

Роя:

Бул кабар илманий түрк режиминин чыныгы жүзү кандай экенин көрсөттү. Түрк режими адамгерчиликти жана мазлумдар тарабында турушун ар дайым айтып келген болсо да, бирок, түпкүлүгүндө түрк режими мындан бүтүндөй алыс экенин ачыктады. О.э. Эрдагандын режими айтып жаткан «ыктыярдуу кайтуу» деген нерсе бул режим Шам козголоңуна каршы согуш куралдарынын бири экенин ачып таштады. Козголоңго каршы согушка бардык мамлекеттер катышты. Россия жана Иран сыяктуулар Асад режиминин кулашына жол бербөө үчүн «терроризмге каршы күрөшүүнү» шылтоолоп түздөн-түз же козголоңчуларга каршы мазхабчыл согушкерлерди алып кирүү менен аралашты. Түркия сыяктуулар болсо, Сирия калкына дос болдуп көрүнүп, алардын иш-аракетин жана багытын ири мамлекеттердин кызыкчылыгына ылайык тизгиндөөгө аракет кылууда. Негизи, бул ири мамлекеттер Асад режими алардын региондогу кызыкчылыктарына кызмат кылат деп билишет. Эл аралык уюмдардын адам укуктарын коргоо жана демократия сыяктуу ооз көбүрткөн сөздөрү эч кандай чындыгы жок болгон жалган сөздөр болуп эсептелет. Массалык маалымат каражаттары жар салып жаткан бул нерселер алдамчылык болуп, Батыштын өлкөбүздөгү башкаруу системасындагы өкүмдарлыгын жашырат. Бул болсо, өлкөбүздүн туура негизде т.а. улуу Ислам негизинде өнүгүшүнө жол бербөө үчүн ишке ашырылууда.

 Роя гезити, №428, 2022-жыл, 1-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here