(Израилдин) куткаруучулар тобу Түркиядан байыркы кол жазманы уурдап кетишти

1426
0

(Израилдин) куткаруучулар тобу Түркиядан байыркы кол жазманы уурдап кетишти

Түркиядагы зилзаладан жабыр тарткандарга жардам берүү үчүн (Израил)ден келген куткаруучулар тобу байыркы кол жазманы уурдап кеткени белгилүү болду. Ал куткаруучулар тобу (Израиль) телеканалынынын түз эфиринде уурдалган китеп жөнүндө маалымат бергенден кийинки реакциялар себептүү кол жазманы Түрк яхудий коомуна тапшырууга мажбур болду. Яхудийлер жашаган даректерде куткаруу иштерин жүргүзгөн ЗАКА куткаруучу тобунун башчысы майор Хаим Отмазгиндин айтымында, аларга байыркы кол жазманы бир карыган түрк яхудий берген.

Түркиянын маданият министрлиги берген билдирүүдө (Израил)дин уурулугу жөнүндө айтылбады. “Зилзалада кыйраган Антакьядагы синагогабызда табылган байыркы кол жазма Түркиянын башкы Раввини тарабынан сакталууда. Аны мүмкүн болушунча тезирээк өз ордуна кайтаруу үчүн Антакьядагы синагогабызды башка ибадатканалар катарында кайрадан тикелейбиз жана аны антакьялык жарандарга ибадат үчүн ачабыз”, – деп айтылат маданият министрлигинин билдирүүсүндө.

Комментарий: Зилзала себептүү урандылар алдында калып кеткен адамдарды куткаруу үчүн дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринен куткаруучулар барышты. Бүгүнкү күндө Ислам жана мусулмандарга ашынып душмандык кылып жаткан (Израиль), Кытай, Франция жана Россия сыяктуу мамлекеттер да ушулардын катарында. Түрк маалымат каражаттары мына ошол мамлекеттерден келген куткаруучулардын “эрдиктерин” биринчи бетте ачыктап жатышы көнүл бурууга арзыйт. Ал тургай мамлекеттик расмийлер да алардын “жөндөмүнө” мактоолорду жаадырышты.

Негизи бул иштер адамгерчиликтен келип чыгып эмес, тескерисинче, саясий максаттардан келип чыгып кылынууда. Т.а. бул мамлекеттер өздөрүн мусулмандарга душман эместей көрсөтүүгө жана мусулмандарга карата кылып жаткан зомбулуктарын кудум “терроризмге каршы күрөшүү” үчүн зарыл болгон чаралар катары сүрөттөөгө урунууда. Түркия өкмөтү болсо, учурдан пайдаланып, ошол куфр мамлекеттери менен орноткон мамилесине мыйзамдуу түс берүүнү каалап жатат. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу яхудий вужудунун 450 адамдан турган куткаруучу тобу 19 адамды куткарганын билдирип: “(Израиль) менен мамилебиз жаңы баскычка өттү, элчилерибиз активдүү иш алып барууда. Ортоктош кызыкчылыктар жана өз ара сый-урмат негизинде кызматташтыкты өнүктүрүү жаатындагы иш-аракеттерибиз уланат”, – деди.

Негизи, бүгүнкү күндө куфр дүйнөсү мусулмандарды жок кылуу үчүн болгон күчүн жумшап жатканы ачык-айкын көрүнүп турат. Мисалы, (Израиль) күчтөрү Палестина мусулмандарын дээрлик күн сайын өлтүрүп жатышат. Палестинада үйлөр урандыга айланышы үчүн зилзала болушу шарт эмес. Яхудийлердин бульдозер жана эксковаторлору мусулмандардын үйлөрүн ичинде адамдар бар экендигине карабастан бузуп салууда. Кытай болсо миллиондогон уйгур мусулмандарын өлүм лагерлеринде оор кыйноолорго салып азаптоодо. Канчалаган мусулмандар кыйноолорго чыдабай, өлүмгө дуушар болушту. Франциянын аёосуз кыргындарын унута элекпиз. Россия болсо Сирияны бомбалап, канчалаган жай тургундар урандылар алдында калып өлүшүнө себепкер болууда. Ушундай болгон соң, булардан кандай жардам күтүүгө болот?!

Дагы бир айта кетүүчү нерсе, Түркиянын ичкерисиндеги жана чет өлкөдөгү мусулмандардын кыйынчылыкта калган адамдар үчүн моралдык жана материалдык жардамдары болуп көрбөгөндөй даражага жетти. Алардын бул жолдо көрсөткөн жардамын айтып отурууга сөз жетпейт. А бирок, капиталисттик көз караштан келип чыгып, жашоого кызыкчылык чекитинен гана баа бере турган мамлекеттердин арамза ниетсиз, чын дилден жардам беришине ишенип болбойт.

Бул маселеге шаръий жактан карай турган болсок, кафирлерден мамлекет катары жардам алуу жаиз эмес. Айрыкча, АКШ, Британия, Кытай, (Израиль) жана Россия сыяктуу мусулмандарга кутуруп чабуул кылып жаткан согуш абалындагы кафир мамлекеттерден жардам алуу таптакыр жаиз эмес. А бирок, алардан жеке адамдар катары жардам алуу жаиз. Алардын Исламий мамлекеттин жараны болушу же болбошунун айырмасы жок. О.э. кафирден жардам катары керектүү жабдыктарды алуу – кафир адамдан болобу, же кафир мамлекеттен болобу айырмасыз – кайтарып берүү шарты менен жаиз.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here