Россиянын мунай жана газ сатуудан түшкөн кирешеси азайды

278
0

Россиянын мунай жана газ сатуудан түшкөн кирешеси азайды

 Кабар: Январь айында Россиянын мунай жана газ сатуудан түшкөн кирешеси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 46 пайызга азайды.

 Бул тууралуу Россиянын Финансы министрлиги кабарлап, муну Urals маркасындагы мунайдын арзандашына жана газ экспортунун кыскарышына байланыштырды.

 Расмий маалыматтарга ылайык, январь айында киреше 426 миллиард рублди түзгөн.

 Буга чейин Bloomberg басылмасы расмий мекемеге таянып, Urals мунайынын баррели 38 доллардан сатылып жатканын кабарлаган. Бул Батыш мамлекеттери Россиянын Украинага бастырып киришине жооп катары белгилеген 60 доллардык чектен бир топ эле төмөн.

 “Reuters” агенттигинин маалыматына ылайык, былтыр Россиянын Европага газ сатышы бир жыл мурункуга салыштырмалуу дээрлик 46 пайызга азайып, 2000 жылдан берки эң төмөнкү деңгээлге жеткен. Украинага бастырып киргенден кийин Россия Европа союзунун бир катар мамлекеттерине газ берүүнү токтотсо, башкалары Россия газынан өздөрү баш тартты. Экспорттун азайышына “Түндүк агым”дагы авария да таасирин тийгизди.

 Комментарий: АКШ башчылыгындагы Батыш мамлекеттеринин Россияга каршы колдонуп жаткан саясий жана экономикалык санкциялары акырындап таасирин тийгизе баштады. Быйылкы жылдын биринчи айында Россия бюджетинин таңкысты 1,76 триллион рублга жетти, аны каржылоо үчүн Финансы министрлиги юань жана биринчи жолу алтын сатты. Январь айында Финансы министрлиги кескин өсүп кеткен бюджет таңкыстыгын жабуу үчүн биринчи жолу ФНБдан (Фонд национального благосостояния) алтын сатты. Бул тууралуу 6-февралда Финансы министрлиги маалымдады. 

 Кабарга ылайык, жалпы 3,6 тонна алтын сатылган. Мындан тышкары, Финансы министрлиги кудум ушул максаттар үчүн 2,3 миллиард юань (309 миллион евро) саткан. Министрлик соодадан жалпы 38,5 миллиард рубль түшкөндүгүн билдирди. Февраль айында ФНБдан үч эсе көп Кытай юанын 160 миллиард рублга сатуу пландаштырылууда деп кабарлады министрлик. 

 Кабарда айтылышынча, бюджеттин чыгашасы 59 пайызга (3,117 триллион рублга) чейин өскөн. Кирешелер 1,356 триллион рублди түзгөн, бул 2022-жылдын январь айына салыштырмалуу 35 пайызга аз. Финансы министрлиги бюджет таңкыстыгынын кескин өсүшүн – мамлекеттик чыгашалардын беш эсеге көбөйүшү о.э. мунай менен газ сатуудан түшкөн  кирешенин 426 миллиард рублга чейин азайышы менен түшүндүрдү.

 Россия Европада жоготуп жаткан мунай жана газ базарынын ордун Борбор Азия республикаларынын, айрыкча, Казакстан жана Өзбекстандын эсебинен толтурууга аракет кыла баштады. Былтыркы жылдын соңунда Путин Казакстан жана Өзбекстанга “үч тараптуу газ союзун” түзүүнү сунуштады. Ушул “сунуш”тун алкагында казак жана өзбек газын Кытайга экспорт кылуу укугу толук бойдон Россияга өткөрүп берилиши керек болчу. Мейли, казак жана өзбек өкмөтү бул сунушту салкын кабыл алышса да, кийинчерээк, Казакстан да, Өзбекстан да газ союзунун ордуна Россия менен газ боюнча “жол картасына” кол коюшту. Эгер Россия Украинадагы баскынчылык согушунда бирер сезиле турган натыйжага жетсе, ушул “жол картасы” “үч тараптуу газ союзуна” айланып кетишинин ыктымалы да жок эмес. Эгер Путин бул ишти эптей алса, бир ок менен эки коён аткан болот. Биринчиден, аймактагы энергетика ресурстарын жана камсыздоосун толук көзөмөлүнө алат, экинчиден, АКШ башчылыгындагы батыш мамлекеттеринин сакцияларын четтеп өтүү менен казак жана өзбек газына кошуп өзүнүн газын Кытайга ири өлчөмдө экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот жана бошоп бара жаткан бюджетин Кытайдын эсебинен толтурууга жетишет.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here