Мубарек Шам козголоңунун айланасында болуп жаткан нерселерге айкындык киргизүү

582
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Мубарек Шам козголоңунун айланасында болуп жаткан нерселерге айкындык киргизүү

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын борбордук алакалар комитетинин төрагасы Абдулхамид Абдулхамид «Мубарек Шам козголоңунун айланасында болуп жаткан нерселерге айкындык киргизүү» деп аталган макаласында айтат: «Америка козголоңубузду «Идлиб жана Халаб муздаткычына салып тоңдуруп койдум жана аны бүтүндөй жок кылууну Түркияга тапшырдым, бул ишти аста-секин аткара берет» деп кыялданып жатат. Америка Түркияга мурунку баскычтарда анын өкүлү катары Россия менен сүйлөшүү вазыйпасын тапшырган. Муну менен маанилүү эл аралык маселелер үчүн колу бошогондой болду. Ушундай болсо да, маселенин мааниси жана олуттуулугу себептүү Сириянын түндүк жана түндүк-батышындагы абалды өзү көзөмөлдөп келүүдө…».

Устаз Абдулхамид кошумчалап мындай дейт: «Түркиянын Сириядагы вазыйпасы мамлекеттин түндүк жана түндүк-батышындагы абалды Американын саясий чечимин жүзөгө чыгарууга даярдоо. Түркия жана ага көз каранды согушкер жамааттар козголоңчуларды «тарбиялоо» аркылуу муну ишке ашырышмакчы. Т.а. саясий да, аскерий да, коопсуздук, ошол эле учурда, экономикалык да басымдарды өткөрүп, катуу кыйноо жана алдан тайдыруу аркылуу дүйнө карышкырлары кабыл алган №2254-резолюцияга ыраазы кылдырышмакчы. №2254-резолюция жетекчилери түздөн-түз Америкага моюн сунган канкор режимди аскерий жана коопсуздук мекемелери менен сактап калууга багытталган. Кыязы, түрк режими кылмышкер Сирия режими өтө оор экономикалык абалды башынан өткөрүп жаткандыктан, куткаруу жана саясий жактан колдоого муктаж болгонун, Түркия бийлиги ичинде да бир нече проблемалар бар экенин көрүп турат… О.э. түрк режими ал жана ага көз каранды согушкер жамааттар козголоңчуларды жакын арада «тарбиялай» албашын сезип жатат… Ушул жана ушуга окшогон себептер түрк режимин саясий чечимди тездетүүгө жана баскычтарды бузууга үндөдү, акыбетте козголоңду «жарашуу» аркылуу жок кылуу жолунан басууга мажбур болду… Түпкүлүгүндө, бул козголоңдун бүткөнүн жарыя кылуудан башка нерсе эмес».

Устаз дагы ушуларды баса белгиледи: «Бирок, Сирияда адамдар көчөлөргө чыгышты жана Сирия режиминин башкаруусуна кайткандан көрө башыбыз алынганы жеңил деген мазмунда кабар жеткиришти… Мына ошондо окуяларды күзөтүп жаткан, абал начар экендигин жакшы билген түрк режиминин кожоюну Америка ага «регион режимге тапшырууга даяр эмес, себеби, учурда режимге регионду тапшырсак, ал аны башкара албайт, шашылбагыла, антпесе, он эки жылдык тузак жана алдоодон турган иштерибизди кыйратасыңар» деп жатат. Ушул себептен улам, Америка менен түрк режими көчөлөргө чыккан адамдарды тизгиндөө үчүн өз оюндарынын темпин басаңдатпаса болбой калды. Себеби, түрк режиминин саткын жүзү ушул көчөлөргө чыккан жүрөгү таза адамдардын колу менен ачыкка чыкты».

Устаз Абдулхамид билдирүүнүн акырында ушул суроолорду берди: «Оо, козголоңчулар! Бизди кыргын кылууда жана намыстарыбызды тебелөөдө кызыкчылыктары бир болгон бул жырткыч карышкылар эми эмне кылышат экен деп күтүп тура бересиңерби?! Же мунун ордуна козголоңубуз чечимин кайтарып алып, бул кылмышкерлер бизди кыргын кылардан мурун биз аларды кырып салабызы?!».

 Роя гезити, №425, 2022-жыл, 11-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here