Кылмышкер үчтүк жана Шам козголоңуна каршы тил бириктирүү

534
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Кылмышкер үчтүк жана Шам козголоңуна каршы тил бириктирүү

Москва менен Анкаранын кабарына ылайык, 2022-жылы 28-декабрь күнү Москвада Түркия-Россия-Сирия коргоо министрлери жана разведка жетекчилери сүйлөшүү өткөрүшкөн. Россия маалымат агенттиктери коргоо министрлигине таянып таракат кабарларда: «Алар Сирия кризисин жана качкындар проблемасын чечүүнү о.э. Сириядагы экстремисттик топторго каршы биргеликте күрөшүүнү талкуулашкан», – делет.

Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын маалымат бөлүмүнүн төрагасы устаз Ахмад Абдулваххаб 2022-жылы 6-январда жарыялаган билдирүүдө: «Терроризмди ойлоп тапкан адамдардын өздөрү «терроризмге» каршы күрөшүү жана Шам козголоңун жок кылуу үчүн күрөшөт», – деди жана Шам калкына кайрылып, ушуларды баса белгиледи: «Оо, мубарек Шам жериндеги мусулмандар! Түрк режими менен Шам тогуту режиминин жолугушуусу – козголоңуңарды бүтүндөй жок кылуу үчүн ташталган кадамдардын бири. Түркия-Россия-Сирия коргоо министрлеринин жолугушуусу менен бир учурда алардын разведка жетекчилеринин жолугушуусу да белгилүү бир акыбеттерден эскертүүдө…

Түрдүү аталыштар менен аталып жаткан, өздөрүн түрк режимине туткун кылган, түрк режимин өздөрүнө саясий жетекчи кылып алган саткын согушкер жетекчилер пайдаланылып бүткөндөн кийин баш тартыла турган жана четке ыргытыла турган убактылуу куурчактар экенин түшүнүп жетишкенде, кеч болот. Акыйкатта, алардын баары бутага алынган жана колдонула турган матадан башка нерсе эмес. Алардын бар болушун же жок болушун аларды колдоп-кубаттап жаткандар чечет. Муну Түркия тышкы иштер министри Чавушоглунун түрк күчтөрү жайгашкан аймактардын Шам тогутуна тапшырылышы туурасындагы билдирүүсү далилдеп турат».

Устаз Абдулваххаб Шам калкына кайрылды: «Оо, Ислам диярынын борбору болгон Шамдагы мусулмандар! Түрк режиминин ролу жана ага ишенген согушкер жамааттардын жетекчилерине саясий жактан жетекчилик кылып жатканы, муну менен Шам козголоңун кыйроого жетелеп жатканы ачык-айкын көрүнүп калды. Бул болсо, түрдүү жамааттардан турган, силер, Шам калкыбыз тезинен козголоңуңарды куткарып калуу үчүн аракетке келүүнү талап кылат. Бирок, бул нерсе түрк режими тарабынан жасалган азыркы саясий жетекчилерден баш тартып, козголоңуңардын өзгөргүс максаттарын карманбайынча, козголоңду өз максатына жеткирген саясий жетекчиликти кабыл алмайынча эч качан ишке ашпайт. Кафирлер козголоңубузга чабуул кылып, аны жок кылууну, берген үлкөн курмандыктарыңарды текке кетирүүнү каалап жатат.

Ошондуктан, силер, чынчыл калкыбыз кафир Батыштын тузактарын талкалоо үчүн аракетиңерди жана кубатыңарды бириктиришиңер керек, айрыкча, учурда Шам тогуту кыйроо жана кризистерди башынан өткөрүп жатканда, Россия режими Украина баткагына малынып, Иран режими ички проблемалары менен алек болуп турганда. Эгер, баарыңар бир болуп аракетке келбесеңер мунун оор акыбетине баарыңар туш болосуңар. Демек, уюшуп, жамааттарды жана козголоң кеңештерин түзгүлө о.э. силерди бир жерге топтоп, аракетиңерди аң-сезимдүү саясий калыс жетекчилик астында бириктире турган жолдорго кадам таштагыла. Долбоорго ээ бул жетекчилер силердин ага-иниңер жана перзенттериңер. Жеке-жалгыз аракет таптакыр натыйжа бербейт. Эгер, анык долбоорсуз жана хидаят жолунан башка жолду уланта берсек, аракеттерибиз жана курмандыктарыбыз душмандын долбооруна кызмат кылат… Демек, чечимдерибизди кайтарып алалы жана динибизге, алсыз боордошторубузга жардам берүү үчүн хидаяттуу жана аң-сезимдүү жолдон басалы. Биринчи максатыбыз канкор режимди кулатуу жана анын урандылары үстүнө Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык көлөкөсүндө Ислам бийлигин тикелөөгө аракет кылуу болсун».

 

Роя гезити, №425, 2022-жыл, 11-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here