«Эки мамлекет» чечими – АКШ жана анын куйруктарынын чечими. Уммат жана анын армияларынын чечими – Фалестинди азат кылуу!

268
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

«Эки мамлекет» чечими АКШ жана анын куйруктарынын чечими.

Уммат жана анын армияларынын чечими Фалестинди азат кылуу!

Доктор Мусъаб Абу Аркуб

Хизб-ут-Тахрирдин мубарек Фалестин

жериндеги маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен: «Эки мамлекет чечиминин келечеги алыстай туюлуп жатат, бирок, биз аны бекем карманабыз жана бизди андан алыстатып жаткан бардык нерсе «израилдин» узак мөөнөттүү коопсуздугуна зыян жеткирет», – деди.

Бул билдирүү менен АКШ мамлекеттик катчысы адаштырууга орун калтырбай жатат. Себеби, Фалестинде «эки мамлекет» куруу чечими яхудий вужудунун аман калышын камсыздап, мубарек жердеги тамырын бекемдейт. Дүйнөнүн биринчи мамлекети Америка бул вужуддун аман калышында өзү үчүн кызыкчылыкты көрүп жатат. Ушул негизде, яхудий вужуду Американын Ислам Умматына каршы күрөшүндө алдыңкы линиядагы база, Америка эле эмес, бүткүл Батыштын Ислам хазаратына жана Умматка каршы согушунда алдыңкы база эсептелет. Ошондуктан, алардын баары бул вужуддун аман калышы шарт деп эсептеп, аны колдоп-кубатташууда.

Яхудий вужудун колдоп-кубаттоо жана аны табигый вужудга айлантуу үчүн бул вужудду мусулман өлкөлөрүнө сиңиштирүү керек. Сиңиштирүү үчүн мубарек жерди азат кылууга ынтызар болуп турган Умматтын сезими менен дуулдап жанып жаткан региондун отун өчүрө ала турган кандайдыр бир шылтоо же чечим керек. Бирок, Америка же Батыштын колунда Умматты ыраазы кылган же Фалестинге карата сезимин түбөлүк тизгиндеген маселени чече турган бир да сыйкырдуу чечим жок.

Фалестин маселеси – Ислам, Исламий Уммат, стратегиялык орун, колонизатор жана ага малай режимдер сыяктуу маселелерге байланышкан маселе. Америка жетектеген колонизатор Батыш өлкөлөрүбүздөгү өз кызыкчылыгына тынчсызданып, бул маселенин туруктуу болушун каалабайт. Тескерисинче, өлкөлөрүбүз алардын короосуна айланышын, байлыктарыбызды соруп, элибизди кул кылууну каалашат. Алар муну камсыздоо үчүн региондун жалынын басууга жана өчүрүүгө урунуп жатышат. Себеби, бул жалын Расулуллах ﷺдын Исра жери баскынчылык астында калгандыктан Умматтын жүрөгүндө жалындап күйүп жатат о.э. Батыштын исламий өлкөлөрдөгү малайларынын тактысына коркунуч туудуп жатат. Мындан улам, Батышка ушундай бир чечим зарыл болуп турат, бул чечим жалынды өчүрүп, өлкөлөрүбүздөгү режимдердин башында турган Батыштын малайларынын тынчтыгын кепилдеши керек, яхудий вужудун жана анын коопсуздугун камсыздап, Фалестин калкы үчүн өзүнчө, яхудийлерге өзүнчө мамлекетти камсыздаган адилеттүү жана ынсаптуу болуп көрүнгөн чечим болушу керек. Мына ошондо Фалестин маселеси чечилет жана күрөш аягына чыгат, Араб мамлекеттеринин демилгесинде айтылгандай «эки мамлекет» чечими болот.

Түпкүлүгүндө, бул «эки мамлекет» чечиминин маани-маңызы мубарек жердин чоң бөлүгүн яхудийлерге берүүнү, анын акысына яхудийлердин коопсуздугун коргогон күчсүз бир мамлекетче курууну түшүндүрөт. Америка мына ушундай чечимди кабыл алган. Бирок, яхудий вужуду ар дайым бул чечимден четтөөдө жана бүткүл Фалестин жерине өкүмдарлык кылууну каалап жатат.

Америка мубарек Фалестин жери маселеси канчалык чаташ экенин жана ал Ислам маселесине тыгыз байланышканын түшүнүүдө, яхудий вужуду Ислам Умматына тең келүүгө, же азыркыдан дагы да кеңейүүгө, же болбосо ага каршы козголууга даяр турган Умматка каршы турууга кудуреттүү эместигин билет. Америка ушуларды түшүнгөндүктөн жана билгендиктен «эки мамлекет» чечими аркылуу баскынчы вужудду коргоого, коопсуздугун жана региондогу кызыкчылыктарын кепилдеп, ушул чечимди тыгыштырууга урунуп жатат… Бүгүн яхудийлер үй-жай курууну кеңейтип, бул жерге бекем орношуп жаткан учурда о.э. бул жерден темир дубалдар менен курчалган мамлекетчелерден башка нерсе калбаганда, Америка үчүн «эки мамлекет» чечими жакында ишке ашабы же кийинби, анын Фалестинде реалдуу вакиълиги жана мазмуну барбы же жокпй, айырмасы жок. Бирок, Америка муну менен күрөшкө эч болбогондо назарий жактан чекит койгон болот. Буга малай режимдер аткара турган вазыйпаны туюнткан Араб мамлекеттеринин тынчтык демилгесинде айтылган АКШ мамлекеттик катчысы Блинкендин билдирүүсү мисал болот. Ал Америка яхудийлердин коопсуздугун «эки мамлекет» чечими аркылуу коргоого аракет кылып жатканын, бул чечимди ишке ашыруудагы курал мусулман өлкөлөрүндөгү өкүмдарлар экенин ачык айтты.

Нусрат-жеңиштер жана тарыхтар ээси болгон улуу Ислам Умматы ушул мубарек жер үчүн аны азат кылуудан башка чечим жок деп билет. Бул тарыхта өз тастыгын тапкан чечим. Кресттүүлөр бул мубарек жерди басып алышканда Уммат аракетке келип, бул жерди азат кылды. Эч кимде Фалестинди кресттүүлөр менен бөлүшүү сыяктуу кыянаттык болбогон. Салахиддин Айюбий бул мубарек жерди кресттүүлөр менен Ислам Умматынын ортосунда «эки мамлекет» аркылуу бөлүү чечимине келүү үчүн папа менен жолугушпаган. Тескерисинче, Салахиддин Айюбий алар менен Хиттин согушунда жолукту жана алардын баарын өлкөбүздөн кууп чыгарып, бүткүл исламий өлкөлөрүбүздө кресттүүлөрдүн королдугун түп тамыры менен кулатты.

Мубарек жерди азат кылууга жана бул вужудду түп тамыры менен түбөлүк жок кылууга Уммат жоопкер болуп, бул анын милдети. Тирүү умматтар адатта өз өлкөсүн азат кылуу үчүн аскерий аракеттенүүнү жарыялайт. Европа мамлекеттери жана Россия өз жерлерин азат кылуу үчүн баскынчы фашизмге каршы согушкан. Наполеон Европада ээлигин кеңейүүгө аракет кылганда ага каршы бүткүл Европа бутка туруп, аскерий аракеттенүүнү жарыялаган. Ал эми, Америка жана анын куйругу болгон саткын мусулман өкүмдарлары Ислам Умматы моюн сунуп, баскынчы вужуд менен мамилелерди нормалдаштырып, Фалестинди бөлүп алуусун каалап жатат!

Яхудий вужуду менен болгон байланыштар өлкөлөрүбүздөгү режим жана өкүмдарлардын малайлыгын ачыктоодо. Бүгүн Украина өз жерин орус баскынчыларынан коргоо үчүн согушуп жатканда… Батыш ага жардам берип, акча жана курал менен колдоп-кубаттап жатканда, исламий өлкөлөрдүн өкүмдарлары да Америка саясатын макулдап, Украинанын аймактык бүтүндүгүнө, анын бардык регионун, ал тургай, Крымды кайтарууга чакырышууда. Бирок, мубарек Фалестин топурагы жөнүндө сөз болсо, алардын баары, өкүмдарларыбыз баскынчылар менен «эки малекет» чечими аркылуу залимчил бөлүштүрүүнү сүйлөп, талап кылышууда! Ар бир иш-чара, жолугушууларда өкүмдарларыбыз тынымсыз сайрап жаткан бул талап өлкөлөрүбүздөгү режимдердин саткындыгын о.э. алар Америка жана яхудийлердин кызыкчылыктарына берилгендигин көрсөткөн жышанага айланып калды.

Демек, Ислам Умматы үчүн өз кожоюндугун, эркин жана саясий чечимин кайтарып алышы жана бул саткын мусулман өкүмдарларын түп тамырынан кулатып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин тикелешинин убакы эбак келген. Ушул мамлекетибиз тикеленсе, Ислам Умматы Фалестинди азат кылышы үчүн болгону бир саат гана зарыл. Себеби, Умматыбыз улуу жана үлкөн Уммат болуп, күчсүз вужуд да, коркок колонизаторлор да ага каршы эч качан тура албайт. Бирок, Умматыбыз жуундукор өкүмдарлар тарабынан кишенделген. Умматтын эр кишилери жана кошуундары өкүмдарларды түп тамырынан кулатышы, тактыларын ойрон кылып, кишенделген улуу Умматты куткарышы шарт.

 Роя гезити, №421, 2022-жыл, 14-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here