Байден: Алардын экономикабызды жок кылышына жол бербейбиз

3007
0

Байден: Алардын экономикабызды жок кылышына жол бербейбиз

АКШнын президенти Жо Байден бир топ демократ конгрессмендер менен биргеликте мамлекеттин тышкы саясий маселелерин талкуулады. Ак үйдө бир топ демократ депутаттарды коноктогон Байден республикачылардын экономикалык саясатына чабуул кылып сөз сүйлөдү.

Байден Medicare (аз камсыздалган адамдарга берилүүчү дарылануу жеңилдиктерин) жана социалдык коопсуздук чыгымдарын кыскартууну талап кылган республикачыларды “экстремисттер” деп сыпаттап, “Республикачылардын экономикабызды талкалашына жол берүү ниетим жок” деди.

Буга чейин Республикачылар партиясынын жетекчиси жана АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп президент Жо Байдендин мамлекеттик чыгымдарын сындап чыккан эле. Трамп өзүнүн “Truth Social” аттуу социалдык тармагы аркылуу видео кайрылуу жолдоп: “Биз Байдендин көзөмөлүнөн чыгып кеткен чыгымдарын таптакыр токтотушубуз керек болсо да, бул ооруну эмгекчил америкалык үй-бүлөлөр жана карылар эмес, Вашингтон бюрократтары көтөрүшү керек”, – деген эле.

Комментарий: Бүгүнкү күндө Америка саясий жактан да, экономикалык жактан да өтө оор абалды башынан өткөрүүдө. Мамлекетти кезектешип башкарып келе жаткан эки партия ар бир кадамда бири-бирине каршы ор казуу үчүн ыңгайлуу учурду күтүп турат. Бул эки партия ортосунда жүзөгө чыккан күрөш бүгүнкү күндө өтө кооптуу түс алды. Ал тургай, мамлекетти башкарып жаткан партиянын кызыкчылыктарына сокку берүүгө киришкен оппозициялык партия анын башкаруусун изден чыгаруу үчүн чет мамлекеттер менен кызматташуудан да кайра тартпай калды. Мисалы, Трамп башчылыгындагы Республикачылар партиясы учурда бийликте турган Демократтар партиясынын башкаруусун изден чыгаруу үчүн Саудияга нефть казып алуунун көлөмүн күнүнө 2 миллион баррелге азайтуу жөнүндө токтом чыгартты. Мындан көздөлгөн максат Америкада күйүүчү майдын баасын көтөрүү аркылуу Байдендин бийлигине карата америкалыктардын нааразылыгын пайда кылуу болчу.

Демократтар партиясы да өз кезегинде Республикачылар партиясын “экстремисттер” деп каралай баштады. Себеби, Трамптын куралчан тарапкерлери 2021-жылы 6-январда Вашингтондо полиция менен кагышып, АКШ Конгрессинин имаратына бастырып кирген эле.

Эки партия бири-бирин бутага алууну улантып жатканда, экономикалык жемирилүү Американы түпсүз туңгуюкту көздөй жетелеп барууда. Алардын америкалыктар ортосундагы бөлүнүүнү чоңойтуп жатканына назар салган адам Америкадагы кризис канчалык олуттуу экендигине жана күндөн-күнгө татаалдашып бара жатканына күбө болот. Бүгүнкү күндө Американын социалдык, экономикалык, аскерий тармактарда жана таалим-тарбия, саламаттыкты сактоо, айлана-чөйрө сыяктуу жергиликтүү тармактарда о.э. артыкчылыктуу геосаясий маселелерде кризиске дуушар болгонун байкоо кыйын болбой калды. Расмий уюмдар тарабынан чыгарылган цифралар менен статистикаларга назар салсак, Америкада жүз берип жаткан экономикалык жемирилүүнү дагы да ачыгыраак көрөбүз.

Шек-күмөнсүз, жакында тикелениши күтүлүп жаткан Халифалык мамлекети – Аллах Азза ва Жалланын изни менен – капитализм дүйнөсүн талкалайт жана бардык адамзатты капиталисттик система жамандыгынан куткарат о.э. бүтүндөй адамзатты колонизатор мамлекеттердин, айрыкча, Американын жамандыгынан куткарат.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here