Айлана-чөйрө саламаттыгы

3157
0

Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

               Бисмиллахир рохманир рохиим

Айлана-чөйрө саламаттыгы

  Албетте адамдын саламаттыгы айлана-чөйрө менен байланыштуу. Айланабыздагы аба, ичип жаткан суу жана керектеп жаткан азык-түлүктөрдүн ден соолугубузга таасири аябай чоң. Бул нерселердин саламаттыгы болсо, биздин аларга карата ондогон жылдар бою тынымсыз, жергиликтүү жана дүйнөлүк масштабда кылып жаткан мамилебизден көз каранды. Айлана-чөйрө саламаттыгы деген аныктама берилишинин себеби, айлана-чөйрө саламаттыгы – бул ижтимаий саламаттыкты сактоо тармагына көңүл бура турган, адамдын саламаттыгын өнүктүрүүгө о.э. саламат жана бейпил коомду өнүктүрүүгө салымын кошо турган тармак болуп эсептелет. Ошондуктан да айлана-чөйрө саламаттыгы жалпы элдин саламаттыгын өз ичине алуучу ар кандай түзүмдүн негизги бөлүгү болуп эсептелет. Ушуга байланыштуу адамдарды коргоо жана коомдорго соо саламат мухитти жаратуу үчүн аба, суу жана азык-түлүктүн курамындагы химиялык булганыч заттарды жана башка экологиялык зыяндарды азайтуу боюнча саясат жана программаларды иштеп чыгууга аракет кылыш керек. Капитализм айлана-чөйрөгө көңүл бурбастан өнөржайды өнүктүрдү. Муну менен топурак, аба жана суу булганышынан азап тартып жаткан шаарларга ахлаксыздык, оору жана өлүмдөр кирип келди. Айыл чарба жерлери, дарыялар жана деңиздер зыяндуу калдыктар жана өнөржай таштандылары менен булганды. Капиталисттик ач көздүк натыйжасында биологиялык ар түрдүүлүк азайып кетти. Натыйжада, капиталисттик мамлекеттер бул жыртыктарга жамак салууга аракет кыла башташты. Булганууну көзөмөл кылуу жана алардын алдын алуу үчүн мекеме жана уюмдарды, анын ичинде, углерод салыгы жана башкаларды уюштурушту.

  Ал эми Исламда болсо, саламаттыкты сактоо жүзөсүнөн тазалык жана айлана-чөйрөнү башкаруунун мааниси өтө көптөгөн ири мусулмандар шаарларынын архитектуралык пландарында өз көрүнүшүн тапкан. Мунун себеби, Ислам адамдын айлана-чөйрөгө кылган мамилесин акыреттеги ажр-соопко байлайт. Ошондуктан, Ислам адамдын зээнин таза айлана-чөйрө маанилүү экендигине каратат. О.э. Ислам бүтүндөй адамзат саламаттыгын сактоо жүзөсүнөн да тазалыкка маани берет. Ал үчүн булганууну азайтууга чакырат. Ички, рухий  кадыржамдыкка, колдо бар болгон нерсеге ыраазы болуп, канаат кылууга чакырат. Чындыгында, Аллах Таала адамды жерден жаратты. Адамды жерде халифа кылды жана жердеги нерселерден пайдаланышы үчүн ага бардык нерсени моюн сундуруп койду. Аллах азза ва жалла айтат:

 هُوَ أَنشَأَكُم مِّنَ ٱلۡأَرۡضِ وَٱسۡتَعۡمَرَكُمۡ فِيهَا فَٱسۡتَغۡفِرُوهُ ثُمَّ تُوبُوٓاْ إِلَيۡهِۚ

 Ал силерди жерден пайда кылып ага жайгаштырды. Демек, Андан кечирим сурагыла жана Ага тообо кылгыла”.  [11:61].

  Дагы айтат:

وَسَخَّرَ لَكُم مَّا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِ جَمِيعٗا مِّنۡهُۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَتَفَكَّرُونَ

“Ал Өз тарабынан (тактап айтканда, өз эрк-каалоосу менен) силерге асмандардагы жана Жердеги бардык нерселерди моюн сундурду. Албетте, мында ой жүгүртө алган коом үчүн (үлгү) аяттар бар”. [45:13].

   Исламда айбандарды жеш үчүн же башка зарылдык үчүн өлтүрүү мубах. Бирок, аларды ысырапкордук кылып, эч бир себепсиз өлтүрүүчү адамдар үчүн эсеп-китеп бар. Абдуллах ибн Амрдан риваят кылынат. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам айтат:

ما مِن إنسانٍ يقتُلُ عُصفورًا فما فوقَها بغيرِ حقِّها ، إلَّا سألَهُ اللَّهُ عز وجل عنها يومَ القيامةِ

  “Кимде-ким бир чымчыктыбы, же андан жогорусунбу нахак (акыйкатсыздык менен) өлтүрсө, Аллах азза ва жалла кыямат күнү ал кишини ушул нерсе жөнүндө сурак кылат ”. Я Расулуллах, чымчыктын акысы эмне, – деп суралды. Ошондо Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам:

 حقها أن يذبحَها فيأكلَها ولا يقطعَ رأسَها فيرميَ بِهِ

Анын акысы (аны) союп жеш, башын үзүп ыргытып жиберүү эмес”, деп жооп берди . Хаким риваяты. Абу Хурайра разияллоху анху Набий саллоллоху алайхи ва салламдан риваят кылат:

وَتُمِيطُ الْأَذَى عَنِ الطَّرِيقِ صَدَقَةٌ

  “… дагы жолдон зыян берүүчү нерсени алып салышың да садака”. Муслим өз “Сахих”инде чыгарган. Ислам айлана-чөйрөгө пайда келтире турган нерсени пайда кылууну мактаган. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам айтат:

ما من مسلمٍ يغرسُ غرساً أو يَزْرَعُ زَرْعاً فيأكلُ منه طيرٌ أو إنسانٌ أو بهيمةٌ إلاَّ كان له به صدقة

  “Бирер мусулман бак отургузса же эгин эксе, натыйжада анын эгиндеринен куш, адам же айбан жесе, албетте ал үчүн садака эсебинде болот”. Бухарий риваяты.

Ислам айлана-чөйрөгө, табиятка зыян келтирүүнү арам кылды. Анткени, табият адамдын тиреги. Аллах Таала табиятты, айлана-чөйрөнү булгагандарды азаптай турганын айтты:

وَإِذَا تَوَلَّىٰ سَعَىٰ فِي ٱلۡأَرۡضِ لِيُفۡسِدَ فِيهَا وَيُهۡلِكَ ٱلۡحَرۡثَ وَٱلنَّسۡلَۚ وَٱللَّهُ لَا يُحِبُّ ٱلۡفَسَادَ

(Жаныңдан) узаганда болсо, жерде бузукулук кылуу үчүн эгиндерди, мал-жанды кыйратып, жок кылуу үчүн желип-жортуп аракет кылат. Аллах болсо бузукулукту жакшы көрбөйт”. [2:205].

Чындыгында, Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам айлана-чөйрө тазалыгын сактоого төмөнкү сөздөрү аркылуу басым жасаган:

 اتَّقوا الملاعنَ الثلاثَ : البَرازُ في الموارِدِ ، و قارِعَةِ الطَّريقِ ، و الظِّلِّ

  Наалаттанган үч орундан этият болгула. Алар табигый байлыктар үстүндө, жол ортосунда жана адамдар отура турган көлөкөдө заара кылуу!” Хаким “Ал-Мустадрак”та риваят кылган жана иснады сахих хадис деген.

Халифалык мамлекети айлана-чөйрөнү коргоо үчүн – абанын тазалыгын, суунун тазалыгын жана азык-түлүктүн сапатын күзөтүп баруу үчүн – мониторинг киргизиши керек. Ошол мониторингдин алкагына айлана-чөйрөнү күзөтүү, химиялык же радиактивдик булгануунун алдын алуу, адамдар үй жаныбары жана жапайы жаныбарлардан пайдалануу, алар менен байланышта болушунун натыйжасында келип чыгуучу жугуштуу ооруларга каршы күрөшүү да кирет.

   Төмөндө айлана-чөйрө саламаттыгындагы эң маанилүү аамилдерге токтолуп өтөбүз:

                        Абанын тазалыгы

   Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсебине ылайык, жыл сайын абанын булганышынан 7 миллион адам каза болот жана дүйнөдөгү адамдардын 90%ы жогорку деңгээлде булгоочу заттарды камтыган абадан дем алат. Жүрөк оорусунан каза болгон чоңдордун төрттөн бир бөлүгү абанын булганышы себептүү каза болот. Өпкө рагы оорусунан каза болгондордун 29%ы жана өнөкөт обструктивдүү өпкө ооруларынын (COPD) 43%ы абанын булганышына байланыштуу болушу мүмкүн. Радиактивдүү чаң айлана-чөйрөнүн булганышына анык таасирин тийгизет. Анын глобалдык өлчөмү Чернобыль жана Фукусима окуяларындагы эң жаман көрүнүштөрдө жүзөгө чыкты. Миладий 1986-жылы Чернобыль авариясы себептүү Украинанын 20 000 квадрат километр майданы булганды жана бүтүндөй Батыш Европада радиактивдүү чаң пайда болду. Япониядагы Фукусима атомдук электр станциясы 2011-жылдын 12-мартында атмосферага радиоактивдүүлүктү чыгара баштап, ал Тынч Океаны аркылуу АКШга 5-6 күндөн кийин жетип барган.  Бул окуядан бери он жыл өткөн болсо да окумуштуулар Фукусима атомдук станциясынан чыккан радиактивдүү заттардын жаңы-жаңы түрлөрүн табышууда.

   Ислам мамлекетинде абадагы түрдүү таштандылар көйгөйүн чечүү максатында – өнөржай ишканалары абаны булгоочу таштандыларды чыгарганы себептүү – турак жайлардан алыс жерге курулат. Өнөржай жана айыл чарба объектилери жана башка булгоочу булактар күзөтүүгө алынат. Хусусий мүлк, умумий мүлк же мамлекеттик мүлк болушуна карабастан мындай объект жана имараттар тазалыкты сактоочу мыйзам эрежелерге моюн сундурулат. Мамлекет айлана-чөйрөнү булгоочу заттар атайын уруксат берилген аймактардан чыгып кетишине жол бербейт. Мындай аймактарды адис окумуштуулар белгилейт. Ошондо айлана-чөйрөгө эң аз өлчөмдө таасирин тийгизе турган таштандылар чыгарылышына уруксат берилет. О.э. мамлекет өнөржай таштандыларын кайрадан иштетүүгө жана аларды кайрадан иштетүүчү ишканаларды курууга көңүл бурат. Кайрадан иштетүүгө жана пайдаланууга жараксыз болгон таштандылар алыскы аймактарда утилизация кылынат т.а. жок кылынат. Калкты мындай таштандылардан, алардын зыян жана коркунучтарынан куткаруу үчүн жаңы, заманбап жолдорду ойлоп табышы үчүн окумуштуулар тобу түзүлөт.

  Айлана-чөйрө булганышына коомго таасирин тийгизе турган мыйзам бузуулар себеп болгондуктан, Ислам мамлекетинде айлана-чөйрөгө зыяндуу таштандыларды чектөө үчүн завод жана фабрикаларды көзөмөл кылууга мухтасиб казы жоопкер болот. Ал окумуштуулардан жана айлана-чөйрө боюнча адистерден жардам сурашы мүмкүн. Завод жана фабрика ээлерине уруксат берилген чектен чыгып кетишкен учурда интизамий жаза чараларды колдонот. Аларды жаза чаралар да токтото албаса жана алар айлана-чөйрөнү булгай беришсе, мындай завод, фабрикалар жабылат.

  Табигый айлана-чөйрө айрыкча, булганыч заттар аба же суу жолдору менен жайылган болсо, мамлекет чектөөлөр менен эле токтоп калбайт. Ошондуктан, кошуна мамлекеттердин айлана-чөйрөнү булгашына жана  Ислам мамлекетинин жерлерине өнөржай таштандыларын ташташына жол Ислам мамлекети бербеши важиб болот. Кошуна мамлекеттер тарабынан бул шарттардын бузулушу Ислам мамлекетине жана анын субъектилерине кол салуу деп эсептелет. Бул болсо, Халифанын чечими менен аларга каршы жихад жана согуш жарыялоону талап кылат.

                      Суулардын сапаты

  Суу жашоо булагы болуп, ал дүйнө жүзүнүн дээрлик 70 %ын ээлеп турат. Аллах Таала айтат:

أَوَلَمۡ يَرَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ أَنَّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ كَانَتَا رَتۡقٗا فَفَتَقۡنَٰهُمَاۖ وَجَعَلۡنَا مِنَ ٱلۡمَآءِ كُلَّ شَيۡءٍ حَيٍّۚ أَفَلَا يُؤۡمِنُونَ

  “Кафир болгон адамдар асмандар да, жер да (башында) тосулган (асмандардан жамгыр жаабас, жерден болсо бир да чөп өнбөс) болгондугун, анан, Биз аларды ачып жибергенибизди (тактап айтканда асмандан жамгыр жаадырып, жерден чөп өстүргөнүбүздү) жана бардык жандууну суудан (пайда) кылганыбызды көрүшпөдүбү?! [21:30].

  Ошондой болсо да, адамзат дарыяларды, деңиздерди жана жер алдындагы сууларды болуп көрбөгөндөй тездик менен булгап жатат. Оор металдар; зыяндуу химиялык заттар; микропластмассалар; адамдардын жана айбандардын таштандыларынан келип чыгуучу бактериялар; радиактивдүү изтоптор, – булардын бардыгы сууларыбызды булгап жатат. Ичүүчү суулар ваба, брюшной тиф, шигелла, колиформ 0157 вирустарынан ар дайым булгануу коркунучуна дуушар болууда. Гепатит А вирусу да ичүүчү сууларга коркунуч туудурууда. Норовирус вирусунун сууларга жугушу ичеги ооруларынын тез-тез жайылышына себеп болууда. Ал эми протеоза паразиттери жайылышын – криптоспоридиоз жана гиардияга окшоп – хлор  кошуу менен алдын алууга болот. Паразит курттар шистозомианы келтирип чыгарат. Ичүүчү суу дагы заводдордон, айыл чарбасындагы жер семирткичтер агымынан, суу сактагычтардагы суулардан да химиялык булгануу коркунучуна дуушар болууда. Ал тургай, кудук суулары да мышьяк сыяктуу уулуу элементтер менен булганышы мүмкүн. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) 2019-жылдагы отчётуна ылайык, кеминде 1 миллиард адам таштандылар менен булганган суу булактарынан пайдаланат жана жыл сайын 485 000 адам булганган суудан пайда болгон диарея себептүү каза болот.

  Чындыгында, Ислам суулардын сапатын жана алардын тазалыгын коргоого буйруду. Суу булактарын булгоодон катуу эскертти. Муаз ибн Жабал разияллоху анху риваят кылат.  Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам айтат:

اتَّقوا الملاعنَ الثلاثَ : البَرازُ في الموارِدِ ، و قارِعَةِ الطَّريقِ ، و الظِّلِّ

   Наалаттанган үч орундан этият болгула. Алар – жалпы элдик байлыктар үстүндө, жол ортосунда жана адамдар отура турган көлөкөдө заара кылуу!” Хаким “Ал-Мустадрак”та риваят кылган жана иснады сахих хадис деген.  Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам дагы айтат:

لا يَبُولَنَّ أحَدُكم في الماء الدَّائِم الذي لا يجْرِي، ثمَّ يَغتَسِل مِنه

  Эч кимиңер кийин өзү гусул кыла турган агын сууга эч качан заара кылбасын”. Муслим өз “Сахих”инде риваят кылган. Ибн Мажжа Жабир ибн Абдуллах разияллоху анхудан риваят кылат:

أمرنا النبي صلى الله عليه وسلم أن نوكي أسقيتنا، ونغطي آنيتنا

“Набий саллоллоху алайхи ва саллам бизди суу алган идиштердин оозун жаап коюуга жана идиштерибизди ороп коюуга буюрду ”. идиштеги сууларды сактоо назарда тутулган. Ошондуктан, Ислам мамлекети суу булактарын таза сактоого маани бериши, ичүүчү суулардын сапатын о.э. булганыч заттардан тазалыгын текшерип турушу керек. Ал үчүн мамлекет суу сактоочу жайларды, сууну ар түрдүү булганыч нерселерден тазалай турган лабораторияларды курат. Анткени, башчы – имам – өз калкынан жоопкер. “Зыян жеткирүү да, зыян көрүү да жок” деген кеңири жайылган шаръий коида негизинде иш кылына турган болсо о.э. умумий ичүүчү сууларды булгоону арам кылуучу хадистер иш жүзүндө колдонула турган болсо, суу бардык мусулмандардын мүлкү болуп эсептелет. Ислам мамлекетиндеги хасаба идарасы сууларды жана алардын тазалыгын күзөтүп барат. Суу булактарын булгап жаткан адамдарга, ишкана жана уюмдарга карата алардын кылмыштары менен мыйзам бузууларына чек коё турган жаза чараларды колдонот.(уландысы бар).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here