Кыргызстанда инфляция 14,7 пайызга жетти
Кыргызстанда 2021-жылдын декабрь айынан 2022-жылдын декабрь айына чейин керектөө баалары жана тарифтери 14,7% көтөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, азык-түлүк товарлары 17,1%, азык-түлүк эмес товарлар 12,7% кымбаттаган. Кызмат көрсөтүү тарифтери 9,1% өскөн. Кыргызстанда жалпы инфляция 14,7% түзгөнү менен айрым товарлардын түрлөрү 40-50%га чейин кымбаттаган.
Ал эми, Евразия экономикалык биримдигинде инфляциянын көрсөткүчү боюнча Кыргызстан экинчи орунда турат. Инфляция Казакстанда 20,3%, Беларуста 12,8%, Орусияда 11,9% жана Арменияда 8,3% катталган. Эл аралык валюта фондунун маалыматына таянсак, дүйнөлүк инфляция 2022-жылы 8,8 пайызды түздү.
Инфляция – бул товарлардын жана тарифтердин көтөрүлүшүн түшүндүрөт. Муну менен катар акчанын куну кетишин жана сатып-алуу жөндөмдүүлүгүнүн азайышын да билдирет. Мындай кымбатчылык туруктуу кайталанса инфляция деп аталат. Инфляция 40% дегени, баалар мурунку жылга салыштырмалуу 40% кымбаттаганын билдирет. Мисалы, өткөн жылы 1000 сомго алынган азык-түлүктү быйыл 1400 сомго сатып алынса инфляция 40 пайызга барабар болот.
Түпкүлүгүндө, бүгүнкү күндө Кыргызстанда жана дүйнө жүзүндө жүз берип жаткан инфляция учурдагы акча түзүмүнөн келип чыгууда. Борбордук банктар улуттук валютанын кунун сактап калуу үчүн базарга чыгарган пайыздуу акчалар болсо көйгөйдү дагы да күчөтүүдө. Себеби, учурдагы акча түзүмү алтын жана күмүшкө эмес, кагаз акчага негизделген. Бул системанын түзүлүшүн кыскача баяндасак, ал төмөнкүдөй:
Биринчи дүйнөлүк согушка катышкан мамлекеттер согуш чыгымдарын жабуу үчүн алтынга таянбастан акча басып чыгара баштады. Согуш бүткөндөн кийин болсо каршылыксыз басылып чыккан акчалар топтолуп калды. Анын артынан 1929-жылы финансылык кризис, анын артынан Экинчи дүйнөлүк согуш жүз берди. Европа өлкөлөрү бул согуштан да кризиске баткан абалда чыгышты. Алтын резервдери болсо дээрлик түгөнгөн абалда эле. Натыйжада 44 өлкө АКШнын Бреттон Вудс шаарында эл аралык жыйынга чогулуп, акча түзүмүн талкуулашты. Англия баштаган Европа мамлекеттери алтын резервдери аз болгондуктан, алтынга негизделбеген акча түзүмүн сунуштады. Ал эми, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда үлкөн пайда тапкан жана дүйнөлүк алтын резервдин 70 пайызына ээлик кылган АКШ бул системаны кабыл алууга каршы турду. Анын ордуна алтынга таянган доллар системасын сунуштады. Бул түзүмдө алтын базарда айланбай, анын ордуна АКШ доллары колдонула турган болду. Бул чечим кабыл алынган учурда 1 унций алтын (31 грамм) 35 AКШ долларына барабар деп эсептелди. Башка валюталардын наркы болсо, АКШ долларына карап белгиленди. Бул учурда АКШнын Борбордук банкы чыгарган акча бирдиги алтын резервинин 25 пайызын гана түзгөн. А бирок, капитализмдин ачкөздүгү бул системанын көпкө сакталышына жол бербеди. Экономикалык талаптарды камсыздоо үчүн кайра-кайра басылып чыккан доллар АКШнын алтын резервин тездик менен азайтты. 1966-жылга келип Европадагы Борбордук банктарда 14 млрд долларлык алтын сакталса, АКШда 13,2 млрд долларлык гана алтын резерви калды. 1971-жылга келип АКШ алтынга таянган доллар системасынан баш тартып, кагаз акчасын эл аралык валютага негиз кылып койду. Муну менен өзүнүн алтын резервин сактап калууну үмүт кылды. Натыйжада, доллар АКШ колундагы үлкөн күчкө айланды. Буга байланыштуу АКШ Каржы министри Джон Конналли мындай деген: “Доллар биздин акчабыз бирок, силердин көйгөйүңөр!”. АКШ эч нерсеге негизделбеген акчасы менен эл аралык жаңы кризистерди пайда кыла баштады. Андан кем калбаган финансы уюмдары да баалуу кагаздарды жана виртуалдык акчаларды чыгара баштады. Бул болсо 2008-жылдагы финансылык кризисти келтирип чыгарды. 1944-жылы 1 унций алтын 35 доллар болсо, 2022-жылга келип 1900 доллардан ашты. Башкача айтканда, эң кубаттуу акча катары саналган АКШ доллары жетимиш жыл ичинде 54 эсе кунун жоготту.
Дүйнөлүк банкты 2007-2012-жылдары башкарган Роберт Зеллик айтат: «Бүгүнкү система инфляциянын, дефляциянын жана келечектеги акчага байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн алтынды эл аралык акча катары колдонууну жолго коюшу керек”. Бүгүнкү күндө инфляция жана каржы көйгөйүн түп тамырынан чече турган нерсе – бул алтын акча түзүмү экени талашсыз. Бул түзүмдү колдонуу мусулмандар үчүн парз кылынган. Мужтахид аалымдар Алла Тааланын: “Алтын-күмүштү жыйып алып, аны Алла жолунда кайыр-садага кылбай турган адамдарга жан чыдагыс азаптын кабарын жеткизгин!” (Тообо-34) деген сөзү Исламдагы акча бирдиги алтын жана күмүш болушун шарт кыларын айтышкан. Бул системаны колдонуу экономикалык жактан да, шаръий жактан да милдеттүү. Алтын жана күмүшкө негизделген акча түзүмүндө инфляция сыяктуу көйгөйлөр болбогонун өтмүштөгү Ислам мамлекети көрсөткөн. 1796-1799-жылдары Истамбулда Швециянын элчилик кызматын аткарган Джонсон “Усманий мамлекетте инфляция барбы?” деген суроого ушундай жооп берген: “Бул жерде инфляция деген түшүнүк жок”. Усманий мамлекетте 1469-1914-жылдар арасында инфляция 1,3%ды гана түзгөн. Бизге белгилүү болгондой, бул доордо Усманий мамлекет тынымсыз фатхтарды жасаган чыгашасы үлкөн мамлекет эле. Адистер бул көрсөткүчтүн бирден-бир себеби алтын акча түзүмү экенин белгилешкен.
Инфляцияны пайда кылган дагы бир тармак – бул монополия. Башкача айтканда, базар баасына таасир бере турган өлчөмдө азык-түлүктү топтоп алуу менен кымбатчылыкты пайда кылып, товарды эселеп кымбат сатуу. Бул ишти бир тарабынан Ислам арам кылган. Пайгамбарыбыз с.а.в айтты: “Күнөөкөр инсан гана монополия кылат”. Исламда арам кылынган ар бир иштин бул дүйнөдө да, акыретте да жазасы бар.
Экинчи тараптан, Ислам өкүмдөрү, алтын акча түзүмү колдонулган мамлекетте баалар дээрлик өзгөрбөгөндүктөн, монополия кылып товар сактоого муктаждык калбайт. Анткени, калк товарды кыйналбастан, муктаж болбостон сатып алат жана мындай абалда аны топтоп алууга зарылдык болбойт.
Буга кошумча, Ислам өкүмдөрү колдонулушу менен мамлекет импорттук товарларга көз каранды болбойт жана бардык азык-түлүк түрлөрү Ислам аймагында өндүрүлүп, таркатылат. Бул дагы инфляциянын, тагыраагы, товардын кымбатташынын алдын алат. Ушундай болгон соң, инфляция сыяктуу финансылык көйгөйдөн кутулуунун жападан жалгыз жолу алтын акча түзүмүн колдонуу. Анткени, алтындын өз баалуулугу бар жана ал эч качан өзгөрбөйт.
Мумтаз Маверанахрий