«Эки мамлекет» чечими Американын яхудий вужудунун коопсуздугун камсыздоо долбоору эмеспи?!

26
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

«Эки мамлекет» чечими Американын яхудий вужудунун коопсуздугун камсыздоо долбоору эмеспи?!

«Вашингтон-Софа» веб-сайты хижрий 1444-жылы 10-жумадулаввал, миладий 2022-жылы 4-декабрь күнү жарыялаган кабарда мындай делет: «АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен: «Эки мамлекет куруу чечиминин келечеги алыстай туюлбайт, бирок, биз муну бекем карманабыз жана бизди андан алыстата турган ар кандай нерсе (израиль) коопсуздугуна узак мөөнөт зыян жеткирет», – деди».

Роя:

АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин бул билдирүүсүнөн ачык-айкын көрүнүп тургандай, «эки мамлекет» – чечими мубарек жерде яхудийлерди үстөм кылуу жана алардын коопсуздугун камсыздоого багытталган Американын планы. Бул чечимге чакырып жаткан жана аны ишке ашырууга аракет кылып жаткан ар кандай кимсе Американын яхудий вужудун бекемдөө жана мусулман өлкөлөрүнө интеграциялоо максатына кызмат кылып, Фалестин маселесин жок кылган болот. Себеби, Фалестин маселесинин чечими Уммат акыйдасына таянышы керек. Ал чечим – бул жерди яхудийлерден азат кылуу о.э. яхудий вужудун түп тамыры менен кулатуу.

Ислам Умматынын тарыхы күбөлүк бергендей, Уммат мубарек жерди кресттүүлөрдөн жана монголдордон тазалаган күнү ушул чечимди, ушул шаръий өкүмдү аткарган. Ушуга ылайык, бүгүн да Фалестин маселесинин Уммат армияларын аракетке келтирүүдөн башка чечими жок. Кече эле Хиттин согушу жана Константинополь фатхы сыяктуу чечүүчү согуштарда армиялар аракетке келтирилип, кресттүүлөр кууп чыгарылгандай жана өлкөлөрүбүздөгү падышаларды кулаткандай. Бул алгач зыянкеч режимдерди кулатып, бул улуу максатка жетүү үчүн кошуундарыбызды аракетке келтирген Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө менен ишке ашат.

 Роя гезити, №421, 2022-жыл, 14-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here