Дайтон күчтөрү Хизб-ут-Тахрирдин эки мүчөсүн – алардын бирине мечит алдында чабуул кылып – уурдап кетти

327
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Дайтон күчтөрү Хизб-ут-Тахрирдин эки мүчөсүн – алардын бирине мечит алдында чабуул кылып – уурдап кетти

Бүгүн Дайтон режиминин коопсуздук күчтөрү доктор Ахмад Хинд менен устаз Бахаулфатавийди уурдап кетти. Алгач алардын бирине Рамаллахтагы Сурда шаарчасынын Саъд ибн Муаз мечити алдында жырткычтык менен чабуул кылышты… Бул болсо, алардын Аллахтын үйүн да, жума намазын да урматтабай, Фалестин калкына каракчылык кылууну, яхудийлер алдында кордолууну жакшы көргөн зөөкүрдүк мүнөзүн көрсөтүүдө.

Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестин Фалестин администрациясынын коопсуздук кызматынын бул кылмышын жана Ислам даъватын жайган адамдарга каракчылык кылганын кескин каралап, бул эки жигитти тезинен азат кылууну талап кылды. О.э. Хизб режимдин коопсуздук кызматынын бул кылмышы камакка алуу жөнүндөгү санкциясыз жана кылмышкер топтор сыяктуу эч бир мыйзамдуу негизсиз жасалганын баса белгиледи. Бул нерсе даъватты көтөрүп чыккан жигиттердин кайратына эч кандай таасир кыла албашын, тескерисинче, акыйкатты ачык айтуу, маъруфка буйруп, мункардан кайтаруу амалдарын дагы да күчөтүшүнбаса белгиледи.

 

Роя гезити, №421, 2022-жыл, 14-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here