Тунис режими күйүүчү май продукцияларынын баасын көтөрүшү кимдин пайдасына кызмат кылат?!

352
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Тунис режими күйүүчү май продукцияларынын баасын көтөрүшү кимдин пайдасына кызмат кылат?!

Тунис өкмөтү 2022-жылы 24-ноябрдан тартып айрым күйүүчү май продукцияларынын баалары көтөрүлгөнүн жарыялады. Муну менен күйүүчү май продукциялары үстүбүздөгү жылда бешинчи ирет көтөрүлүп, 20 %га жетти…

Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын маалымат бөлүмү бул туурасында билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Биринчи. Бүгүн өлкөбүздөгү бул функционалдык режимдердин доорунда өкүмдарлардын милдети – Эл аралык Валюта Фондунун буйруктарын аткаруу. Алар: продукциялардын баасын көтөрүү, жергиликтүү валютанын баасын долларга байлоо, чыгашаларды азайтуу. Чыгашаларды азайтуу саламаттыкты сактоо жана башка адамдардын иштерине камкордук кылуу иштерине мамлекеттин каражат жумшабоосун түшүндүрөт.

Экинчи. Күйүүчү май продукцияларынын бааларын көтөрүү, шексиз, транспорт жана жүк ташуу бааларынын көтөрүлүшүнө, арийне, баалардын кымбатташына жана адамдардын кымбатчылыкка кептелишине алып келет. Акыйкатта болсо, ансыз да жакырчылык менен жумушсуздук көрсөткүчү жогорулап, адамдар маяналар, үй-жай, кийим-кече, дарылануу жана таалим сыяктуу негизги муктаждыктар биякта турсун, алардан да зарыл муктаждыктарга жетпейт жатышат… Т.а. адамдар эртеден кечке чейин бир үзүм нан үчүн мээнет кылышууда.

Үчүнчү. Президент Кайс Саид режими – ийгиликсиз жана өлкөнү, жаранды башкарууга күчсүз режим. Анын негизги аракети – колонизатор Батыш жана анын финансы уюмдарынын көрсөтмөлөрүн аткаруу, өлкө байлыктарын жана жарандардын кызыкчылыгын Эл аралык Валюта Фондуна курмандык катары кош колдоп тапшыруу, ушул аркылуу өз кызмат ордуларынн сактап калуу үчүн Батышка жалынуу.

Төртүнчү. Бул режимдин ийгиликсиздигинин себеби – негизинен жолдон адашканы. О.э. салык жыйноочу капиталисттик түзүмдү колдонуп, бактысыздык алып келген эски чечимдерди кайра колдонуп жаткандыгы о.э. камкордук кылуучу улуу Ислам түзүмүнөн баш тарткандыгы.

Бешинчи. Бул саясат – адамдарга зулум кылуу, ачка жана жакыр абалга салып, алдан тайдыруу саясаты. Себеби, өкүмдарлар колдонуп жаткан капиталисттик түзүм бузгунчулуктан башка нерсе эмес. Биздин өлкөдө жана башка исламий өлкөлөрдө колдонулуп жаткан түзүм-мыйзамдар адам өз нафси-каалоосуна ылайык түзгөн динди мамлекеттен бөлгөн илманий капиталисттик түзүм болуп эсептелет. Ошондуктан, ал бактысыздыкка алып барары анык. Биз бул өкүмдарларга Расулуллах ﷺдын сөзүн эске салабыз:

«اللَّهُمَّ مَنْ وَلِيَ مِنْ أَمْرِ أُمَّتِي شَيْئاً فَشَقَّ عَلَيْهِمْ فَاشْقُقْ عَلَيْهِ»

«Аллахым, ким Умматыма жетекчилик кылып, аны кыйынчылыкка салган болсо, Өзүң аны кыйынчылыкка салгын». (Имам Муслим риваяты)».

Билдирүүдө ушулар кошумчаланды: «Биз, Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын мүчөлөрү, мындай ийгиликсиз режим мурунку режимдердин жолун ээрчип, өлкөнү туткун кылып жаткан жана сатып жаткан бул планын кескин каралайбыз. Бул план колонизаторлор жана алардын финансы уюмдарын үстөм кылуудан тышкары, Тунис калкын кордоп, талап-тоноочу чет элдик компаниялар элдин байлыгын тартып алышын бекемдейт…

Тунис калкына айтабыз: колонизатор кафир Батышка көз карандылыктан жана бактысыз жашоодон бизди куткара турган чечим белгисиз эмес, анык-белгилүү. Ал да болсо, капиталисттик түзүмдү жана анын экономикалык, финансылык түзүмүн четке кагуу, мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын, негизинен, Эл аралык Валюта Фондунун басымдарына моюн сунбоо, эл аралык жардамдардан жана банктардын кредиттеринен баш тартуу, Исламдын хазарий долбоорун жандандыруу. Ушундай кылсаңар, Исламдын адилеттүү экономикалык түзүмүндө кризистерсиз тынч коопсуз жаңы жашоого жетесиңер. Анткени, Ислам коомунда бир ууч элитанын башка адамдарга өкүмдарлык кылышын алдын алган роббаний түзүм колдонулат».

Билдирүү Аллах Тааланын ушул аятын эске салуу менен аяктаган:

﴿فَمَنِ اتَّبَعَ هُدَايَ فَلَا يَضِلُّ وَلَا يَشْقَى * وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكاً وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى﴾

«Ким Менин хидаятымды ээрчисе, жолдон адашпайт жана бактысыз болбойт. Ким Менин эскертмемден жүз үйүрсө, демек, албетте ал үчүн бактысыз жашоо болот жана Биз аны Кыямат күнүндө сокур абалда тирилтебиз»                                                       [20:123-124]

 

Роя гезити, №419, 2022-жыл, 30-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here