Калк саламаттыгынын умумий негиздери

334
0

Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

              Бисмиллахир рохманир рохиим

Халифалык мамлекетинде калктын саламаттыгын сактоо

Калк саламаттыгынын умумий негиздери

  Калктын саламаттыгы таза суу, азык-түлүк, айлана-чөйрө тазалыгы, эмдөө жана башка тармактар сыяктуу бүтүн бир кулл(умумий) катары жамааттын саламаттыгына таасирин тийгизе турган аамилдерге көз каранды. Калктын саламаттыгын сактоонун максаты саламаттыкты бүтүндөй мамлекеттик деңгээлдеги саясат жолу аркылуу өнүктүрүүгө каратылат. Калктын саламаттыгын сактоо мамлекет тарабынан ишке ашырыла турган канализиция тармактарын куруу жана жаратылыш коруктарын түзүү сыяктуу иштерди камтыйт. О.э. жол кыймылынын эрежелери, ызы-чуу чыгарбастык жана айлана-чөйрө булганышынын алдын алуу сыяктуу Халифа табанний кыла турган мыйзам-эрежелерди камтыйт. Калктын саламаттыгын сактоодо дарылагандан көрө оорулардын алдын алууга көбүрөөк көңүл бурулат. Ошондуктан, оорулардан сактануу саламаттыкты сактоодогу эң маанилүү аамилдерден болуп эсептелет. Мисалы, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде ашкана тузуна арзан йод кошуу ал мамлекеттерде йод жетишпестигинен келип чыгуучу калкансымал без ооруларын жана аклий алсыздык абалдарын сезиле турган көрүнүштө азайтты.

Калктын саламаттыгын сактоо төмөнкү багыттарды өз ичине алат:

1 – Таза суу, азык-түлүк, абанын тазалыгы, айлана-чөйрөнү өнөржай таштандыларынан таза кармоо нормаларын сактоо менен элдин саламаттыгына коркунуч туудуруучу коркунучтардан калкты сактоо.

2  – Оорулардын үлгүлөрүн күзөтүү, элдин саламаттыгына коркунуч туудуруучу аамилдерди чектөө о.э. бул сыяктуу проблемаларга чечимдерди табуу аркылуу элдин саламаттыгын жакшыртуу. Кээде бул чегүү же семирип кетүүгө тиешелүү тенденцияларды аныктоо аркылуу ишке ашат, же элди мындай терс аамилдерден коргоо үчүн чектөөлөрдү киргизүү менен болот. Калктын саламаттыгына коркунуч туудуруучу маанилүү терс аамилдер жүзөгө чыгары менен аларга каршы күрөшүү үчүн план жана саясий мамилелер иштелип чыгат. Мисалы, коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салуу же туура тамактануу ыкмасына чакыруу ушулар түркүмүнөн.

3 – Жалпы элдин саламаттыгына тиешелүү болгон өзгөчө абалдар үчүн даяр туруу. Бул ашказан-ичеги ооруларынын жайылышын да өз ичине алат.

4 – Эмдөө, сканер аркылуу медициналык кароодон өткөрүү сыяктуу саламаттыкты сактоо программалары. Ушул кароону пландаштыруу жана тартиптештирүү жалпы элдин саламаттыгын сактоо деңгээлинде болот. Бирок, мындай текшерүүнүн аткарылышы жергиликтүү деңгээлде же жеке адамдар үчүн алгачкы медициналык жардам деңгээлинде болгону абзел. Ошондуктан, бул маселеге жеке адамдар үчүн профилактикалык медициналык жардамга тиешелүү бөлүмдө токтолуп өтөбүз.

  Калктын саламаттыгын коргоо тармагында борборлошпогон башкаруу түзүмүнүн мааниси

  Элдин саламаттыгын сактоодон максат, бүтүндөй мамлекет үчүн умумий даражага коюла турган саясаттар аркылуу саламаттыкты бекемдөө. Бирок, муну аткаруу жергиликтүү же аймактык деңгээлде болот. Т.а. вилаяттар жана умалалар(райондор) деңгээлинде болот. Ошондуктан, стандартлар мамлекеттин умумий чөйрөсү үчүн саламаттыкты сактоо органы тарабынан белгиленет. Ошол себептен да умалалар саламаттыкты күзөтүп барууда активдүү кубатка ээ болушат. Буга кошумча алар иштелип чыккан саясаттарга ылайык белгилүү бир амалий муктаждыктарды аткаруу кубатына да көбүрөөк ээлик кылышат. Кээде бул канализация системасын, айлана-чөйрө булганышына каршы күрөшүүнү жана курулуш имараттарын өнүктүрүүнү өз ичине алат. Бул иш хукм-башкаруу борбордук болуп калышы калышы менен бир катарда башкарууну аймактарга көчүрүүдөгү халифалык минхажына туура келет. Пандемиялар сыяктуу массалык кырсык жүз бергенде чечимдин борбордон алынышы албетте пайдалуураак болот. Бирок, Ковид-19 пандемиясына каршы күрөшүү көрсөткөндөй, ооруларды чыккан жеринде күзөтүп баруу, жалпы элдин саламаттыгы үчүн климаттык, аймактык программаларды колдонуу оорунун кандай түрдө экендигин түшүнүү үчүн зарыл. Бул күзөтүү эмдөө жана медициналык кароодон өткөрүү программаларын тартипке салуу үчүн негизги аамил болуп эсептелет.

Коомдун саламаттыгы негизделе турган мукаммал-интеграциялык саясаттарды иштеп чыгуу

  Бул жерде айлана-чөйрө, үй-жай, гигиена, азык-түлүк продукцияларын өндүрүү, жакырчылык жана ушул сыяктуу коомдун саламаттыгына таасирин тийгизе турган көптөгөн аамилдер бар. Булардын саламаттык түзүмүнө түздөн-түз тиешеси жок. Бирок, алардын коом саламаттыгына аябай таасири чоң. Бул нерсе калк саламаттыгынын көптөгөн жактарында интеграциялык саясий чечимдерди кабыл алууну талап кылат. Исламда хукм-башкаруу борбордук болгон соң, албетте бул татыктуу умумий саясаттарды кабыл алууну кепилдейт. Саламаттыкка таасирин тийгизе турган түрдүү тармактарды бириктирүүгө ыңгайлуу шарт түзөт.

Калктын саламаттыгын сактоонун  төмөндөгү эң маанилүү тармактарына токтолуп өтөбүз:

 Азык-түлүктү, тамактануунун жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо.

  1. Айлана-чөйрө тазалыгы: Буга суунун сапатын жана абанын тазалыгын күзөтүп баруу о.э. айлана-чөйрө булганышынын алдын алуу кирет.
  2. Умумий саламаттыкты көзмөлгө алуу.
  3. Зооноз (жаныбарлардан адамга жугуучу оорулар) жайылышын көзөмөл кылуу жана алардын алдын алуу.
  4. Ашказан-ичеги оорулары жайылышынан сактануу жана жугуштуу оорулар жайылган кезде карантиндик пландарды колдонуу.

     Ал эми, иммунизация жана скринг тесттери сыяктуу жеке адамдар менен иштөө контекстиндеги саламаттыкты сактоо программаларынын башка аамилдери жөнүндө жеке адамдардын саламаттыгын сактоого тиешелүү болгон бөлүмдө токтолуп өтөбүз.

         Азык-түлүк, тамактануу жана азык-түлүк коопсуздугу

Азык-түлүктү көбөйтүү жана туура тамактанууну камсыздоо

  Албетте ачкалык жана тоё тамактанбастык дүйнө жүзүндө элдин саламаттыгына коркунуч туудуруп жаткан эң маанилүү коркунучтардан болуп, булардын таасири СПИД, безгек жана туберкулез ооруларынан да чоңураак. Учурдагы статистикалык маалыматтарга ылайык, 690 миллионго жакын адам ачарчылыктан азап тартууда. Бул дүйнө калкынын 8.9 %ына барабар. Алардын көпчүлүгү (381 миллиону) Азияда, дагы 250 миллиону Африкада. Азык-түлүк коопсуздугуна келсек, 2019-жылы болжол менен 750 миллион адам азык-түлүк коопсуздугунун өтө начар абалына дуушар болгон о.э. жалпысынан эки миллиардга жакын адам бул проблемага дуушар болгон. Алардын коопсуз, тоюмдуу жана жетиштүү тамак-ашка жетүү мүмкүнчүлүгү болгон эмес.

  Тамактануу сапатына көңүл буруу керек. Себеби, туура тамактануу         сапатуу саламаттык үчүн зарылий аамил болуп эсептелет. Жогорку деңгээлдеги машакаттарга себеп болуучу азык-түлүк коопсуздугунун жоктугу жана туура тамактанууга кудуреттүү болбостук дан азыктарына же балык, майлуу тамактар, сут азыктары, мөмө-жемиш жана жашылчалар болбогон сапатсыз тамактануу адатына алып барат. Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү үч миллиардан ашык адамдын туура тамактануу мүмкүнчүлүгү жок. 1.5 миллиардан ашуун адам минималдык азыктык заттарды камтыган азык-түлүккө ээ эмес. Туура тамактанууга күчү жетпей турган кишилердин көпчүлүгү (1.9 миллиарды) Азияда, (965 миллиону) Африкада жашайт. Дагы башкалары Латын Америкасында жана Кариб акваториясында (104.2 миллион) жашайт. Алардын азыраак бөлүгү (18 миллиону) Түндүк Америка жана Европада жашайт.

  Албетте, бул цифралар – айрыкча өнүгүү саламаттыктын өлчөөсү болуп турган бир учурда – саламаттыкка түздөн-түз терс таасирин тийгизерине ишара кылат. Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2019-жылы 5 жашка чейинки курактагы 21.3 % (144 миллион) бала өсүүдө кемчиликтерден зыян тарткан. 6.9 %ы (47 миллиону) ысырапкорчулуктан жана 5.6 %ы (38 миллиону) семирип кетүүдөн азап тарткан. Бул ачкачылыктын себеби азык-түлүк жетиштүү өлчөмдө өндүрүлбөй жатышынан эмес, тескерисинче, азык-түлүк жана тамак-аш продукцияларын өндүрүүдө азык-түлүктөн пайдалануу үчүн зарыл болгон ресурстарды туура эмес бөлүштүрүүдөн о.э. азык-түлүктөн туура пайдалануу үчүн билим жана эрктин жетишпестигинен болууда.

Халифалык мамлекетинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо

  Азык-түлүк коопсуздугу – бул мамлекеттин согуштар, курчоолор (блокада), кургакчылыктар жана кырсыктар сыяктуу жөнөкөй жана истисна абалдарда өз калкы үчүн азык-түлүк жана суу сыяктуу негизги муктаждыктарды камсыздай алуу кубаты. Азык-түлүк булактары бар болуп, ал өндүрүү жана адилеттүү бөлүштүрүүгө муктаж болот. Адамдардын саны көбөйүп кетиши, “суулардын жана айыл-чарба жерлеринин азайып кетиши адамдардын ачкадан өлүшүнө себеп” деген сөздүн саламаттыкты сактоодо эч кандай негизи жок. Окумуштуулар: Эгер дүйнөдөгү айыл-чарба жерлеринен туура пайдаланылса, ал жерлер дүйнөдөгү азыркы калктын санынан он эсе көп калкты азыктандырат эле жана азыктандырганда да, жогорку керектөө деңгээлинде азыктандырмак, – деп эсептешет.

  Адамдардын муктаждыктарын кандыруу жана базарларды азык-түлүк продукциялары менен толтуруу Халифанын милдети. Жетекчи адам айыл-чарба товарлары жана азык-түлүк продукциялары азайып кете турган согуштук абалдардын, кургакчылык жана ири кырсыктарды эсепке алып коюшу керек. Ар бир адам азык-түлүк, кийим-кече жана баш калкалоочу жайга ээ болушу үчүн Халифа жоопкер. Эгер адамдын бул муктаждыктар каршысында өзүн-өзү камсыздоого мүмкүнчүлүгү болбосо, анын бул муктаждыктары байтул малдан же тийиштүү жайлардан камсыздалышы важиб. Усман ибн Аффандан риваят кылынат. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам айтат:

«ليس لابن آدم حقٌّ في سِوَى هذه الخِصال: بيتٌ يسكنُه، وثوبٌ يُواري عَوْرتَه، وجِلْفُ الخُبزِ والماء».

  “Мына бул сыпаттардан башкасында адам баласынын акысы жок: башбаанек боло турган үй, авраттарын жашырып туруучу кийим, бир үзүм нан жана суу”. Термизий риваят кылган. О.э. сахих хадис деген.

  Ал эми азык-түлүк коопсуздугуна жетишүүгө келсек, ал негизги азык-түлүк продукцияларын өндүрүү, импорт кылуу жана айыл-чарба жерлерин заманбап, илимий каражат ыкмаларынан пайдаланган абалда иштетүү аркылуу негизги азык-түлүктү камсыздоону талап кылат. Чындыгында, Ислам жерге кайрадан жашоо берүү, аны тирилтүү маселесин Расулуллах саллоллоху алайхи ва салламдын төмөнкү сөздөрү менен чечип койду:

 مَن أحيا أرضًا ميِّتةً فَهيَ لَهُ وليسَ لعِرقٍ ظالِمٍ حقٌّ

  “Кимде-ким өлүк жерди тирилтсе, ал жер ошонуку. Бул жерде залимдер үчүн акы жок”. Термизий риваяты. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам дагы айтат:

 مَن كانَتْ له أرْضٌ فَلْيَزْرَعْها، أوْ لِيَمْنَحْها أخاهُ

  “Кимдин жери болсо, ал жерди иштетсин же боордошуна берсин”. Бухарий риваяты. О.э. азык-түлүк продукцияларын толтуруу үчүн адамга маанилүү азык болгон продукцияларды өтө деле маанилүү болбогон продукциялардан алдыга коюш керек. Суу таңкыстыгына каршы күрөшүү, жашылча жана мөмө-жемиштин сапатын жакшыртуу үчүн жана айыл-чарба эгиндеринин зыянкечтерине каршы күрөшүү ыкмаларын иштеп чыгуу үчүн изилдөө борборлорун түзүш керек. Айыл-чарбанын ички жана тышкы маркетингин камсыздоо зарыл. Чарбачылыкка, айыл-чарба өндүрүшүнө, айрыкча, азык-түлүк продукцияларын узак мөөнөткө сактоону жолго коюуга көңүл бурулушу керек. Эң жаңы заманбап ыкмалар менен чарбачылыкты өнүктүрүүгө маани бериш керек. Фермерлерди мамлекет тарабынан колдоо, продукция өндүрүүнү көбөйтүү үчүн зарыл болгон жеп-чөп жана жер семирткичтерди камдоо зарыл. О.э. импорт жолу менен азык-түлүктү камсыздоо шаръан жаиз. Бул жерде, болгону, момундар үстүнө кафирлер үчүн жол-өкүмдарлык болбошу шарт. Кудум ушундай эле, буудай жана жашылча-жемиш сыяктуу негизги продукцияларга о.э. балык, жумуртка, эт, сүт жана алардан өндүрүлүүчү продукциялар сыяктуу жаныбар жана канаттуулар продукциялары өндүрүшүнө көңүл буруш керек.

  Ушул азык-түлүктөрдү жылдарга созула турган узак мөөнөткө сактоо мүмкүнчүлүгүн пайда кылуу зарыл. Мисалы, буудайды машагы менен же ун абалында сактоо, курма, анжир, жүзүм жана зайтунду кургатылган абалда сактоо, этти кургатылган жана консерваланган абалда сактоо ушулар түркүмүнөн. Сахихи Муслимде Аиша энебизден риваят кылынат. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам айтат:

 لا يَجُوعُ أهْلُ بَيْتٍ عِنْدَهُمُ التَّمْرُ

  Курмасы бар үйдөгүлөр ач калбайт”. Дагы айтат:

يا عائِشَةُ، بَيْتٌ لا تَمْرَ فيه جِياعٌ أهْلُهُ -أوْ جاعَ أهْلُهُ

  “Эй Аиша! Курмасы жок үйдөгүлөр ачка же ач калыптыр”. Муслим өз Сахихинде риваят кылган.

 Халифалык мамлекети азык-түлүк продукцияларын сактоону буудай кампаларын, складдарды, чоң-чоң муздатуучу имараттарды куруу аркылуу камсыздайт. Булар бир нече жерде, душмандардан корголгон, бири-биринен алыс, калктуу пункттарга жакын жерлерде болот. Азык-түлүк продукцияларын ал жактарга алып баруу да алардан алып келүү да ыңгайлуу болот. Мамлекет сактоонун гигиеналык шарттарын жана сакталуучу азык-түлүк продукцияларынын коопсуздугун көзөмөлдөйт. Ислам мамлекети тамакты сан жана сапат жагынан өкүмдөр менен адилеттүү түрдө бөлүштүрөт. Ал өкүмдөр мүлк байлардын ортосунда гана айланып жүрүшүнөн кайтарат жана мусулмандарды багууну важиб кылат. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам айтат:

ما آمن بي من بات شبعانَ وجاره جائعٌ إلى جنبِه وهو يعلم به

  “Кошунасынын ачка экендигин билип туруп, өзү ток абалда таң атырган киши мага ыйман келтирбеген болот”. Баззор Анастан риваят кылган. Дагы айтат:

أَيُّمَا أَهْلِ عِرْصَةٍ بَاتَ فِيهُمُ امْرُؤٌ جَائِعٌ فَقَدْ بَرِئَتْ مِنْهُمْ ذِمَّةُ اللَّهِ تعالي

  “Кайсы кыштак арасында бир киши түнү менен ач калып, таң атырса, алардан Аллах Тааланын коргоосу көтөрүлгөн ”. Ахмад ибн Умардан риваят кылган.

Тамактануучу жайларда, базарларда жана ишканаларда азык-түлүктүн сапаты

  Эгер тамак-аш бузулган болсо же аны даярдоо жараянында гигиеналык эрежелер сакталбаган болсо, албетте мындан түрдүү оорулар келип чыгат жана инфекциялар жайылат. Ошондуктан, тамак-аш даярдалып жаткан жана аны коомдук жайларда сунуштап жаткан киши тазалык эрежелерин толук сакташы о.э. сунуштап жаткан азыктын сапатына көңүл бурушу керек. Мухтасиб (т.а. мухтасиб казы) бузулган же жасалма азыктар сатылып жатканы аныкталган ресторан же ашкана-дүкөндөрдү жабышы, ээлерин болсо, кайдыгерлик кылган болсо, же бузулган азыкты атайылап саткан болсо, жазалашы важиб. Мындай тамактануучу жайларды – адамдарга сунуштап жаткан тамактын сапатын жакшылап текшергенден кийин гана – кайрадан ачууга уруксат берилет. Муслим Сахихинде риваят кылат. Расулуллах саллоллоху алайхи жана саллам эсепсиз көп тамактардын жанынан өтүп бара жатып, колун салып көргөн эле, манжалары нымдалышып калды. Ошондо Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам:

 ما هذا يا صاحِبَ الطَّعامِ؟

“Бул эмнеси?” – деп сурады.  Ошондо сатуучу:

Жамгырда калып кетиптир, я Расулуллах, – деди. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам:

أفَلا جَعَلْتَهُ فَوْقَ الطَّعامِ كَيْ يَراهُ النَّاسُ

“Адамдар көрүп турушу үчүн аны эң үстүнө койбойсуңбу?!. مَن غَشَّ فليسَ مِنِّي

Ким алдаса, ал бизден эмес”, – деди.

Муслим Абу Хурайра разияллоху анхудан да риваят кылган. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам айтат:

مَن غَشَّنا فليسَ مِنِّا

“… жана ким бизди алдаса, ал бизден эмес”.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here