Бир гана Халифалык мамлекети байлыктарды сактап, акы-укуктарды коргойт

273
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Бир гана Халифалык мамлекети байлыктарды сактап, акы-укуктарды коргойт

Бул ушундай улуу Ислам мамлекети – адамдардын байлыктарын сактап, акы-укуктарын урматтоо менен, колко кылбай коргойт. Жаранга камкордук кылып, жаман ойсуз жардам көрсөтүп, андан киреше албайт. Ачкаларды тойдурат, жакырларды кийиндирет жана кичүү-чоңуна кепил болот. Анткени, Исламдын чечимдерине үстүртөн кароо менен алар өлкө жана жаранды өнүктүрүүгө кудуреттү күчтүү түзүм экени көрүнөт. Бул үчүн Исламдын валютага алтын жана күмүштү негиз кылып, аны өз күчүнө ээ валютага айлантканы, ушул аркылуу ар кандай инфляция ыктымалын алдын алгандыгы мисал болууга жетиштүү. О.э. Ислам мамлекетке жалпы мүлк, жеке мүлк жана мамлекеттик мүлктү айырмалап, ресурстарды жалпы мүлктүн катарына кошту, аларды сатуу, жеке мүлк кылып берүү, белек кылуу жана соода-сатыкка айлантууну тыюу салды. Тескерисинче, Ислам мамлекетке – бийлик же белгилүү бир акы эсебине адамдарды жалдоо аркылуу – бул ресурстардын булагынан киреше алып, аны бай-кембагал, мусулман-зиммий, айырмасыз, бардык адамдарга тең бөлүштүрүү мажбуриятын жүктөдү. Себеби, алардын бардыгы Ислам мамлекетинин жарандары болуп, мамлекет бардыгына бирдей назарда карайт. Бул нерселер, биз, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү, турмуш чындыгына алып келүүгө жана колдонууга аракет кылып жаткан нерселердин бир бөлүгү гана. Биз ушундай бир мамлекет болушун каалайбыз, ал бизди жандандырат жана биз аны жандандырабыз, биз аны менен жашайбыз, ал биз менен жашайт… Ал Исламды бизге колдонот, биз менен биргеликте Исламды дүйнөгө даъват жана жихад аркылуу рисала катары о.э. адамзатты капитализм зулумунан Ислам нуруна алып чыгып куткаруучу нур катары жаят.

 Роя гезити, №419, 2022-жыл, 30-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here