Батыш тарабынан каржыланган коомдор жана уюмдар гендердик теңдик жана гендердик социология сыяктуу шектүү аталыштарды карманып, эл аралык шектүү келишимдерди шылтоолоп мусулмандар арасына уу чачууга урунушууда!

618
0

Басма сөз баянаты

Батыш тарабынан каржыланган коомдор жана уюмдар гендердик теңдик жана гендердик социология сыяктуу шектүү аталыштарды карманып, эл аралык шектүү келишимдерди шылтоолоп мусулмандар арасына уу чачууга урунушууда!

Бир нече күндөн бери БУУга байланышкан коомдор, уюмдар жана мекемелер мусулмандардын негизги түшүнүктөрүнө тескери жана эч кандай чындыгы жок кампания жана ураандар менен күн тартибибизди ээлеп келүүдө. Бул – Батыштын проблемаларын жана анын саясий, экономикалык жана социалдык бузгунчу түзүмдөрүн жашообузга тыгыштыруу аракети! Аял кишиге жана гендердик социологияга карата зомбулукту алдын алууга чакырыктар о.э. гендердик теңдик сыяктуулар мунун жаркын мисалы! Бул бирикме жана уюмдар адамдардын оор турмуш шартынан пайдаланып, өз ишинин маңызынан алысташты. Муну менен алар дене бойлук жана моралдык бузгунчулукту коргогон о.э. бузгунчулукка эркиндик маскасын кийирген коом жана уюмдарга айланышты. Алар эркиндиктерди Батыш коомунан мурас кылып алышкан. Ашыкча түшүндүрмөнүн кажети жок. Аларга айтарыбыз:

  • Динибиз жана каадабызга ылайык, аял эне, үй кожойкеси жана корголушу зарыл болгон намыс деп каралат. Бул аялдын коом турмушуна аралашуусуна, эмгектенишине жана бардык нерсенин жаратуучусу болгон Аллах Таала тарабынан белгиленген эрежелердин алкагында мусулмандардын өнүгүүсүнө салым кошуусуна тоскоолдук кылбайт. Аллах Субханаху айтат:

﴿وَأَنَّهُ خَلَقَ الزَّوْجَيْنِ الذَّكَرَ وَالْأُنثَى﴾

«Албетте, Ал эки жупту, эркеп менен аялды жараткан»                                        [53:45]

Т.а. Аллах Субханаху ва Таала эркек менен аялдын ортосундагы мамилелерди жетик түзүм менен тартипке салды, бул социалдык түзүм деп аталат.

  • Динибизде аял кишиге карата көз караш Аллах Тааланын:

﴿وَعَاشِرُوهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ﴾

«Алар менен жакшы ынтымакта жашагыла»                                                            [4:19]

деген хытабына жана Расулу ﷺдын:

«اسْتَوْصُوا بِالنِّسَاءِ خَيْرًا»

«Аялдарга жакшы мамиледе болгула», деген хытабына негизделет. Мусулмандар күнү-түнү тилават кылган Куръани Каримдеги эң чоң сүрөлөрдүн бири аялдар жөнүндөгү «Ниса сүрөсү» деп аталышынан да улуу нерсе барбы?!

  • Аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшкө чакыруу шектүү. Себеби, Ислам андай чакырыкка муктаж эмес. Ислам дини аялдарга гана эмес, шаръий өкүмдөрдөн келип чыгып аялдарга карата да, эркектерге карата да, балдарга карата да, акылы кемдерге карата да зомбулуктарга каршы күрөшөт. Бирок, таң калычтуучсу, аялдарды коргоого чакыргандардын өздөрү аялдарды реклама, маалымат жана порнография материалына айлантырышты! Аялдардан карөзгөй максатта пайдаланып бүтүшкөндөн кийин керексиз нерседей ыргытышат.
  • Айрым мусулмандар дин жана ахлакты туура эмес түшүнүшкөндүктөн аялдарга, эркектерге жана балдарга жаман мамиледе болуп жатышканына келсек, бул нерсе харам жана ал кишинин кемчилиги. Исламдын мындай иштерди чечүү, акылуу эркек жана аялга өз акысын алып берүүнү камтыган мыйзам-эрежелери ачык-айкын.
  • Гендердик теңдикке жана гендердик социологияга үндөгөн чакырыктар т.а. гомосексуалдык жана гомосексуалдарды табигый абал катары таануу илим жана медицинанын эң жөнөкөй эрежелерине да негизделбеген. Тескерисинче, илим жана медицина да бул нерсе тубаса жана тукум куума эместигин, Батыш коомундагы бузгунчулуктардан жана «адам ырахат алуу үчүн жаратылган» деген идеядан келип чыккандыгын далилдеген. Ошондуктан, андайлар, инсаний табиятка, ал тургай, айбандык инстинктке тескери келсе да жаңы-жаңы кумарлануулар артынан чуркап бара жатканын көрөсүң. Мунун натыйжасында Батыш коомунда үлкөн чума жана кырсыктар пайда болду, аларды айтып өтүүбүзгө кажет жок. Эгер, арабызда ушундай абалдар жүз берсе, бул чет элден колдоп-кубатталган уюмдардын башчылары, мүчөлөрү же башкаруу кеңеши айткандай эмес, факихтерибиз, медик адистерибиздин сунушуна ылайык чечилет.

Эй, уюмдардын жетекчилери, илманийлер жана алардын артында тургандар!

Билип койгула, мусулмандар арасында жана өлкөлөрүндө ушундай эр кишилер бар, алар Аллах Таала пенделерине жеңиш жана нусрат бергенге чейин, кандай гана оор абал болбосун, өз өлкөлөрүн коргошот. Алар ушундай бир бекем чеп, анын алдында ар кандай шектүү ыплас иш-аракеттер талкаланып жок болот, ал тургай, канчалык чоң акча жана иш-аракеттер жумшалган болсо да. Себеби, биз ар дайым Аллах Азза ва Жалланын ушул аятын карманып келебиз:

﴿إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا يُنفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ لِيَصُدُّوا عَن سَبِيلِ اللَّهِ فَسَيُنفِقُونَهَا ثُمَّ تَكُونُ عَلَيْهِمْ حَسْرَةً ثُمَّ يُغْلَبُونَ وَالَّذِينَ كَفَرُوا إِلَىٰ جَهَنَّمَ يُحْشَرُونَ﴾

«Албетте, кафир болгон кимселер байлыктарын Аллахтын жолунан тосуу үчүн иштетишет. Анан, аны сарпташат го, кийин ошол (байлыктары) өздөрүнө өкүнүч болот, кийин жеңилишет. Кафир болгон кишилер Аллах ыпласты тазадан ажыратуусу үчүн жана ыплас адамдардын барын үстү-үстүнө жыйып, тозокко ташташы үчүн жаханнамга топтолушат»                                                                                                                [8:36]

Эй мусулмандар!

Өлкөңөргө жасалып жаткан бул жырткыч айла-амал диниңерди жана намысыңарды жок кылуу үчүн алып барылууда. Ушул орунда биз силерге Расулуллах ﷺдын ушул хадисин эске салабыз:

«يا مَعْشَرَ المهاجرينَ! خِصالٌ خَمْسٌ إذا ابتُلِيتُمْ بهِنَّ، وأعوذُ باللهِ أن تُدْرِكُوهُنَّ: لم تَظْهَرِ الفاحشةُ في قومٍ قَطُّ، حتى يُعْلِنُوا بها، إلا فَشَا فيهِمُ الطاعونُ والأوجاعُ التي لم تَكُنْ مَضَتْ في أسلافِهِم الذين مَضَوْا، ولم يَنْقُصُوا المِكْيالَ والميزانَ إِلَّا أُخِذُوا بالسِّنِينَ وشِدَّةِ المُؤْنَةِ، وجَوْرِ السلطانِ عليهم، ولم يَمْنَعُوا زكاةَ أموالِهم إلا مُنِعُوا القَطْرَ من السماءِ، ولولا البهائمُ لم يُمْطَرُوا، ولم يَنْقُضُوا عهدَ اللهِ وعهدَ رسولِه إلا سَلَّطَ اللهُ عليهم عَدُوَّهم من غيرِهم، فأَخَذوا بعضَ ما كان في أَيْدِيهِم، وما لم تَحْكُمْ أئمتُهم بكتابِ اللهِ عَزَّ وجَلَّ ويَتَخَيَّرُوا فيما أَنْزَلَ اللهُ إلا جعل اللهُ بأسَهم بينَهم»

«Эй мухажирлер жамааты! Беш жаман сыпат бар, ага туш болсоңор (абалыңар эмне болот экен), мен алардын силерге жетишинен Аллахтан баанек сураймын: Кайсы коом мурун ачык жасалбаган бузуку иштер менен ачык алектенсе, аларда ата-бабаларында болбогон чума жана оорулар пайда болот; Кайсы коом тараза жана өлчөөдөн кымырып алса, кургакчылыкка жана тартыштыкка о.э. өкүмдарлардын зулумуна дуушар болот; Кайсы коом мал-мүлкүнөн зекет бербесе, жаандан куру калат. Айбандар болбогондо, жаан бүтүндөй жаабай коёт эле; Кайсы коом Аллах жана Расулуна берген убада-шерттерин бузса, Аллах аларга душмандарын өкүмдар кылып коёт. Ошондо душман алардын колундагы байлыктарын тартып алышат; Кайсы коомдо өкүмдар Аллах Азза ва Жалланын Китеби менен өкүм жүргүзбөсө жана Аллах түшүргөн өкүмдөрдү ыктыяр кылбаса Аллах алардын кээ бирин кээ бирлерине душман кылып коёт». Демек, эй мусулмандар! Маъруфка буйруп, мункардан кайтаргыла, Аллах Таалага жана Расулу ﷺга кайрадан убада-шерт кылууга жана Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзүүнү кайра баштоого шашылгыла. Муну менен, бул өкүм жүргүзүү Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкта калыс мусулмандардын колуна өтсүн. Халифалык анын кучагында жашаган жаранга кадырына карап эмес, шарияттын талабына ылайык камкордук кылат.

Биз, Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаятынын мүчөлөрү, мусулмандардын кол тийгистигин, намыстарын жана кызыкчылыктарын коргоону көз ирмем да токтотпойбуз. Аллахтын уруксаты менен биздин кампанияларыбыз бул кимселер жана алардын колонизатор кафир Батыштагы кожоюндары чакырып жаткан нерселердин жалган жана бузгунчулдугун ачыктоону улантат. CEDAW конвенциясы сыяктуу шектүү келишимдердин же өнүгүү конференцияларынан чыккан жана чыгып жаткан токтомдордун бардыгы Аллахтын уруксаты менен биздин жана ар бир калыс мусулмандын карышылыгына учурайт. Биз Аллах Субханаху ва Тааланын ушул аятын ар дайым эсте тутабыз:

﴿مَنْ كَانَ يُرِيدُ الْعِزَّةَ فَلِلَّهِ الْعِزَّةُ جَمِيعًا إِلَيْهِ يَصْعَدُ الْكَلِمُ الطَّيِّبُ وَالْعَمَلُ الصَّالِحُ يَرْفَعُهُ وَالَّذِينَ يَمْكُرُونَ السَّيِّئَاتِ لَهُمْ عَذَابٌ شَدِيدٌ وَمَكْرُ أُولَئِكَ هُوَ يَبُورُ﴾

«Ким күч-кудуретти кааласа, анда, бардык күчкудурет Аллахка таандык. (Ар бир) пакиза сөз Ага көтөрүлөт жана жакшы амалды да (Аллах Өз даргөйүнө) көтөрөт. Жаман айла-амалдарды кылган кимселер үчүн болсо катуу азап бар жана алардын айла-амалдары да жок болот»                                                                                                                         [35:10]

 

Хизб-ут-Тахрирдин Ливан вилаятындагы маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here