Аскердик башкаруу менен жарандык башкаруу Аллах, Анын Расулу жана момундар үчүн кыянаттык болгон документке кол коюшту

764
0

Басма сөз баянаты

Аскердик башкаруу менен жарандык башкаруу Аллах, Анын Расулу жана момундар үчүн кыянаттык болгон документке кол коюшту

Аскердик башкаруу менен «Азаттык жана Өзгөртүү» күчтөрү жетектеген жарандык башкаруу күчтөрү «өткөөл доор үчүн жарандык өкмөттү түзүүгө жол ачкан саясий негиз келишимин» түзүштү. Бул союз Фолькер жана шериктери, АКШ, Британия, аларга көз каранды Саудия, Эмираттар жана Европа Союзу өкүлүнөн турган жасалма күбөлөрдүн күбөлүгүндө түзүлдү.

Долбоордун «Жалпы принциптер» деген кириш сөзүндө мындай делет: «2 – Судан – көптөгөн маданияттардын, этникалардын о.э. ар түрдүү дин жана тилдердин мамлекети. Анын өздүгү тарыхий жана заманбап курамдык бөлүктөрүнө, геологиялык өлчөмдөрүнө жана жети миң жылга созулган өзгөчө маданий мурасына, түрдүүлүгүнө жана байлыктарына негизделген. 3 – Судан – жарандык, демократиялык, федерациялуу жана парламенттик мамлекет. Бул мамлекетте кожоюндук элдики, эл бийликтин булагы. Мамлекетте эркин жана адилеттүү шайлоолор аркылуу бийликти тынч жол менен өткөрүүдө о.э. байлык жана ресурстарды адилеттүү бөлүштүрүүдө мыйзам үстөмдүгү камсыздалган».

Биз, Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын мүчөлөрү, Роббисине ыйман келтирген Судан калкы менен биргеликте мындай ачык-айкын жийиркеничтүү мункарды Аллах үчүн четке кагып, ушуларды баса белгилейбиз:

Биринчи: Судан калкынын 98 пайызы мусулмандар. Алардын Ислам ишениминин негизин түзгөн исламий сакафаттан башка сакафаты жок. Ал эми, Батыш маданиятынан таасирленген судандык мусулмандарга келсек, алар Умматтын эмес, өздөрүнүн жана аларды Умматка өкүмдар кылып койгон кожоюндарынын өкүлү.

Экинчи: Этникалык калктардын жана тилдердин турмуш түзүмүнө кандай байланышы бар? Же бул нерсе адаштыруубу, Ислам өкүмдөрүн жашоодон алыстатып, Судан калкынын этникалык тегине жана тилине эч кандай байланышы болбогон колонизатор кафир Батыш түзүмүн орнотуу үчүн алдообу?!

Үчүнчү: Судан демократиялык жарандык мамлекет деген сөз ачыктан-ачык «Судан илманий мамлекет» дегенди билдирет. Судан – исламий өлкө. Бул мамлекет динди жашоодон, арийне, саясат жана мамлекеттен бөлгөн демократиялык жарандык мамлекеттин акыйдасына эмес, «Ла илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах» акыйдасына негизделиши шарт.

Төртүнчү: Судан «федерациялуу мамлекет» деген сөз исламий өлкөлөрдү текчилдик, тарапкечтик жана мазхабчылык негизинде талкалоо үстүндө иштеген америкалык яхудий Бернард Льюистин планын аткаруу болуп эсептелет. Исламий мамлекет федерациялуу мамлекет эмес, бардык мусулмандарга таандык жалгыз мамлекет. Набий ﷺ айтат:

«مَنْ أَتَاكُمْ وَأَمْرُكُمْ جَمِيعٌ عَلَى رَجُلٍ وَاحِدٍ يُرِيدُ أَنْ يَشُقَّ عَصَاكُمْ أَوْ يُفَرِّقَ جَمَاعَتَكُمْ فَاقْتُلُوهُ»

«Силерди бир киши башкарып жатканда бирөө келип, биримдигиңерди бузмакчы же жамаатыңарды бөлмөкчү болсо, аны өлтүргүлө».

Бешинчи: Ислам мамлекетинде кожоюндук шариятка таандык, жогорудагы айтылган саясий келишимде келгендей элге таандык эмес. Аллах Субханаху ва Таала айтат:

﴿فَلاَ وَرَبِّكَ لاَ يُؤْمِنُونَ حَتَّى يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لاَ يَجِدُوا فِي أَنْفُسِهِمْ حَرَجًا مِمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا تَسْلِيمًا﴾

«Жок, Роббиңе ант, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпестиктерде сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча жана сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт»                          [4:65]

Корутунду: Судан калкынын жоопкерчилигиндеги шаръий милдет – мындай келишимди – «Азаттык жана Өзгөрүү» күчтөрү менен аскерийлер камтылган башкаруусу болгону үчүн эмес, негизден да, башка жактан да Исламга тескери болгону үчүн – четке кагуу о.э. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн олуттуу аракет кылуу. Себеби, шаръий талап кылынган жана Аллах бизден ыраазы боло турган, бардыгыбыз бул дүйнө жана Ахыретте бактылуу боло турган мамлекет – ушул Ислам мамлекети.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾

«Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (т.а. динге) даъват кылганда, аны кабыл алгыла жана билип койгула, шек-күмөнсүз, Аллах ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат. Албетте, Анын алдына топтолосуңар»                                                                                                                                       [8:24]

 Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы маалымат бөлүмү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here