Басма сөз баянаты
Араб Валюта Фонду сүткордук кредиттер менен Яман экономикасын кыйратууда
«Яман» маалымат агенттигинин кабарына ылайык, 2022-жылы 27-ноябрда Яман премьер-министри Маин Абдулмалик өкмөтү экономикалык, финансылык жана кеңири көлөмдүү акча-кредиттик реформа программасын колдоо үчүн Араб Валюта Фонду менен бир миллиард доллар көлөмүндө келишим түздү. Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмираттары тарабынан колдоп-кубатталган бул программа 2022-жылдан 2025-жылга чейин иштейт. Өткөн аптада Аден болуп көрбөгөндөй эл аралык жардамдар борборуна айланды. Мисалы, Эл аралык Валюта Фонду өкмөткө ушул фонддун атайын карыз алуу укугунан 300 миллион доллар бөлгөн болсо, анын артынан Али Зайид бир миллиард эки жүз миллион дирхам (710.332 миллион доллар) бөлдү. Араб валюта Фонду да белгилүү бир келишимдин алкагында Яман өкмөтүнө 200 миллион доллар кредит бөлгөнүн жарыялады. Келишимге ылайык, бул фонд тарабынан Аден өкмөтүнө бир миллиард долларлык кредит бөлүнөт. Жалпысынан алганда, өкмөт он күн ичинде эле 833 миллион долларга барабар ири өлчөмдө кредит алды. Кыйроо курмандыгы болгон мамлекеттердин бири да мындай кыска убакыт ичинде мынчалык кредитти албаган.
Араб Валюта Фондунун Яманга кредит бериши жаңылык эмес. 2013-жылда Яман менен бул фонддун ортосунда 57 миллион долларлык кредит боюнча келишим түзүлгөн, анын экинчи жана акыркы бөлүгүн Яманга тапшыруу боюнча келишим түзүлгөн. Андан кийин 2014-жылы 168 миллион доллар көлөмүндө кредит келишими түзүлдү. Ко-ош, Араб Валюта Фонду, Эл аралык Валюта Фонду менен Дүйнөлүк Банктын ортосунда кандай айырма бар?!
Дүйнөлүк Банк 1995-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин «финансылык жана административдик реформа» аталышында Яман экономикасын кыйратуу программасын жүргүзүүдө. Бул убакытта Яман калкынын арасында жакырчылык жана муктаждыкты бир нече эсеге көбөйтүү үчүн нефть продукцияларына жана буудайга бөлүнгөн мамлекеттик субсидия бекер кылынды. О.э. жүздөгөн казына векселдеринин жүгүртүүгө чыгарылышы мамлекеттин бюджетине ири карыздарды жүктөдү. Белгилүү болгондой, бул векселдер бюджетти накталай акчанын ликвиддиги менен камсыздоо боюнча өз максатын ишке ашыра албаган. Бүгүнкү күндө бюджет чоң карыздар астында калган. Риялдын долларга карата кунсузданышы токтобой уланууда. Инфляция төмөндөгөндүн ордуна кайра-кайра жогорулаганды адатка айланды. Эл аралык Валюта Фонду менен Дүйнөлүк Банктын ушунча ойрондулуктары жетишпегендей, эми өлкөнү бүтүндөй кыйратуу жана калкты кул кылуу үчүн Араб Валюта Фондуна жүз бурушу бул саясатчылар үчүн шерменделик!
Яман жана башка мусулман өлкөлөрүндөгү экономикалык проблемалар Аллахка каршы согуш жарыялоо жана Ал Зат катуу тыюу салган нерселерди жасоо менен чечилбейт. Аллах Субханаху ва Таала айтат:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللهَ وَذَرُوا مَا بَقِيَ مِنَ الرِّبَا إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ + فَإِنْ لَمْ تَفْعَلُوا فَأْذَنُوا بِحَرْبٍ مِنَ اللهِ وَرَسُولِهِ﴾
«Эй момундар, Аллахтан корккула жана эгер чыныгы момун болсоңор, риба саркындыларын таштагыла. Эми, эгер (буйругубузду) кылбасаңар, анда Аллах жана Расулу тарабынан болуучу согушту угуп-билип койгула!» [2:278]
Тескерисинче, бул проблемалар Ислам шариятын, Исламдагы экономика түзүмүн колдонуу менен чечилет. Ал түзүмгө ылайык, соода-сатык, мал-мүлк, риказ зекети, хираж жана ушр сыяктуу Байтулмалдын кирешелери о.э. нефть, газ жана башка элдин байлыктары, олжолор Аллах белгилеп берген жактарга сарпталат. Мындан тышкары, саясат, ижтима, мамлекеттик саясат жана агартуу сыяктуу башка турмуштук проблемалар да Халифалык мамлекети көлөкөсүндө чечилет. Бул Халифалыкта биздин жана бүткүл дүйнөнүн проблемалары үчүн реалдуу туура чечимдер бар.
Хизб-ут-Тахрирдин Яман