Саясий иш-аракет – шаръий фарз жана турмуштук зарылдык

1136
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Саясий иш-аракет шаръий фарз жана турмуштук зарылдык

Бүгүнкү күндө саясий майданды коррупционерлерге берип, акыл калчаган адамдар саясаттан алыс жүрүшсө, турмуш тынч болот деген пикир чоң алдоо экени эч кимге сыр эмес. Бул пикир бизге өтө кымбатка түшүүдө! Себеби, үй-жай, азык-оокат, таалим, транспорт, саламаттыкты сактоо… сыяктуу турмуштун жөнөкөй негизги муктаждыктары да монополияга айланып, ага ээ болуп жаткан адамдар коомдун болгону он пайызын гана түзүп жатканын билгенибизде, канчалык бизди алдап жатышканын түшүнүп жетебиз. Өз перзенттерибиздин акыл жана ахлагын сактап калуу үй-бүлөлөрүбүзгө кандай гана оор болуп жаткан учурда абал өтө татаал экенин түшүнүп турабыз.

Жакырчылык баарын камтып, кыйроо баарын бутага алгандыгы жана кризистер эзип, баарыбызды чар тараптан кысымга алып жатышкандыгы ар бирибизди айланабызда болуп жаткан нерселер туурасында пикирлөөгө үндөөдө. Мисалы, айланабыздагы экономикалык, саясий жана социалдык түзүмдөр, биринчи даражалуу вазыйпалар, ички жана тышкы мамилелерге негиз боло турган факторлор, юстиция, жаза колдонуу, таалим, маалымат, саясатчыларды шайлоо… жөнүндө астейдил пикирлөө зарыл болуп турат.

Ар бир адамдан идеолог жана изилдөөчү болуу талап кылынбайт, бирок, ар бир адам учурдагы абалга нааразы болушу жана абалды ушул кырдаалга алып келген кылмышкер коррупционерлерге каршы тезинен козголушу шарт. Ар бир киши аларды сөз менен болсо да колдоп-кубаттабасын, пайдалуу чечим берүүгө кудуреттүү деп издеп жаткан калыс адамдарды таап, ошолордун айланасында биригишсин. Расулуллах ﷺ айтат:

«إِذَا عُمِلَتْ الْخَطِيئَةُ فِي الْأَرْضِ، كَانَ مَنْ شَهِدَهَا فَكَرِهَهَا كَمَنْ غَابَ عَنْهَا، وَمَنْ غَابَ عَنْهَا فَرَضِيَهَا كَانَ كَمَنْ شَهِدَهَا»

«Эгер, жер жүзүндө мункар иштерге амал кылынып жаткан болсо, бир киши ошол мункарда болуп, аны жаман көргөн (инкар кылган) болсо, ошол мункарда болбогон кишидей болот. Бирок, кимде-ким ошол мункарда болбосо, бирок, ошол мункар иштерге ыраазы болсо, анда ал ошол мункарда болгон кишилер сыяктуу болот». (Абу Давуд риваяты).

Ооба, Ислам саясат – бул адамдардын иштерине камкордук кылуу, аларга кызмат кылып, иштерди сергек башкаруу деп үйрөттү. Шексиз, саясат жогору ардактуу иш, илманийлер аны сасык жаман иш деп көрсөтүп, үйрөтүшкөн. Эгер, андай болгондо, анбиялар саясат менен алектенмек эмес. Расул ﷺ айткан:

«كَانَتْ بَنُو إِسْرَائِيلَ تَسُوسُهُمُ الْأَنْبِيَاءُ، كُلَّمَا هَلَكَ نَبِيٌّ خَلَفَهُ نَبِيٌّ، وَإِنَّهُ لَا نَبِيَّ بَعْدِي، وَسَيَكُونُ خُلَفَاءُ فَيَكْثُرُونَ، قَالُوا: فَمَا تَأْمُرُنَا؟ قَالَ: فُوا بِبَيْعَةِ الْأَوَّلِ فَالْأَوَّلِ، وَأَعْطُوهُمْ حَقَّهُمْ الَّذِي جَعَلَ اللَّهُ لَهُمْ فَإِنَّ اللَّهَ سَائِلُهُمْ عَمَّا اسْتَرْعَاهُمْ»

«Бани Исраилге пайгамбарлар саясат кылышкан. Бир пайгамбар өлсө, артынан башка бир пайгамбар келет эле. Менден кийин болсо пайгамбар жок. Халифалар болот жана алар көбөйүп кетишет», – деди. Ошондо: «Бизди эмнеге буюрасыз?», – деп сурашты. Ал айтты: «Биринчисинин, биринчисинин гана байъатына бапаа кылгыла жана алардын акыларын бергиле, себеби, Аллах алардан раъиятты (жарандарды) кандай башкарышканы жөнүндө сурайт». (Сахихи Муслим).

Биз саясий иш менен алектенүү шаръий фарз жана турмуштук зарылдык дегенибизде учурдагы режимдер вакиъликти актап көрсөтүү үчүн түзгөн жана демөөрчүлүк кылып жатышкан саясий партияларга кошулууну назарга алган эмеспиз. О.э. шайлоо оюндарына катышууну айтып жаткан жокпуз. Анткени, бул шайлоолор ийгиликсиз режимге мыйзамдуудук түсүн берүүдөн башка нерсе эмес. Таптакыр андай эмес. Балким, биз мамлекет, анын аппараты жана иш-аракет тарыйкаты жөнүндө шарияттан келип чыккан толук түшүнүккө ээ мабдаий хизбдерге кошулууну назарга алып жатабыз. Себеби, мындан башка иш-аракет эч бир натыйжага алып барбайт. Тескерисинче, жасалган иш-аракеттерди жокко чыгарып, убакытты текке кетирет, кыйынчылык жана бактысыздыктан башка нерсеге алып барбайт.

Хизб-ут-Тахрир ондогон жылдардан бою мамлекет жөнүндө шарият өкүмдөрүнөн гана алынган кеңири көлөмдүү концепцияны даярдады. Бул концепция дастурдан тартып, мамлекеттин түрдүү тармак жана түзүмдөрүн камтыган. Хизб түзүлгөн күндөн бери мусулмандарды биргеликте аракет кылууга даъват кылып келди. Мусулмандарды исламий жашоону кайрадан баштоого жана Хизбдин тынымсыз алып барып жаткан иш-аракетине жардам берүүгө чакырып келди. Негизи, Хизб мусулмандарды он кылым кармап келген лидерлигин кайрадан алууга аракет кылууда. Хизб бул иш-аракетте – Аллахтын жардамы менен – чоң кадамдарды шилтеди. Бүгүнкү күндө мусулмандар үчүн бир Халифалык мамлекети болушу шарт деген аң-сезим Рабаттан тартып Куала Лумпурга чейинки көчөлөрдү багындырды.

Демек, бул дүйнө азиздигине жана Ахырет ниъматына шашылгыла. Силерге пакиза бейпил жашоо бере турган, силерди жана ар намысыңарды зордукчулдардын манипуляциясынан коргой турган нерсеге шашылгыла!

 Роя гезити, №417, 2022-жыл, 16-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here