Мисир калкы алардын нааразылык аракеттерине режим тарабынан коюлган тоскоолдуктардан кантип өтүшү керек?

900
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Мисир калкы алардын нааразылык аракеттерине режим тарабынан коюлган тоскоолдуктардан кантип өтүшү керек?

 Устаз Саид Фазл

Хизб-ут-Тахрирдин Мисир

вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Бир нече апта мурун Сисий жана анын режимин кулатуу үчүн көчөлөргө чыгуу жана демонстрациялар өткөрүү чакырыктары жаңырды. Бул Сисийдин 11-ноябрда өткөргөн климат саммити менен бир убакта жүз берди. Кийин демонстрациялар токтотулуп, камакка алуу кампаниясы башталды жана жүздөгөн адамдар камакка ташталды. Кийин мисирлик белгилүү ютубчу Абдуллах Шариф адамдарды жумага өтөр түнү демонстрацияга чыгууга үгүттөдү. Ошол эле учурда, режим да реакция билдирип, ашкана жана дүкөндөрдү жабуу, жума күнү оңдоп-түзөө күнү деген шылтоо менен коомдук транспорттордун кыймылын токтотуу чараларын көрдү. Ал тургай, бийлик микроавтобус айдоочулары ишке чыкпашы үчүн күнүмдүк маяналарынын ордуна көбүрөөк акча берип алдады деген сөздөр да тарады. Бул болсо, табигый түрдө, борбордогу кыймыл жана транспорттун  шал абалга келтирди. Ушул аркылуу режим шаар аянттарына баруучу адамдардын санын азайтууну о.э. аларды көзөмөлдө кармап турууну камсыздап алды. Чынында эле, режим каалагандай болду. Ал тургай, полиция аянттарда адамдар жок, жалаң гана полиция толгон сүрөттөрдү тартышты. Негизи, ал жерлер бир саатта эле адамдарга толуп, жолоочулар жана сатуучулар менен эл көбөйүп кетет эле… Бул албетте режим ыктымалдуу демонстрациядан коркуп жатканын көрсөтүүдө.

Демонстрацияга үндөгөн чакырыктардын натыйжасы майнаптуу болбосо да, бирок, ийгиликсиздикке да учураган жок. Балким, ийгиликсиздикке учурагандар демонстрацияга чакыргандар болду. Себеби, алар оболу демократияга садык экендиктерин жана Сисий менен режимди колдогон эл аралык коомчулукту алкыштоону алга сүрүштү. Негизи, Мисир жана анын калкы башынан өткөрүп жаткан азап-кыйынчылыктардын негизги себепчилери – алар. Кала берсе, ушул демократиянын тарапкерлери исламчылардын иш-аракетин чектешти жана аларды чектөө менен көчөгө калктын ар бир катмарын алып чыгабыз, эл аралык коомчулуктун да нааразылыгына учурабайбыз деп ойлошту. Бирок, алар январь козголоңу жана андан кийинки окуяларда өз тастыгын тапкан абалдан бүтүндөй кабарсыз болушту. Абал болсо, Мисирдин мусулман калкы табиятынан Ислам башкаруусун жактырат, жалгыз Ислам гана алардын куткаруучусу экенине ишенет. Биз муну өз көзүбүз менен көрдүк, окуяларга күбө болдук, исламчылар чакырган демонстрациялар миллиондорду түзүп, абдан үлкөн сүрөөндүү болгонун, миллиондор демонстрациясында аянтта бут коёрго жер калбаганын, илманийлер чакырган демонстрациялар болсо болгону бир нече жүз жана миңдерди түзгөнүн, ар тараптан өлчөгөндө алардын ортосундагы айырма чоң экенин көрдүк. Мунун артынан шайлоодо исламчыларды шайлоо үчүн барган адамдардын саны илманийлерди шайлоо үчүн барган адамдар санынан өтө көп экендигине да күбө болдук. Себеби, адамдар исламчылардын ийгилиги Ислам башкаруусун алып келет деп ишенишкен. Көрүнүп тургандай, Мисир калкын аракетке келтирген нерсе – адамдардын Исламды сүйүүсү жана Ислам башкаруусу астында жашоого умтулуусу. Кимде-ким Мисир калкын Исламдан башка нерсе менен даъват кылса жана исламчыларды четтетсе, даъваты эч качан ийгиликке жетпейт. Мисир калкы башынан өткөрүп жаткан азап-кыйынчылыктардан, айрыкча, акыркы экономикалык чечимдерден кийин өлкөдө болуп көрбөгөндөй кыжырдануу орун алды… Ошондуктан, режим акыркы жылдарда адамдарды коркутуп, жүрөктөрүнө коркуу салып келди… Бирок, бул коркууну алардын жүрөгүнөн эч ким чыгара албаса да, бирок, Ислам албетте сууруп чыгарат.

Бүткүл Мисир калкы режимдин жана анын жетекчисинин ийгиликсиздигин түшүнүп, ага күнү-түнү наалат айтышууда. Бирок, бул нерсе демонстрацияга чыгуу баскычы үчүн жетиштүү эмес. Себеби, бүгүн кээ бирөөлөр Мубарактын заманы жакшы эле деп жатышкандай, адамдар Сисийдин заманы жакшы эле деп айтпашы үчүн демонстрация баскычы үчүн алгач режимдин альтернативасын анык-тунук көрүү керек. Ушул себептен улам, бүгүн адамдарды демонстрацияга чакыргандардын бирөөсү да ушул альтернатива жөнүндө айткан жок. Балким, алардын баары аскерийлерди бийликтен алыстатуу жана демократия туурасында сүйлөөдөн ары өтүшкөн жок, кудум, кризиске демократияны жакшы колдонбогону жана аскерийлердин зомбулугу себеп болгондой, кудум бул нерселер Сисий жана анын адамдары үчүн жаңылыктай… Негизи, бул жерде эч кандай жаңылык жок. Себеби, Америка Мисир башкаруусун аскерийлердин колуна тапшырганы 1953-жылы июль ыңкылабында жүз берип, ошондон бери Мисирди малайлар башкарып келүүдө. Америка өлкөгө аларга эрк берип койгондуктан, каалаган кылмыштарын жасашат. Алардын максаты – Американын кызыкчылыктарын сактап калуу. Ушул себептен улам, алардын зомбулугуна эч нерсе тоскоолдук кылбашы керек.

Ачуулануу жана жек көрүүнүн өзү адамдарды демонстрацияга чыгууга үндөө боло албайт о.э. алардын өмүрлөрүн алып жаткан же камакка таштап жаткан режимдин репрессиячыл машинасын көңүлгө албай, ар кандай тоскоолдуктардан өтүүгө түрткү боло албайт. Балким, аларды демонстрацияга чыгууга үндөгөн нерсе – өз абалдарын түп-тамырынан өзгөртүүгө умтулуусу жана ушундай өзгөрүүгө кудуреттүү чыныгы альтернативаны көрө билиши. Демек, демонстрация баштоо жана ийгиликке жетишүү үчүн алар үч нерсеге муктаж болуп турушат. Биринчи: Аллах Азза ва Жалла ыраазы боло турган жана аларды да ыраазы кыла турган альтернатива хазарий долбоорго муктаж. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети-түзүмү болгон ушул Ислам долбоору Мисирди, анын калкын, бүткүл Умматты ойготууга жана бардык кризистерди чечүүгө кудуреттүү. Экинчи: бул долбоорду аң-сезимдүү түрдө түшүнгөн жана аны тезинен колдонгон калыс топко муктаж. Негизи, силер, Мисир калкы, араңарда Хизб-ут-Тахрир аракет кылууда. Бул долбоорду Хизб силерге сунуштап, колдонуу ордуна коюу үчүн биргеликте аракет кылууга силерди чакырууда. Үчүнчү: Мисир армиясындагы калыс кишилердин нусратына муктаждык. Себеби, ушул аң-сезимдүү топко хазарий долбоорду колдонууга жардам берүүгө ушул калыс аскерийлер кудуреттүү. Ушул нерсе адамдарды демонстрацияга чыгууга түрткү болот о.э. аларды режимдин тоскоолдуктарынан жана репрессия машиналарынан өтүүгө үндөйт.

Эй, Кинана Мисири армиясындагы калыс адамдар!

Роббиңерге кантип жолугасыңар, акыры, бул өкүмдарлардын шерменделиги силерге байланып калган болсо, өздөрү пайда кылган жана өздөрү себепчи болгон проблемаларды чече албоого диниңерди шылтап жатышат го?! Роббиңерге кантип жолугасыңар акыры, Исламды кайра колдонууга жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылып жаткан калыс адамдарга нусрат бербей жатасыңар го?! Мисир жана анын калкын кордук эзип жатканын, кафир Батышка күрөө кылып коюлганын, байлык жана ресурстары сокур тыйынга сатылып, талап-тонолуп жатканын, бардыгын көрүп-билип турасыңар. Уммат өзгөрүү үчүн колунан келген бардык нерсесин курман кылып жатат, силер анын кербенинен артта калдыңар. Акыры, силер Умматтагы кубат ээлерисиңер, ал өз перзенттеринин нанын силерге төгүп чачууда, Мисир жана анын калкы нусрат беришиңер үчүн силерди тиктеп, силерди жардамга чакырууда! Анткени, силер маселени чечүүгө кудуреттүүсүңөр. Америка муну билгени үчүн силер менен калкыңардын ортосуна тоскоолдук коюуда. Бул режим силерди моюн сундуруу максатында силерге гранттар, сыйлыктар, акчалар жана төш белгилерди чачууда. Бирок, биз силердей улуу фатихтердин урпагы арасында жакшылык көп экенин билгенибиз үчүн бул жакшылыкты силерден издеп, мойнуңардагы режимге моюн сунуу кишенин үзүүгө о.э. Исламды кайра колдонуу үчүн аракет кылып жаткандарга нусрат-жардам берүү үчүн Аллахка бекем байланууга чакырып жатабыз. Балким, Аллах Азза ва Жалла ушул нусратты силерге насип кылып, Халифалык мамлекети тикеленер. Халифалык мамлекети Батышка көз карандылык заманына чекит коюп, Батышты өз ийинине – эгер ийини калган болсо – кууп салат жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык көлөкөсүндө Исламды кайра күчтүү кылат.

Аллахым, бизге бул мамлекетти тезирээк насип кыл, Мисирди анын борборуна, кошуундарын анын ансарларына айлант, Аллахумма аамин.

 

Роя гезити, №417, 2022-жыл, 16-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here