Эрдоган Асад менен жолугушарын билдирди

1014
0

Эрдоган Асад менен жолугушарын билдирди

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган өзү башчылык кылып жаткан “Адилет жана Өнүгүү” партиясынын жыйынында Сирия режиминин башчысы Башар Асад менен жолугушарын билдирди. Эрдоган сөзүндө негизинен Асад режиминин Сирияда жүргүзүп жатканы саясатына көңүлдү буруп: “Минисртлерибиз Сирия жана Россия менен жолугушту. Эми тышкы иштер министрлерибиз ортосунда жолугушуу болот. Андан соң, лидерлер катары биз жолугушабыз. Максатыбыз, аймакта тынчтыкты сактоо”, – деди.

Эрдогандын айтымында, Асад режими менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдөн көздөлгөн максат терроризмге каршы күрөшүү, Сириянын аймактык бүтүндүгүн коргоо жана сириялык мигранттарды коопсуз түрдө мекенине кайтаруу. О.э. бул демилге БУУнун №2254-резолюциясына негизделгендинин билдирди.

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар да Түркия, Россия жана Сирия ортосундагы үч тараптуу жолугушууну алкыштап, бул жараян арадан 11 жыл өткөн соң, эки мамлекет ортосундагы мамилелерди жакшыртуу үчүн жана аймакта тынчтыкты сактоо үчүн жакшы ниет менен башталгандыгын билдирди.

Комментарий: Президент Эрдоган 2013-жылы 5-майда өзүнүн Твиттердеги баракчасында: “Эй Башар Асад, Аллахка ант болсун, кылмыштарыңа сөзсүз жооп бересин! Аллахтын уруксаты менен, бул канкордун бул дүйнөдө жоопко тартылышына күбө болобуз”, – деп жазган эле. Андан кийин да президент Эрдоган Башар Асаддын канкор жана залим экендигин, Сириянын мыйзамдуу жетекчиси эместигин бир нече жолу кайталаган. Ко-ош, Эрдоган мырза бир кезде “Эй канкор” деп кайрылган Асад менен эмне үчүн жолугушкусу келип калды?!

Саясаттан бираз эле кабары бар адамга белгилүү болгондой, Түркия тышкы саясатын өз алдынча жүргүзбөйт. Анын тышкы саясаты толугу менен АКШга көз каранды. Түркиянын Сирия менен эле эмес, Израиль, Мисир, Саудия жана БАЭ сыяктуу мамлекеттер менен да нормалдашуу саясаты АКШнын аймактагы саясатына көз каранды.

О.э. бүгүнкү күндөгү Түркиянын Асад режими менен нормалдашуу кадамы да Америка тарабынан белгилеп берилген саясий милдеттенмелердин бир бөлүгү экендиги анык. Буга чейин Эрдоган Мужахиддер тарапта туруу, аларды курал-жарак менен камсыздап, өзүнө тартуу жана Асад колдон чыгарган аймактарды Асадга кайтаруу милдетин да жогорку деңгээлде аткарып берген эле. Эми болсо, Асаддын мыйзамдуу президент макамын калыбына келтирүү үчүн да негизги рол Түркияга берилди.

Жолугушуулардан көздөлгөн негизги максат, Асаддын мыйзамдуу президенттигин кайрадан тикелөө болсо да, Сириянын аймактык бүтүндүгүн коргоо жана сириялык мигранттарды коопсуз түрдө мекенине кайтаруу о.э. эң маанилүүсү терроризмге каршы күрөшүү шылтоосу негизги максат катары айтылууда. Тим эле, химиялык курал жана башка массалык кыргын салуучу куралдар менен миллиондон ашуун мусулманды кыргын кылып, эсепсиз мусулмандарды жер алдындагы абактарда кыйнап өлтүргөн Асад террорчу эмес сыяктуу.

Бул көрүнүш Ислам үммөтүнө карата кыянат артынан кыянат тынымсыз уюштурулуп жатканын көрсөтүп турат. Эгер Ислам үммөтү бир байрак алдында бирикпесе, ушундай фитналардын курмандыгы боло берет. Анткени, бул фитналарды Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекети гана токтото алат. Ошондуктан биз Исламий үммөткө кайрылып, мусулмандарды ушул кордуктан куткаруу үчүн аң-сезимдүү түрдө аракет кылып жаткан калыс адамдар менен биргеликте пайгамбарлык минхажы негизиндеги туура жолду кармануучу Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылууга чакырабыз.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here