Аллахтын нусрат жөнүндөгү убадасы жүзөгө чыгышынан мурун келе турган сыноолор жана нусраттын белгилери (Үчүнчү бөлүм)

1138
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Аллахтын нусрат жөнүндөгү убадасы жүзөгө чыгышынан мурун келе турган сыноолор жана нусраттын белгилери

(Үчүнчү бөлүм)

 Устаз Мухаммад Жамиъ (Абу Айман)

Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы

расмий сүйлөөчүсүнүн жардамчысы

Залимдер акыйкат ээлерин жеңип, өз батылын – Батыш мамлекеттери мусулман өлкөлөрүндө кылып жатышкандай – зулум, зомбулук менен өткөрүшүп, арамза адамдарды өкүмдар катары дайындап, демократия жана эркиндик маскасы астында бузгунчулук жана бузуку иштердин жайылышын камсыздашууда. Демократия жана эркиндик маскасы астындагы бузгунчулук жана бузуку иштерге табигый болбогон жыныстык байланышка чакыруу, Исламдан чыгууга үгүттөө, CEDAW жана башка конвенциялар аркылуу аялдарга жана балдарга эркиндик укугун берүү маскасы астында үй-бүлөлөрдү бузуу сыяктуу иштер мисал болот. Жалданма маалымат каражаттары мындай ыплас иштерди адамдарга жеткирүүдө жана бул иштин «мыктысы» болгон ыплас кимселерди улуулап көрсөтүүдө. Мына ушундай бузгунчу абал акыйкатка даъват кылгандардын айрымдарына таасир кылып жатат. Акыбетте, Аллахтын шариятын орнотууга даъват кылып жаткандардын айрымдары биздин даъватта каталык бар, мындан улам, Аллах Таала бизге нусрат бербей жатат деген ойго барышууда. Ал тургай, кээ бирлери мындан да жаман ойго барып, даъватта артта калдык деп, жан берүүгө чакырышууда. Же дин жана акыйда негизинде өзгөрүү жасоо үчүн табанний кылып, ижма кылышкан минхажды өзгөртүү керектигин айтышууда. Бул нерсе алардын кайраттын сындырууда. Ал тургай, бул нерсе Аллах Субханахунун вахийи жана хаким шарияты болгон бекем негизге таянган жолго ишенимди жоготууга алып келиши мүмкүн.

Нусраттын бат же кечигиши Аллах Тааланын дини негизинде өзгөрүүгө умтулган адамдардын жолунун туура же туура эместигине далил болбойт. Себеби, нусрат Аллах Тааланын эң сүйүктүү адамы болгон пайгамбарларга да кечигиши мүмкүн. Бул бир сыноо, Аллах ушул аркылуу Өзү каалаган пенделерин текшерет. Муну Рахман Субханахунун аяттары да тастыктап келген:

﴿حَتَّى إِذَا اسْتَيْأَسَ الرُّسُلُ وَظَنُّواْ أَنَّهُمْ قَدْ كُذِبُواْ جَاءهُمْ نَصْرُنَا فَنُجِّيَ مَن نَّشَاء وَلاَ يُرَدُّ بَأْسُنَا عَنِ الْقَوْمِ الْمُجْرِمِينَ

«Ар качан ошол пайгамбарыбыз үмүт үзүп: «Биз жалганчы кылындык-пайгамбар экендигибизге ишенишпеди», деп ойлой баштаганда, аларга Биздин нусратыбыз келип, Биз каалаган кишилер куткарылар эле. (Бирок) кылмышкер болгон коомдон биздин азабыбыз кайтарылбайт!»

                                                                                                                                   [12:110]

Аллахтын пайгамбары Нух алайхиссалам коомун узак жылдар даъват кылган, коом анын пайгамбарлыгына ишенбеди жана аны маскара кылып, аны ээрчигендерге зыян жеткиришти. Нух алайхиссалам тогуз жүз элүү жашап ушундай сыноодо болгон, даъватты жеткирүүдө бүт күчүн жана бар мүмкүнчүлүгүн жумшап, эч оор албастан аракет кылган… Аны өтө аз киши ээрчиген. Бул жөнүндө Аллах Таала айтты:

﴿وَمَا آمَنَ مَعَهُ إِلاَّ قَلِيلٌ

«Ага ыйман келтирген адамдар болсо абдан аз эле»                                                 [11:40]

Бирок, ага карабастан, Нух алайхиссаламдын жүрөгүнө анын минхажы жараксыз же ката, ошондуктан, адамдар аны кабыл алышпады деген нерсе жылжып кирбеген. Башка дагы көптөгөн мисалдар бар.

Сыноо жалпыга келгенде жана бактысыздык кеңири жайылганда адам нусраттын батыраак келишин талап кылышы – бул инсандын табияты. Себеби, ал узак убакыт сыноону көтөрө албайт. Муну Аллахтын мээрими жеткен адамдар гана көтөрөт. Анткени, сыноо бир тараптан кайратты алсыратып, күжүрмөндүктү токтотсо, башка тараптан, батылдар тобун күчөтөт жана батылдар тобу өздөрүн туура деп ойлошот. Ушул себептен улам, акыйкатты жеткирип жаткандарга зулумду күчөтүшөт. Ошондо сыноо катуу келгендиктен адамдар нусраттын батыраак келишин талап кылышат. Хаббаб ибн Араттан риваят кылынат: Биз Расулуллах ﷺга арыздандык, ал Каъбанын көлөкөсүндө чапанына жамбаштап жаткан эле. Биз ага: «Аллахка дуа кылып, бизге нусрат-жардам беришин сурабайсызбы?!», – дедик. Ошондо ал айтты:

«كَانَ الرَّجُلُ فِيمَنْ قَبْلَكُمْ يُحْفَرُ لَهُ فِي الْأَرْضِ فَيُجْعَلُ فِيهِ فَيُجَاءُ بِالْمِنْشَارِ فَيُوضَعُ عَلَى رَأْسِهِ فَيُشَقُّ بِاثْنَتَيْنِ وَمَا يَصُدُّهُ ذَلِكَ عَنْ دِينِهِ وَيُمْشَطُ بِأَمْشَاطِ الْحَدِيدِ مَا دُونَ لَحْمِهِ مِنْ عَظْمٍ أَوْ عَصَبٍ وَمَا يَصُدُّهُ ذَلِكَ عَنْ دِينِهِ وَاللَّهِ لَيُتِمَّنَّ هَذَا الْأَمْرَ حَتَّى يَسِيرَ الرَّاكِبُ مِنْ صَنْعَاءَ إِلَى حَضْرَمَوْتَ لَا يَخَافُ إِلَّا اللَّهَ أَوْ الذِّئْبَ عَلَى غَنَمِهِ وَلَكِنَّكُمْ تَسْتَعْجِلُونَ»

«Силерден мурункулардын доорунда кишиге чуңкур казылып, кийин ал ушул чуңкурга түшүрүлүп, ара менен башын ортосунан экиге бөлүнүп ташталган. Бирок, бул нерсе аны дининен кайтара албаган. Темир тарактар менен таралып, эти сөөгүнөн ажыратыган. Бул да аны дининен кайтара албаган. Аллахка ант болсун, албетте, Аллах бул ишти аягына жеткирет. Ошондо Санъадан Хазрамавтга жол алган атчан эч нерседен кооптонбой беймарал барат. Ал Аллахтан жана койлорун карышкыр жеп кетишинен гана коркот. Силер болсо, шашылып жатасыңар». (Бухарий риваяты).

Ислам Умматы да бүгүнкү күндө мына ушундай вакиъликте жашоодо. Халифалык мамлекети кулатылып, кафирлер мусулман өлкөлөрүн басып алгандан кийин бул өлкөлөр кудум чоң камак лагерлерине окшоп калды… Ал жерде кафирлер жана алардын малайлары Аллах Тааланын динине каршы күрөшүп, ачыктан-ачык итаатсыздык кылышууда. О.э. эң ыплас адамдар болгон малай акимдер – аскерийлер, саясатчылар, идеологдор жана журналисттер болобу, айырмасыз – өкүмдарлык кылышууда. Колонизатор кафир алып келген сакафат башкаруу, саясат, экономика жана ижтима сыяктуу тармактарда өкүмдар сакафат болуп калды.

«Тафсири Зилал» авторунун «Хаж» сүрөсүндө келген ушул вакиълик жөнүндөгү тафсири мени таң калтырган. Анда мындай делет: «Кээде нусрат кечигет. Себеби, али Умматтын инфраструктурасы даяр болуп, аягына жетпеген, анын энергиясы чогулбаган о.э. Уммат өзүндө эң күчтүү кубат жана даярдыктар казынасы бар экенин түшүнүп жетиши үчүн али анын ар мууну курчуп, бир жайга топтолбогон болот. Эгер, ушундай абалда нусрат келсе, Уммат узак убакыт коргой албай аны колдон чыгарып коюшу мүмкүн!

Нусрат кээде кечигет. Анткени, Уммат азап-кыйынчылык жана кайгыларга туш болуп, кыйналып жатканда Аллахка байланышы бекемделиши, Аллахтан башка таяныч таба албашы, кыйынчылыкта Андан башка тарапка багыт албашы, адашууга барбашы, туура жана адилеттен о.э. Аллахтын жардамы болгон акыйкат, адилет жана жакшылыктан адашпашы үчүн нусрат кээде кечигет.

Ооба, нусрат кээде кечигет. Себеби, Уммат күрөшүп жаткан батылдын жалгандыгы адамдарга али толук ашкере болбогон болот. Батыл момундар тарабынан жеңилген учурда да кайра тарапкерлерин таап ала берет. Себеби, бул тарапкерлер батылдын батылдыгына, аны жок кылуу зарылдыгына дагы эле ишеним артпаган болушат… Батылдын тамырлары акыйкатты толук түшүнүп жетпеген катардагы адамдардын арасында сакталып калган болот. Ошондуктан, Аллах адамдарга анык-тунук көрүнүшү үчүн батылды белгилүү бир убакыт сактап турууну каалайт.

Нусрат кээде кечигет. Себеби, Умматта көөдөлөнгөн акыйкат, адилет жана жакшылыкты тосуп алууга абал даяр болбогон болот. Эгер, Уммат нусратка ушундай жараксыз учурда ээ болсо, туруктуулук алып келбеген каршылаш абалга туш болот… Ошондуктан, жүрөктөр нусраттын айланасында чогулуп, жеңүүчү акыйкатты тосуп алуу жана аны абайлап сактоого даяр болуу үчүн күрөш созулат! Мына ушул жана башка Аллахка гана белгилүү нерселер себептүү нусрат кээде кечигет, акыбетте курмандыктар жана кайгылар көп болот. Акыры аягында, Аллах ыйман келтиргенди коргоп, нусрат берет. Нусраттын вазыйпалары жана милдеттери бар. Нусраттын себептери толук табылып, анын баасы толук төлөнүп, аны тосуп алуу жана сактоо үчүн чөйрө даярдалгандан кийин гана Аллах нусратка уруксат берет:

﴿وَلَيَنصُرَنَّ اللَّهُ مَن يَنصُرُهُ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ

«Аллах Анын (динине) жардам бергендерге албетте нусрат-жардам берет. Шек-күмөнсүз, Аллах күчтүү, кудуреттүү»                                                                 [22:40]». Цитата бүттү.

Ушул тарыхий учурда Халифалык мамлекети аркылуу жер жүзүндө Исламды тикелөө үчүн аракет кылып жаткан адамдар алардын минхажы өзгөрүү жасоого кудуреттүү жалгыз минхаж экенине терең ишенишсин. Себеби, бул минхажда Ислам акыйдасы негиз, шаръий өкүм өлчөө болуп, өкүмдөр жана жаңы-жаңы маселелерге берилген чечимдер усулан жана фуруан Аллах Тааланын вахийинен туура ижтихад менен иштелип чыккан. Минхажга ыйман келтирилген жана ишенимде болгон бул баскычта, Аллах Таала бизди Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык менен сыйлашы үчүн кайраттуулукка муктажбыз.

 

Роя гезити, №417, 2022-жыл, 16-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here