Британияда эмнелер болууда?

759
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Британияда эмнелер болууда?

 Устаз Жамал Харвуд

Акыркы үч айда Британияда 3 премьер-министр, 4 финансы министри кетти. Өкүмдар Консерваторлор партиясы оппозициядагы Лейбористтер партиясынан 30 пайызга артта калганы социалдык сурамжылоодон белгилүү болду. Негизи, Лейбористтер партиясында мамлекетке жетекчилик кылуу үчүн жөндөмү жок саясатчылар олтурат. Ковид карантини мыйзамын бузганы үчүн соттолуп, айыптуу деп табылып, кийин айыпка тартылган Борис Жонсонду алмаштыруу чечими кабыл алынгандан кийин Консерваторлор партиясы жаңы өкмөттөгү премьер-министрликке жөндөмсүз Лиз Трассты тандады. Жонсон өзүнүн харизматикалык аракети менен партиянын мүчөлөрү жана шайлоочулар арасында колдоого ээ болсо да, бирок, ал өтө бузгунчу жана жараксыз режимди башкарды. Британия Европа Союзунан чыкты, Жонсондун мурасы анын таасири «жеңил» өтүшүн камсыздабайт. Себеби, Түндүк Ирландия дагы эле Европа Союзунун блокадасында калууда. Мындан тышкары, Ковид үчүн 400 миллиард фунт стерлингден ашуун каражат сарпталган, алардын катарында 45 миллиард фунт стерлинг негизинен бизнеске кайтарылгыс кредиттер катары бөлүнгөн болсо да, алардын көпчүлүгү шылуундук менен сарпталды. Коргоо каражаттары, «сыноо жана күзөтүү» жабдыктарынын чоң бөлүгү саясатчылардын «достук» бизнес шериктерине багытталды.

Жонсондун дагы бир мурасы кризиске баткан экономика болду. Инфляция 10 пайыздан ашкандыгы, мамлекеттин карызы рекорддук даражада көтөрүлгөндүгү жана энергия баалары асман чапчып жаткандыгы көпчүлүк үчүн негизги маселе болуп калууда. Премьер-министрликке Жонсонго каршы нааразылык катары биринчилерден болуп отставкага чыккан финансы министри Риши Сунак келди. Ал да Ковид карантини мыйзамын бузганы үчүн айыптуу деп табылып, айыпга жыгылган. Ал өлкө экономикасын да өнүктүрбөгөн жана элди инфляциядан куткара албаган бир катар экономикалык саясаттарга жетекчилик кылды. Анын үстүнө, сүткордук ставкаларынын жогорулап (учурда ипотека кредиттери 6 пайыздан ашып) жатканда калк башка тараптан да азап-кыйынчылыкка туш болууда (мисалы, кредиттин пайыздары көбөйүшүнөн, рецессиянын жакындап келе жатканынан жана бизнестин жабылышынан кыйынчылыкка туш болууда).

Борис Жонсондун отставкасынан кийин Консерваторлор жаңы премьер-министрликке шайлоо өткөрүштү жана Лиз Трасс жеңип чыкты. Бул аял функционалдык саясатчы, анда харизма жок. Сунакка чейин ал жакын досу Квази Квартент менен биргеликте кеңешчи катары жаңы экономикалык саясаттарды иштеп чыкты. Эмнеси болгондо да, бул жетекчилердин (салыктарды төмөндөтүү, каражаттарды көбөйтүү, өсүүгө үмүт кылуу сыяктуу) пландары ийгиликтүү болушу кыйын болушуна карабастан, өздөрү өлкөнүн байларынан жардам үмүт кылышууда. Мындай пландар бардык күчтүү базарларды коркутту жана Жорж Баркер сыяктууларды «Financial Times» гезитине «бул базарлар эркин базардан артта калды» дегенге үндөдү.

JLT (Мамлекеттин баалуу кагаздар базары) төмөндөп кетти, сүткордук ставкалар көтөрүлүп, фунт стерлинг кескин түшүп кетти. Кийин буга Англия Банкынын алтын базарды куткаруу планы кошулду о.э. Трасс саясаттарынын шермендеси чыкты.

«The Economist» гезитинде Трасс жөнүндө мындай делет: «Эсте тутуу керек, Британия саясий тарыхында премьер-министр катары бийликте эң кыска убакыт отурган адам Трасс болду. Ал Даунинг-стритке 6-сентябрда келди. Анын өкмөтү 23-сентябрда «каржыланбаган салыктарды азайтуу жана энергия баасын кепилдөө» пакети менен алек болду.

Лиз Трасс жана Квази Квартент өкмөттүн рулун болгону 45 күн башкаргандан кийин бийликтен кетүүгө мажбур болушту. Алар отставка беришкенден кийин консерваторлорго дагы башка премьер-министр жана өкмөт министрлерин алып келүүгө туура келди. Риши Сунак, ал тургай, Борис Жонсон менен иштеген учурдагы ийгиликсиздиктерине карабастан, «кабыл алынуу» бакытына жетти. Мурда «Goldman Sachs» банкынын банкири болгон 42 жаштагы Сунак Британиянын учурдагы доорунда эң жаш жетекчи болду. Бирок, мамлекетте экономикалык кризистин уланышы күтүлүүдө. Себеби, инфляция дагы эле 10 %, ипотека ставкалары 6 %дан жогору болуп, жогорулоо алдында турат… Кыш жакындаган сайын өлкө жарандарынын көпчүлүгү жакыр болуп барууда.

Жалпысын алганда, Британия саясаты менен шайкеш болуп, сиңишип кеткен Консерваторлор партиясы чыныгы жөндөмдүү мамлекет ишмерлери эмес жана ишеничтен чыгышкан. Лиз Трасстын тажрыйбасы чоң ката болду. Лиз Трасс менен Квази Квартенттин экөөсүндө тең негизги финансылык иштерде жөндөм жок болуп, кичи бюджеттерде каталары да бар болгондуктан кетүүгө мажбур болушту. Ал эми, мурунку банкир Сунак негизги финансылык жөндөмгө ээ, бирок, ал базарларды ыраазы кылуу жана Американын көңүлүн алуу үчүн үнөмдөө саясатын жүргүзөт. Этибарлуусу, Байден Трасстын экономикалык пландарын, бизнес үчүн салыктарды азайтуу чарасын ачык сындаган. Ошондуктан, Сунак Американын каалоолоруна көбүрөөк моюн сунушу о.э. каражаттарды азайтуу жана Борбордук Банкка санарип валюталарды тартуу сыяктуу элге көп жакпаган бир катар саясаттарга киришиши мүмкүн. Себеби, ал элди көбүрөөк көзөмөлдөөгө жана салыктарды көбөйтүүгө жиберилген «өкүл» болуп, премьер-министрлик мөөнөтү аз болушуна карабастан (2024-жылдагы шайлоолордо Консерваторлор белгилүү бир убакыт майдандан кетиши күтүлүүдө), алсыз бытыранды партияга жетекчилик кылып жатат о.э. жакырчылыктын көбөйүшү менен бирге, дагы да бөлүнүп жаткан мамлекетти башкарып жатат.

 

Роя гезити, №417, 2022-жыл, 16-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here