Алжирдеги Араб Мамлекеттери Лигасынын саммити жана саммит Алжир азаттык ыңкылабы эскерүүсүндө өткөрүлүшүнүн белгиси

762
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Алжирдеги Араб Мамлекеттери Лигасынын саммити жана саммит Алжир азаттык ыңкылабы эскерүүсүндө өткөрүлүшүнүн белгиси

Азаттык ыңкылабына 68 жыл болду, Алжир 2022-жылы 1-2-ноябрь күндөрү Араб Мамлекеттери Лигасы кеңешинин 31-сессиясын өткөрдү. Саммиттин эң көзгө көрүнгөн жактарынын бири, самитте Алжир ыңкылаптын тарыхынан жана эл Батыш колонизаторлугуна каршы күрөшүнөн – бир аз арабизм жана бир аз Исламды аралаштырып – пайдаланышты. Муну менен бирге, саммитте жарыяланган декларацияда «1954-жылы ноябрдагы Фатих ыңкылабы убагында араб калктары жана мамлекеттери Алжир калкы күрөшүнүн айланасында биригиши жана алжирлик боордошторду колдоп-кубатташы аркылуу эң жакшы түрдө көрүнгөн араб биримдигинин жалпы тарыхы жана байланыштары» эске алынат. О.э. саммитте Европанын Алжир режиминен араб дүйнөсү жана Африкадагы регионалдык майданда ойношун каалап жаткан ролуна ылайык «Араб үй-бүлөсүн бириктирүү» урааны да колдонулду.

Белгилүү болгондой, 22 мамлекетти өз ичине алган Араб Мамлекеттери Лигасы түзүлгөндө эле Фалестин маселесин колдоп-кубаттоону о.э. 1948-жылы эл аралык талап менен Фалестин жеринде тикеленген яхудий вужудун бойкот кылууну өзүнүн башкы милдети деген. Бирок, этибарлуусу, Лиганын үч жыл мурун 2019-жылы март айында Тунис борборунда болуп өткөн мындан мурунку сессиясынан бери араб мамлекеттеринин бир канчасы яхудий вужуду менен мамилелерди болуп көрбөгөндөй нормалдаштыруу амалиятына киришишти. Муну биринчи болуп, 2020-жылы Эмираттар баштап берген болсо, кийин Бахрейн, Марокко жана Судан мамлекеттери ишке ашырышты. Бул саммит жараянында яхудий вужуду менен мындай шерменде жакындашуунун акыбеттери, Марокконун бул жийиркеничтүү вужуд менен түзгөн коопсуздук келишимдери өзгөчө көрүнүп турду. Негизи, Алжир яхудий баскынчылыгына каршы биргеликте алып барылган күрөш себептүү Фалестин маселесинин эң көзгө көрүнгөн тарапкерлеринен болуп эсептелген.

Бирок, ага карабастан, 2019-жылдын акырында Алжирде Абдулмажид Тиббун президент болгондон бери бул өлкө салыштырмалуу ички туруктуулукка жетишти. Ушул себептен улам, Европа андан, айрыкча, тышкы тармакта т.а. Араб жана Африка даражасында, дипломатиялык жана саясий иш-аракет ылдамдыгын «экинчи ылдамдыкка» өткөрүшүн каалап жатат. Андан европалыктардын кызыкчылыгы үчүн регионалдык кошуначылыкка да аскерий жана коопсуздук тармагында өз ролун активдештирүүнү үмүт кылууда. Бул, түпкүлүгүндө, араб саммити ийгиликтүү өтсө Алжир режими жетишмекчи болгон эң маанилүү нерсе. Айрыкча, Франция расмийлери келип-кеткенден кийин Алжир жарыялаган билдирүүдө «учурда силкинүү күчөп, регионалдык жана дүйнөлүк кескиндиктер күчөп жатканда бул жогорку даражадагы жаңы кызматташтык – негизинен Франция менен – зарылдык талабына айлангандыгы» айтылган.

Түпкүлүгүндө, Алжир саммити өткөрүлүшүнөн мурун эле ийгиликтүү деп айтылды! Ал өз ишин баштаган соң, Алжир президентине сөз берилишинен мурун сессиянын жетекчиси катары биринчи болуп Тунис президенти Кайс Саидге сөз берилди. Кайс «араб мамлекеттери ортосундагы келишпестиктерди жоюу о.э. мамлекетти кулатуу максатында олуттуу согуш ачкандарды жеңүү үчүн кайра биригүүгө» чакырды. Катышуучулардын бардыгы «бул саммит арабдардын биримдигин бекемдөөдө маанилүү бекет» экенин баса белгилешти. О.э. Фалестин калкын колдоп-кубаттоону жана «Фалестин маселеси башкы маселе» катары каралышын о.э. араб мамлекеттериндеги кескин проблемаларды, айрыкча, Сирия, Ливия, Яман жана Судан маселелерин кызматташып саясий чечим менен чечүү зарылдыгын өзгөчө баса белгилешти. Өз кезегинде, Алжир да анын президенти жана тышкы иштер министрлеринин сөздөрү аркылуу «биригүү зарылдыгын жана араб мамлекеттеринин биримдигин» да баса белгиледи. О.э. «бул саммит алардын амбиция көз карашынан алганда ноябрь саммити экенин, себеби, ноябрь проблемалар жана кайра биригүүгө умтулуу белгиси экенин» кошумчалап, Фалестин калкын анын бардык топтору менен бириктирүү жана Фалестин улуттук биримдигин жүзөгө чыгаруу зарылдыгын» да баса белгиледи. Алжир тышкы иштер министри Рамтан Лаамира өз сөзүндө «Алжир араб мамлекеттеринин демилгеси «Тынчтык үчүн жер» деп аталган 1967-жылы 4-июндагы чегарага ылайык Фалестиндин эгемендүү мамлекет катары БУУга толук мүчө болушун» колдоп-кубатташын баса белгиледи. Сисий да өз сөзүндө Рамтан сыяктуу пикирлерди билдирди. Т.а. Алжир өлкөсүнүн трибунасында туруп баскынчы вужудду тааныды о.э. Фалестиндин көпчүлүк жерине орношуна ыраазы болду. О.э. саммитте араб мамлекеттеринин өз ара иштерине аралашуу, азык-оокат проблемасы, бул мамлекеттер ортосунда экономикалык кызматташтык өнүктүрүү сыяктуу бир катар маселелер каралды. Тиббун дүйнө базарларындагы силкинүүлөрдү, пандемияларды, регионалдык жана эл аралык проблемаларды, Украинадагы согуштун акыбеттерин эсепке алып, араб регионундагы азык-оокат коопсуздугунун коркунучуна ишара кылып: «Биз жалпы кызыкчылыктарыбызды коргогон араб мамлекеттеринин экономикалык тобун түзүшүбүз керек», – деди.

Бирок, Араб Мамлекеттери Лигасынын саммитке катышкан бардык мүчөлөрү тарабынан өз ара кызматташтык жана демилгелерди жогору баалоо сыяктуу сөздөр ураан катары айтылган болсо да, түпкүлүгүндө, саммитте карама-каршылыктар жана келишпестиктер көлөкө салып турду. Анткени, бул ураандар астында мазлум мусулман калктарга каршы тил бириктирүү турат. Өз ара карама-каршылык жана келишпестиктерге мисал, Лига ичиндеги кээ бир булактардын айтышынча, тышкы иштер министрлери белгилүү бир пункттардагы келишпестиктер себептүү саммиттин корутунду билдирүүсү боюнча корутунду консенсус формуласында келишүүсү кыйын болгон. Бул келишпестиктер, Яман, Ливия, Сирия жана Ливан сыяктуу араб мамлекеттеринин иштерине Түркия жана Ирандын аралашуусун каралоо боюнча келип чыккан. Мисалы, кээ бир жетекчилер саммиттин корутунду билдирүүсүнө Иран жана Түркияны «эки аралашуучу мамлекет» деп киргизилишин катъий талап кылышкан болсо, калгандар каршы чыгышкан. Андан тышкары, саммит учурунда ар бир мамлекет өз кызыкчылыгына жана алакаларына ылайык жеке пландары бар экендиги көрүндү. Негизи, бул жаңылык эмес. Себеби, мурунку саммиттерде да бул нерсе алардын адаты эле. Бирок, ага карабастан, бул Лиганын башкы катчысы Ахмад Абу Гит саммиттин ийгиликтүү өткөнүн баса белгилеп: «Алжир саммитинде өз мамлекетин коргоо деген нерсе таптакыр болбоду», – деди. Бирок, Саудия канзадасы, Эмираттар президенти, Бахрейн менен Марокко королдору саммитке келбеди. Ал эми, Катар амири, Фалестин администрациясынын жетекчиси, Тунис менен Мисир президенттери о.э. «сыйлуу конок» болгон БУУнун башкы катчысы конференцияда эң көзгө көрүнгөн катышуучулардан болушту. Россия да саммитке президент Путиндин каты аркылуу катышты. Катта Путин саммиттин катышуучуларынан анын кыйынчылыктарына тилектеш болуусун сурагандай сөз айтып, көп полярдуу эл аралык система түзүү зарылдыгын, анын мамлекети Араб Мамлекеттери Лигасы жана бардык мүчөлөрү менен мамилелерди бекемдөөгө даяр экенин баса белгиледи.

Кээ бир булактар Алжирдин Сирияны Араб Мамлекеттери Лигасына кайтаруу аракеттеринин артында саясий оюн турганын баса белгиледи. Анткени, Алжир тышкы иштер минисри саммиттен бир нече күн мурун Дамаскка сапар кылып, Сирия режими менен жолуккандан кийин Сирияны Лигага кайтарууну эл аралык абал кабыл албашын жана азыркы регионалдык шарт Сириянын саммитте болушуна уруксат бербешин этибарга алып, бул демилгеден баш тартты. О.э. бул демилге Алжирдин саммитти ийгиликтүү өткөрүү жана «араб мамлекеттеринин биримдигин» сактоо аракети менен кагылышкан. Эске салсак, 2011-жылдын аягында козголоң башталып Башар Асад-Сириянын Лигадагы мүчөлүгү токтотулган. Анткени, бул канкор режим өзүнүн мусулман калкын кыргын кылууда чектен чыккан. Бүгүн болсо, бул режимди Араб Мамлекеттери Лигасына кайтаруу аракети – алыстан болсо да – башталды. Негизи, бул Лига ыплас колонизаторлук долбооруна кызмат кылуудан башка максатта түзүлбөгөн. Ал ушул кызматы менен Ислам жана мусулмандарды жек көргөн Батыштын исламий өлкөлөрдөгү кызыкчылыктарын жана колонизаторлук пландарын аткарууда.

Ошондуктан, ондогон жылдардан бери кыянатты садакат, ийгиликсиздикти жеңиш катары көрсөтүп келген бул арамза өкүмдарларды кулатуунун убагы келди. Бул болсо, аң-сезимдүү топ Уммат аркылуу өз жолун таап, анын чыныгы өздүгүн билдирген Ислам менен ушул өлкөлөрдөгү саясий майданга башчылык кылышы о.э. Ислам негизинде гана жетектеши аркылуу ишке ашат.

 

Роя гезити, №417, 2022-жыл, 16-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here